Малчы: Жайлоого 30-40 сантиметр кар жааганда азапты жедик

Кыргызстан Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO/AFP/Getty Images

Өткөн апта соңунда бийик тоолуу аймактарда калың кар жааганы кабарланган эле. Жайлоого эрте чыгып кеткен малчылар чыгымга учурап калганын айтууда. Коомдук сайттарда Ат-Башынын айтылуу Ак-Сай жайлоосундагы малчылар тарткан видео тарады.

Радио, телефон иштебеген бул алыскы жайлоодогулар келип-кеткендер аркылуу гана кат-кабар алып турат. Малчылардын ал абалын сурап Би-Би-Си алыскы Ак-Сай жайлоосунун Көк-Булагын жайлап жаткан Максат Аятбаев менен байланышты. Ал ошол күнкү кар менен суукта кырылган малдарды ээлерине таратканы айылга келген экен.

Максат Аятбаев: Ошол күнү отуз кээ бир жерлерде кырк сантиметр чейин кар жаап жиберди. Жер тунуп эле жатып калды. Аппак, эч нерсе көрүнбөйт. Эки жарым күн дегенде араң кар ээриди. Суукту болсо сурабагыла.

Би-Би-Си: Кар жердин бетин жаап калса, мал-жандыктардын тоют маселеси кандай болду?

Максат Аятбаев: Эптеп, ары жакка, бери жакка айдап жүрдүк. Ал жакка тоют жеткирген деле жан болгон жок. Малдан чыгым болдук, анча-мынчасы өлдү. Эң башкысы өзүбүз аман.

Image caption Ак-Сай жайлоосундагы июнда жааган кар

Би-Би-Си: Жеке сиздин карамагыңыздагы канча баш мал чыгымга учурады?

Максат Аятбаев: Жылкы аябай учат го дедик эле. Биз тарапта ырас жылкы эч нерсе деле болгон жок. Менин короомдон бир уй, бир торпок, 5-6 эчки өлдү. Тирүү калган уйлар деле байкуш азыркыга чейин эмгектери кесилип, көздөрү карыгып кыйналып, азыркыга чейин жаштары тыйылбай ооруп жатат. Уй саабай эле агытып жибердик. Биз ошол жерди алты түтүн жайлайбыз. Чыгым болгон малдын так санын деле билбейм. Болжол менен бододон эле кеминде онго жакындады окшойт. Бул биздин эле тегерек-белдегиси. Майда-баратын айткан жерим жок. Жеке менден 6 эчки, 3 кой, 1 уй, 1 торпок өлдү.

Би-Би-Си: Малчылар өз малына элдин малын кошуп багат эмеспи. Ошондой мал алдыңыз беле же жалаң эле өзүңүздүн малбы?

Максат Аятбаев: Ошо элдин малын алып чыгабыз да. Эл да туура түшүнүп, кабыл алышты. Элге ыракмат.

Би-Би-Си: Мына, 15-16- июнь кайра тоолорго кар жаайт деп жатпайбы. Эскертүүнү уктуңуздарбы?

Максат Аятбаев: Билбейм. Эми ошончо жерге баргандан кийин, кайра көчүп келе албайсың да. Эл көргөндү көрөбүз да...

Би-Би-Си: Негизги жылда эле ушундай кар жаачу беле?

Максат Аятбаев: Бул учурда жайлоого көчпөйт элек да. Айды ортолоп анан көч башталат эле. Быйыл болсо биринен калбай көчкүлө деген эрежени чыгарып салышкан. Айла жок анан көчүп жөнөбөдүкпү?

Би-Би-Си: Ким талап койду?

Максат Аятбаев: Айыл өкмөт да.

Би-Би-Си: Азыр айыл өкмөт кабар алдыбы?

Максат Аятбаев: Ал жөнүндө деле маалымат жок. Бирок, билиптир, элдер менен жолугушат экен дешти. Айыл башчылары барып "бизден күнөө кетти, кечиргиле" дегендей кылышты. Кечиребиз да. Кечирбегенде эмне. Мындай болот деп алар деле ойлобосо керек. Жылда он бештеринде көчүп жүрсөк, быйыл эрте көчкүлө дегени болду да. Болуптур деп эле кеткенбиз. Бирок, менин оюмча жок дегенде айдын беш-ондорунда көчсөк деле болмок деп калдым.

Би-Би-Си: Ушул күндө жайлоо кандай? Көк көтөрүлүп, мал тоюп калдыбы?

Максат Аятбаев: Тоюнуп эле калды. Бирок, баары бир күн суук. Эртели кеч суунун үстү каймактап тоңуп калып жатат.

Би-Би-Си: Сүт, кымыз ичет элек деп чет жактан келгендер барбы?

Максат Аятбаев: Жок, азырынча андай деле жок. Ыркыраган эле суук. Тынбай эле от жагып атабыз, азыр бара коюшпайт го.

Тектеш темалар