Текебаевдин өкүнүчү, күрөшү...

Абакта жаткан Кыргызстандагы белгилүү саясатчы, "Ата Мекен" саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Би-Би-Сиге маек берди. Окурмандарга маекти толугу менен жакынкы күндөрдө сунуштайбыз. Учурда Текебаев абак жайдан которулуп, Улуттук кардиология борборунда дарыланууда.

Өмүрбек Текебаев

"Эл арасында "саясатчылар камалса эле баары ооруп калат" деген ишенбеген көз караш бар. Ошондуктан УКМКнын абагында жаткан учурумда убактысы келгенине карабай даарылануудан баш тартып, дарыгерлерди чакырбагыла деп, бир жыл жүрдүм. Анткени эл туура эмес түшүнөт, "жатса эле ооруп калат" дейт. 2002-жылдан бери жылына эки жолу дарыланып турам. Менде күчтүү аритмия бар. Эски "Москвич", "Жигулинин" мотору бар эмеспи, жүрүп баратып эле өчүп калып, ыйынып жатып кайра жүрүп кетет. Толук өчүп калышы да мүмкүн. Элестүү айтканда артимия да ушундай. Дарыгерлерге ыракмат, буюрса жарым жыл көйгөйү жок жүргүдөй кылып дарылап жатышат",-деди Текебаев ден соолугу тууралуу суроого жооп берип жатып.

Би-Би-Си: Сизди кекчил адам катары мүнөздөгөндөр да аз эмес. Ошол себептен уламбы, сизге соңку сот өкүмүн чыгарган судьяга эркиндикке чыкканда кандай мамиле кылат болду экен деп суроо салгандар бар?

Өмүрбек Текебаев: Кеп менин жеке мамилемде эмес. Биздин көп каталарыбыздын бири - 2010-жылы радикалдуу люстрацияга барбаганыбыз деп эсептейм. Түштүктө жаңжал чыгып кетти, ынтымактуу бололу. Миңдеген кишилерди иштен айдасак дагы ызы-чуу болот деп, люстрацияга барган эмеспиз. Т.Тургуналиев радикал саясатчы. Ал баарын жумуштан кетирели деди. Тургуналиев эмне болуп иштен кетти? Токой чарбасына жетекчи болуп барды дагы "сен коррупционерсиң", "жумуштан кетесиң" деди. Ал беш жүздөй адамды жумуштан кетирген экен. Ошонун баары чогулуп туруп Акүйгө митинг кылып туруп алды. Бишкекте күнүгө контрреволюциялык аракеттер, түштүктө абал тигиндей болуп жатса, Тургуналиев эле жетишпей жатат деп, аны кызматтан четтетүүгө туура келди. Мына ошентип люстрация жасай алган жокпуз. Люстрациянын мааниси эмнеде? Эгер сот реформасын жасайбыз десек, Сооронбай Жээнбеков мыйзамды бузган, акыйкатсыз чечим чыгарган сотторду, прокурорлорду жазалаш керек. Батукаевди бошоткон Эрматовдой(Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов - ред.) болуп бир жерден экинчи жорго чоң кызматка которулуп жүрө берсе, сот реформасы болбойт, соттордун абийири өзгөрбөйт. Эн башкысы, эл ишенбейт! Ошондуктан менин Айбектен (райондук соттун судьясы Айбек Эрнис уулу - ред.) жеке өч алуу планым жок. Бирок сот реформасы масштабдуу жүрсө, ал дагы мыйзам алдында жооп бериши керек деп ойлойм.

Текебаев жана журналист

Би-Би-Си: Учурунда президент болуу максаты сизде да болду. Бул балким, ачык да, купуя да болгондур. Эми ошондой мүмкүнчүлүк сизге дагы бир жолу кайрылып келеби?

Өмүрбек Текебаев: Айтуу кыйын, мен бул тууралуу көп ойлондум. Президент болуу мүмкүнчүлүгү, реалдуу шанс мага бир эмес, эки жолу келген экен. Эки жолу тең пайдаланган жокмун. Эми ал үчүнчү жолу келеби, аны айтуу кыйын. Ыктымалдуулук аз. Кудай деле ооматты бир, эки жолу жөнөтөт дейт го. Үчүнчү жолу жөнөтпөй турганын мен даана билем.

Маек толугу менен жакынкы күндөрдө жарыяланат.

Тектеш темалар