Ак ниеттиктин триадасы жана "Күнүмдүк жакшылык" деген эмне?

Жарык триада Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Кара ниеттик триаданын мүнөзүнө ээ болуу бизди креативдүү кылат, бирок шумпайлыкка, шылуундукка азгырбай койбойт. Ошол эле учурда ак ниеттиктин триадасы бар, биздин кээ бирибиз табияттан жакшы адам экенибиздин сырын айрым бир деңгээлде ошондон түшүнсөк болот.

Сиз адамдардан биринчи кезекте жакшы жагын көрө аласызбы? Же алардын баары эле жамандык кылганга даяр турат деп ойлойсузбу? Сиз сүйлөшүп жатканда кууланбайсызбы же башка бирөөнү пайдаланыш үчүн сыртыңыздан күлүп жаркылдап турасызбы?

Мына ушул суроолорго кандай жооп бергениңизге жараша сизде "күнүмдүк жакшылыктын" үлүшү канчалык бар экенин аныктаса болот. Адамдын жарык жагына жаңы көз караш менен караган психологдордун ою ушундай.

Ɵзүңөрдөн сурагыла: Адамдар өзү табиятынан жакшы, ошон үчүн ага жакшы мамиле кылуу керек деп ойлоймбу? Дароо жооп бере албайсыңбы? Келгиле, карап көрөлү.

Жыйырма жыл мурун психологдор кара ниеттик триаданын концепциясын сунуш кылышкан жана анын жардамы менен кээ бир адамдар эмне үчүн алдамчы жана башкаларга зөөкүрлүк кыларын түшүндүрүүгө аракет кылып көрүшкөн.

Окумуштуулар ошондон бери таш боор манипуляциялык триада (нарциссизм, макиавеллизм жана психопатия) ар кандай нерселерге - ийгиликтүү карьерага, мамилелердеги проблемаларга, өтө чоң күнөөлөргө кандай тиешеси бар экенин активдүү изилдеп келишти.

Нарциссизм - өзү менен сыймыктануу, менменсинүү жана эмпатиянын жоктугу менен мүнөздөлөт, макиавеллизм - манипуляция менен башкаларды эксплуатациялоону, адепке жат мамилени, өзүмчүлдүктү, куулукту билдирет. Ал эми психопатиянын башкы өзгөчөлүктөрү болуп социалдык жүрүм-турум, импульсивдүүлүк, эгоизм, таш боорлук жана ырайымсыздык эсептелет.

Ошондуктан Нью-Йорктогу Колумбия университетинин профессору Скотт Барри Кауфман адамдын жарык жагына көнүл коюп карап, балансты калыбына келтирүү учуру келди деп чечти. "Адамдар жарык жагын айтпай, жалаң эле жаман жагын ойлой бергени мага оор тийди",-деди ал.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Эгер башкаларга мээримдүү, камкор мамиле кыла алсаңыз, анда сизге да, башкага да жакшы болот.

Кауфмандын теориясы боюнча ак ниеттиктин триадасы адам жөнүндө көп маалымат берген үч мүнөздөн турат.

Бул мүнөздүн ар бири сиздин башкалар менен мамиле түзгөндөгү айрым аспектилерден көрүнөт. Атап айтканда ар бир адамдан жакшыны көрө аласызбы, канчалык кечиримдүү боло аласыз, башкалардын ийгилигине чын ниеттен кубана аласызбы, бирөөлөрдү пайдаланып максатыңызга жеткенден уялбайсызбы, мына ушунун баарын көрсөтөт.

  • Биринчи мүнөз -гуманизм. Адамдын ажырагыс кадыр-баркы жана наркына ишенүү.
  • Экинчи - кантианство. Философ Иммануил Канттын урматына ушундай аталган, адамга шахматтагы пешкадай мамиле кылбай, аны өзүнчө бир инсан катарында кабыл алууну билдирет.
  • Үчүнчү- адамзатка ишенүү, адамдын ниети түбүндө жакшы экенине ишенүү.

Уэйк-Форест Университетинин психологу Уильям Флисон ушул үч мүнөз адамды жакшы кылган нерселерди изилдөөгө жардам берерин белгилейт. Айрыкча, башкалар да жакшы адам экенине ишенүү - эң орчундуу элемент дейт.

"Адам өзүнөн башкалар жакшы экенине канчалык ишенсе, ошончолук алардан жамандык күтпөйт, алар бир жаман иш кылган күндө да аларды жазалагысы келбейт",-дейт Флисон.

"Күнүмдүк жакшылык" сизди курчаган чөйрөгө эле жакшы болбойт. Кауфмандын пикиринде, ким ак ниеттик триадасынын мүнөзүнө көбүрөөк ээ болсо, башкалар менен мамилеге жана жалпы эле өзүнүн жашоосуна ыраазы болот экен.

Алардын өзүнүн кадыр-барк сезими жогору, абийирдүү, кызыкчаак, күйүмдүү, ачык-айрым, кечиримдүү келет, көп жакшылык кылганга умтулат.

Бирок жалаң эле "кара ниет" же "ак ниет" адамдар болбойт. Биздин көпчүлүгүбүздө анын баары аралаш. Кауфмандын сайтынан (англис тилинде) сиз тесттен өтүп, өзүңүздө кара ниет менен ак ниет канча экенин аныктай аласыз. (КС)

Тектеш темалар