Трамп Иранды "талкалайм" деп опузалады

Трамп и Роухани Сүрөттүн автордук укугу AFP/EPA

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Ирандын лидери Хассан Роухани кайым айтышты. Роухани Ак үйдөгүлөрдүн "кемакыл" деп атагандан кийин, Трамп "Твиттер" баракчасына Иранга каршы "күч колдоном" деп опузалап жооп берди.

"Американын базаларына кол салуу болсо, АКШ аскер күчүн колдонууу менен жооп кайтарат. Толугу менен талкалап салууга барабыз. Иран жакшылык менен өнөктөштүктү түшүнбөйт. Мурда дагы түшүнгөн эмес. Тилекке каршы, Иран бир гана күчтү түшүнөт. АКШ болсо дүйнөдөгү эң кубаттуу армияга ээ",-деп жазды Трамп "Твиттер" баракчасына.

АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы жаңы санкцияларды жарыялагандан кийин, президент Хассан Роухани Вашингтонду кескин сындап чыкты.

"Ак үйдүн кадамынан кийин, алардын акылы кем экенин түшүндүм...Тышкы иштер министрине каршы санкция жарыялап туруп, сүйлөшүү өткөрөлү деп чакыргандарын кандай түшүнсөк болот? Алдап жатканыңар так көрүнүп турат. Чын дилиңер менен сүйлөшүүнү кааласаңар, сүйлөшүүлөр болмок",-деп билдирген Роухани.

Ошондой эле Тегеран жаңы санкциялар жарыялангандан кийин маселени дипломатиялык жол менен чечүү жолдорун бууп салды деп эскертти.

"Трамптын администрациясы тынчтык жана коопсуздукду сактоо үчүн эл аралык механизмдерге бөгөт койду",-деп билдирди Ирандын тышкы иштер министри Аббас Мусави.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Тегерандын көчөлөрүндө АКШга каршы маанидеги граффитилерди көрсө болот

Дональд Трамп буга чейин Түндүк Кореяны "жер менен жексен кылам" деп опузалаган. 2017-жылы Ким Чен Ын Трампты "алжып калган абышка" деп атаганы бар.

Бирок бири-бирин шылдыңдаганына карабастан, эки лидер сүйлөшүүлөрүн уланткан. Иран менен АКШ дагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү баштоо ыктымалдуулугун четке кагууга болбойт деп эксперттер.

АКШнын Коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон эмитен эле Тегеранды сүйлөшүүлөргө чакырды. Ошондой эле Болтон Иранды 2015-жылы жетишилген өзөктүк долбоор боюнча келишимдин негизги милдетин же байытылган урандын көлөмөн жогорулатпоого үндөдү. Кызыгы, Трамп администрациясы дал ушул келишимден бир тараптуу чыгып кеткен.

Иранга каршы жаңы санкциялар

АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы жаңы санкцияларды шейшемби күнү жарыялады. Ага ылайык, өлкөнүн жогору руханий лидери Али Хаменеинин жана анын жакындарынын банк эсептери тоңдурулат.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Президент Трамп жаңы санкциялар Иран америкалык чалгынчы дронду атып түшүргөнүнө жооп деп билдирди. Бирок Трамп адинистрациясынын өкүлдөрү санкциялар мурда эле даярдалганын маалымдашты.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф Кошмо Штаттары "дипломатияны жек көрөт" жана "согушка суусап турат" деп айтты.

Соңку айларда эки өлкө ортосунда абал чыңалып, АКШ менен Иран согушка барабы деген коркунуч дагы пайда болду. Эки өлкө тең согушка баруу ниети жоктугун билдиргенине карабай, кырдаал курч бойдон.

Май жана июнда Перс булуңунда бир нече мунай танкерлерине кол салуу болуп, АКШ Иранды айыптап, чөлкөмдөгү аскердик даярдыгын күчөттү.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption АКШ Перс булуңуна кошумча аскердик кемелерин жөнөттү

13-июнда Перс булуңунда Сауд Арабиянын Сингапурга жана Тайванга бараткан эки мунай танкеринде жардыруу болду. Вашингтон танкерлерге кол салууга Тегеранды айыптап жатат. Иран өз кезегинде бул дооматты четке кагууда.

Тегеран сакнциялардан улам июнь айынын аягында 2015-жылы жетишилген өзөктүк долбоор боюнча келишимдин негизги милдетин аткаруудан баш тартаарын жар салган.

