Миллиарддаган доо чакырган уран мыйзамы

Элдин болуп көрбөгөндөй каршылыгын жараткан Кызыл-Омполдогу уран кени Сүрөттүн автордук укугу Empics
Image caption Элдин болуп көрбөгөндөй каршылыгын жараткан Кызыл-Омполдогу уран кени

Кыргызстанда Жогорку Кеңеш уран жана торий кендерин изилдөө, чалгындоо жана иштетүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Бирок ишкерлер чөйрөсү бул мыйзам ишке кирсе, кыргыз өкмөтү миллиарддаган доо төлөп калышы мүмкүндүгүн эскертип жатат.

Жогорку Кеңеш бейшембиде кабыл алган мыйзам долбоорунда уран, торий кендерин издөөгө, чалгындоого жана иштетүүгө бүт өлкөнүн аймагында тыюу салуу каралган. Ошондой эле өлкө аймагына курамында уран менен торий бар чийки заттарды жана калдыктарды алып келүүгө жол берилбейт.

Мурда уран кендерин иштетүүгө 50 жылга чейин же түбөлүк тыюу салуу жөнүндө сөз болгон. Бирок мыйзам долбоорунда мөөнөт көрсөтүлгөн эмес.

Ушул жазда Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө эл ичинде буга чейин болуп көрбөгөндөй катуу каршылык болуп, жарандык нааразылык акциялары чыкканда өкмөт уран кендерин иштетүүнү бүт өлкө боюнча токтоткон эле. Жогорку Кеңеш өз кезегинде уран кендерин иштетүүгө тыюу салган мыйзамды кабыл алуу демилгесин баштаган.

Бул мыйзам кабыл алынгандан кийин өлкөдө уран кендерин чалгындап же иштетип жаткан компаниялар ишин токтотууга тийиш болот.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Кубатбек Боронов уран калдыктары канчалык кооптуу экендигин айтты

Кызыл-Омпол уран кенинде чалгындоо ишин убактылуу токтоткон "ЮрАзия" компаниясы бул мыйзам кабыл алынса, анда кыргыз өкмөтүнө миллиондогон акча доо кое турганын эскертип баштады. Бул жөнүндө Би-Би-Сиге эколог Алик Жанузаков билдирди.

«Кыргызстандагы ЮрАзия» 2010-жылы геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат алган. 2013-жылдын 10-июлунда алган лицензиясы уран, торий, цирконий, темир, титан, фосфор, сейрек кездешүүчү топурак элементтерин жана талаа шпатын геологиялык чалгындоо иштери менен толукталган.

2012-жылдан тартып «ЮрАзия» инвесторлору геологиялык чалгындоо программаларына 271 миллион сом жумшаган.

Image caption Уран кенин чалгындоо жүрөт деген аймактын бир өңүрү

Экологиялык экспертиза эмне дейт?

Кен жайгашкан аймакта элдин нааразылыгы чыкканда өкмөт түзгөн комиссия Кызыл-Омпол уран кенинде экологиялык экспертиза жүргүзүп баштаган. Бирок анын жыйынтыктары расмий түрдө жарыяланган жок.

"Эгерде уран кениндеги ишмердүүлүк адамдардын саламаттыгына жана экологияга зыян келтире турган болсо, анда биз кенди иштетүүдөн баш тартууга тийишпиз. Ал эми мындай тобокелдиктердин жок экендиги аныкталып жана технологиялык процесс толук бойдон коопсуз болсо, анда комиссиянын ишинин жыйынтыгына карап башка чечим кабыл алуу зарыл. Ошондуктан мен комиссиянын дыкат, ачык жана объективдүү ишин камсыздоону тапшырам. Бул менин талабым жана өкмөттүн позициясы», - деген премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештеги сөзүндө.

«Кыргызстандагы ЮрАзия» өз кезегинде радиациялык коопсуздукту камсыз кылган технология менен иштей турганын айтып жатат.

"Таш-Булак чачынды кенинин өзгөчөлүктөрү техникалык жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылууда артыкчылык берет. Чачынды кен пайдалуу кенди камтыган борпоң калдык материалдардын жыйналуусу. Чачынды кен негизги тоо тектеринин кыйроосунун натыйжасында түзүлөт. Таш-Булак кенинде урандын орточо курамы 12 грамм/тонна. Радиоактивдик заттын төмөн өлчөмү радиациялык коркунучтун төмөн деңгээлин камсыздайт. Кендеги орточо табигый радиациялык фон 40 мкР/саат, жеткиликтүү өлчөм болсо 55 мкР/саат. Ошондуктан кенди иштетүүдө радиациялык коопсуздук толук камсыз кылынат жана эч кандай коркунуч жаралбайт",-деп айткан эле Би-Би-Сиге «Кыргызстандагы ЮрАзиянын» директору Светлана Менг.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Уран кенин иштетүүгө элдин каршылыгы катуу болду

Инвесторлордун олчойгон доосу

Бир эле убакта ишкерлер уюмдары уранга тыюу салган мыйзамдын өлкөгө алып келген жоготуулары чоң болот эскертишүүдө. ЖКнын тармактык комитетинде Кыргызстандын ишкерлер союзунун аткаруучу директору Эрлан Ерешеев уран иштетүүгө тыюу салган мыйзам экономиканын бүтүндөй тармагын жок кылып, инвестициялык компенсациянын суммасы 1,5 же 4 миллиард сомду түзөрүн айтты.

Расмий маалымат боюнча өлкөдө уран кендерин чалгындоо жана иштетүүгө 17 лицензия берилгени белгилүү.

Тема боюнча башка макалалар