Калың Кытайдын кымындай Кыргызстандагы таасири

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен президент Сооронбай Жээнбеков "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жолукту. Кытай төрагасы Бишкекке кечинде келген.

Сүрөттүн автордук укугу DOSALIEV SULTAN

Эки өлкө лидеринин жолугушуусу учурунда ар тараптуу кызматташтык боюнча жыйырмага жакын документке кол коюлат деди Тышкы иштер министрлиги.

«Манас» аба майданынан Си Цзиньпинди президент Сооронбай Жээнбеков өзү тосуп алды

Кытай лидеринин мамлекеттик визитинин алкагында кыргыз-кытай бизнес-форуму өтөт. Андан кийин төрага Си Цзиньпин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Кытай Кыргызстанга насыя берген негизги өлкө. Кытайдын Экспорт-импорт банкына болгон Кыргызстандын карызы 2018-жылдын декабрына карата 1 млрд 719,38 миллион доллар деп айтылган. Бул өлкөнүн сырткы карызынын 44,9 пайызын түзөт.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2017-жылы Кытай кыргызстандык 574 ишканага инвестиция салган. 2013-жылдан 2017-жылга чейин Кытайдан түз келген инвестиция 1768,6 млн долларды түздү.

Салыштыруу үчүн алсак, бул жылдар аралыгында Орусиянын инвестициясынын көлөмү 1035,8 млн доллар болгон.

Сүрөттүн автордук укугу DOSALIEV SULTAN

Борбор Азия өлкөлөрү үчүн чөлкөмдүн коопсуздугун Орусия камсыздап, экономикалык шарттарды Кытай түзөт деген жазылбаган формула бар, дейт Аркадий Дубнов.

Бирок Борбордук Азияда Кытай менен Орусиянын кызматташтыгы эле эмес, атаандаштык саясаты дагы болуп жатканын эске алуу керек.

"Кытайдын мүмкүнчүлүктөрүн бизди коңшулар Казакстан менен Өзбекстан абдан жакшы колдонуп жатат. Салыштырып келгенде Кыргызстан менен Тажикстан Орусиядан өтө эле көз каранды болуп келүүдө. Орусия эмне деп айтса, ошондой саясат жүргүзүүгө мажбур. Маселен, тажик-ооган чек арасында орустар дагы деле турат. Коопсуздукпу же өнүгүүбү дегенде, Кытайдын экономикалык өнүгүү потенциалын колдонуу мүмкүнчүлүгүн коопсуздук жаатындагы көз карандылык токтотуп коюп жатат",-дейт эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул.

Ошол эле убакта бул эки чоң державага карата чөлкөмдөгү ишенбеген көз караштарды дагы белгилеп коюш керек. Ошол эле Орусия башында турган ЕАЭБ беш жыл аралыгында кандайдыр бир ийгилик жарата алган жок.

Кытайга келсек, бир эле Кыргызстан эмес, Казакстанда дагы "кытайга каршы маанай" сакталып келүүдө. Президент Жээнбеков дагы төрага Си Цзиньпин менен жолугушуу учурунда эки өлкө ортосундагы мамилеге тоскоолдук жараткан күчтөр бар экенин айтты.

Сүрөттүн автордук укугу DOSALIEV SULTAN

Ушул себептүү дагы Си Цзиньпиндин "Бир алкак - бир жол" долбоору соңку мезгилдерде акырындап мурдакы популярдуулугун жоготуп бараткансыйт.

Кытай өз долбоору аркылуу Азия, Африка, Европа жана башка аймактарды байланыштырып, соода жүргүзүүнү күчөтүү ыкмасын сунуштаган.

Бирок миллиарддаган долларды талап кылган долбоорго каршылык көрсөткөн мамлекеттер дагы бар. Айрымдар "карыз дипломатиясынан" кооптонсо, башкалары Кытайдын таасиринен тынчсызданат. Кытайдын сырткы саясаты биринчи кезекте узак мөөнөттүү экономикалык кызматташтыкка негизделген. Бээжин албетте, негизги экономикалык кызыкчылыктары жабыркашын эч качан каалабайт.

Кыргызстан үчүн Кытай негизги экономикалык өнөктөш мамлекет деп саналат. Эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2016-жылы 1 млрд. 800 млн. долларга жетип, Орусияны артта калтырды. Расмий маалыматтар боюнча, Кытай 2012-2014-жылдар аралыгында Кыргызстанга 650 млн. юань грант берген. Андан тышкары Кыргызстан "Датка-Кемин" электр линиясынын курулушуна, Бишкек ТЭЦинин жаңылоо иштерине, "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушуна жана башка ири долбоорлорго ири суммада кредит алды. Бирок бул кредиттин артынан Кыргызстанда ызы-чуу болуп, соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Бир катар чоң кызматтагы чиновниктерге Кытайдан алынган насыяны сарамжал пайдаланган эмес деген айып тагылууда. (AbA)

Тектеш темалар