Ирандын Атомдук энергия уюмунун башчысы 27-июндан тарта, байытылган урандын көлөмү үч жүз килограммдан жогору болот деп билдирген. Чектөө Иран жана алты өлкө кол койгон келишимде бекитилген болчу. Дональд Трамп 2015-жылы кол коюлган өзөктүк долбоор боюнча келишимден бир тараптуу чыгып кеткен. Тегеран өзөктүк долбоору куралга жетүүгө эмес, атомдук станция курууга багытталганын белгилеп келет.

Перс булуңу - дүйнөдөгү эң тынчы жок аймактардын бири жана соңку 40 жылда бир нече ирет куралдуу жаңжалдар орун алды. Булуңдагы өлкөлөрдүн ар бири этияттап саясат жүргүзгөнү менен кээде чөлкөмдөгү таасир талаштан бири-бирине үстөмдүк кылуу үчүн агрессивдүү кадамдарга барган учурлар болот.

Трамп администрациясынын чоң катасы

Жонатан Маркус, Би-Би-Синин коргонуу жана дипломатия боюнча кабарчысы

"Дональд Трамп бийликке келгенде тышкы саясатта катастрофа болот, деп айрым эксперттер болжогон эле. Анын ордуна көп тараптуу кризис болду. Иранга байланыштуу азыркы кырдаал бул кризистин бардык элементтерин камтыйт: эл аралык келишимдерге карата антипатия, өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн жергиликтүү өнөктөштөргө ашыкча ишенүү, НАТО уюмундагы өнөктөштөрү менен кайым айтышуу, Вашингтондун чыныгы стратегиясын аныктоодогу кемчилик жана негизги приоритеттерди тандоодогу каталар.

Маселен, Трамп башка державалар күч алып жатканда, АКШны дөө-шаа мамлекетке айландырам деген багыт алды. Кытай менен Орусия таасирин кеңейтип жатканда, Вашингтон үчүн Иран менен тирешүү канчалык маанилүү? Тегеран менен касташуу стратегиялык кызыкчылыкка киреби? Иран чынында олуттуу коркунуч жаратабы? Кызыкчылыктарын коргоо үчүн Вашингтондун согушка баруусу керекпи? АКШдагы эксперттер "жок" деп жооп кайтарышууда.

Саясат таануу боюнча адистер АКШнын базалары бутага алынса, жооп кайтаруу керек дешет. Бирок "согуш" жөнүндө сөз кылып, ага кадам таштаганы Трамп администрациясынын чоң катасы экенин айтышууда.

Бир маселени так айтып кетишибиз керек. Согушту эки тарап тең каалаган жок. Согушка "багыт" алды деп сөз кылуу дагы катачылык. Себеби бул ой саясатчылар ага "аргасыздан" барды же "окуялар өзү ошого алып барды" дегенди түшүндүрөт.

Кандай гана тирешүү болбосун, бирөө ошондой чечим кабыл алды дегенди билдирет".

Бишкектеги саммитиндеги Иранды колдогон билдирүүлөр

Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте болгон саммитинде Перс булуңундагы чыңалган кырдаалда Ирандын таламын талашкан билдирүүлөр болду.

Сүрөттүн автордук укугу Official

Иран президенти Хасан Роухани АКШ эл аралык эрежелерди бузуп жатат деп айыптап, Тегерандын экономикалык кызыкчылыктарын коргоого жардам сураган.

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын өзөктүк долбоор боюнча келишимден бир тараптуу чыгып кеткени регионду туруксуздукка алып келгенин белгилеген. Президент Путиндин айтымында, ШКУнун төрагасы катары жана Иран менен келишимге кол койгон мамлекеттердин бири катары, Орусия макулдашуунун милдеттенмелерин аткартууга аракет кылат.

Ирандын лидери Роухани Бишкектеги саммиттин алкагында Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, Бээжиндин да колдоосун алган. Кытай эл аралык жана аймактык жагдайларга карабай Тегеран менен мамилесин өнүктүрө берерин билдирген. Бээжин да Иран менен жетишилген өзөктүк программасы боюнча келишимди урматтоо керек деген позицияны карманууда.

Иран ШКУга мүчө эмес, байкоочу макамында. Анын бул уюмга кирүү аракети көп жылдан бери ишке ашпай келе жатат.

Тема боюнча башка макалалар