Компроматтар кезеги Раиса Атамбаевага келди

Кылмыштуу схема Сүрөттүн автордук укугу Screen shot

Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын чет элдик компаниянын мүлкүн рейдерлик менен тартып алуу кылмышына катышы бар экени жөнүндө иликтөөнү КТРКдан көрсөтүштү. Анда мурдакы биринчи лединин президенттин сотторду караган бөлүмүнө өзүнүн талабын таңуулап, рейдердик басып алууну ишке ашырган айрым кызмат адамдарына колдоо көрсөтүп келгени айтылат.

Иликтөөдө рейдерлик басып алууну ишке ашырган кылмыштуу топко ошол убактагы президенттик аппараттан активдүү колдоо көрсөтүлүп, бардык инстанциядагы соттордун чечимдери жогорку жактагы органдардын басымы жана кийлигишүү астында болгону, соттук чечимдер үчүн ири суммадагы акчалар жана үйлөр тартууланганы айтылат. Рейдерлик кылмышты колдогон чечимдерди чыгарганы үчүн Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Эльвира Жаркеева кызматынан алынып, камакта өзү сурак берип жаткан убагы.

Ошондой эле президенттин аппараттын мурдакы бөлүм башчысы Манас Арабаевдин Раиса Атамбаеванын кылмышка шектүү топтордун кызыкчылыгын коргоп, президенттик аппараттын ишине кийлигишкен учурлары жөнүндө көрсөтмө берип жаткан жери бар. Аталган адам кылмышка шектүү катары кармалып, азыр иши тергөөдө экени белгилүү.

Сүрөттүн автордук укугу Screen shot
Image caption Президенттик аппараттын мурдакы бөлүм башчысы Манас Арабаев инвестордун мүлкүн рейдерлик жол менен тартып алган кылмыштуу топко Раиса Атамбаеванын колдоосу болгону жөнүндө тергөөдө көрсөтмө берип жатат.

"Инвесторлордун мүлкүн тартып алууда судьялар ошол убактагы президенттик аппараттын кызматкери Манас Арабаевдин айтканынан чыгышкан эмес. Ал эми ага тапшырманы ким берген. кызыктын баары ушул жерде. Бизге белгилүү Рустам Мамановдун кылмыштуу тобу менен Бектурсун Айталиев табыштырат. Бектурсун Айталиев Раиса Атамбаеванын кудасы, Айталиевдин кайнежесинин баласы. Раиса Атамбаеванын эгизи Рамил Шагиевдин кызына үйлөнгөн. Тергөөнүн материалдарына ылайык, Бектурсун Айталиев Раиса Атамбаева аркылуу Манас Арабаевди "Арзу" кафесине чакыртып, Рустам Маманов жана анын юристи Юрий Куценко менен тааныштырып, андан ары сот кандай чечим чыгарышы керектигин Куценко аркылуу Арабаевге айттырып турат",-деп айтылат иликтөөдө.

Чет элдик компаниянын мүлкүн рейдерлик менен басып алуу ишинде Атамбаевдин эң жакын кишилери, анын аппарат жетекчисинин орун басары болуп турган Икрамжан Илмиянов, Атамбаевдин мурдакы жан сакчысы Эркин Мамбеталиевдин да аралашканы айтылат.

Алмазбек Атамбаевдин жубайынын бийлик иштерине мыйзамсыз кийлигишүүлөрү жөнүндө мурда кийин эч бир маалымат чыккан эмес эле. Коомчулуктун көзүнө ал салыштырмалуу алганда таза адам болуп көрүнүп, анын дарегине айтылган сын дээрлик жокко эсе эле. Эми мамлекеттик башкы телеканалдын иликтөөсү мурдакы биринчи ледиге карата элдин пикирин жаман жагына өзгөртпөй койбойт өңдүү. Атамбаев президент болгон учурга "үй-бүлөлүк башкаруу" деген жаманатты сөз кошо айтылышы мүмкүн деп жатышат.

КТРКнын иликтөөсү Алмазбек Атамбаев баштаган бийликке нааразы күчтөр Бишкекте каршылык митинг өткөрөрдүн алдында жарыяланды. Бул иликтөө Ак үйдүн санкциясы менен болуп жатканын эске алганда, бийлик Атамбаевдин өзүнүн жана анын жакындарынын мыйзамсыз иштерин жашырбай, бүт элге ашкере кылууну максат кылгандай. Кеп аны жаманатты кылып, элдин колдоосунан ажыратууда жатат.

Атамбаев өз кезегинде "жатып өлгөнчө, атып өл" тактикасын карманып, өзүнүн айланасына бийликке нааразы күчтөрдү топтоп, элди кезектеги революциялык күрөшкө чакырууда. Ал өзүнө жана жакындарына коюлган айыптоолордун баарын ойдон чыгарылган жалаа деп четке кагууда. (КС)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар