Атамбаевдин ойрон болгон планы, маселе жараткан Матраимов

Жээнбеков президенттик иннагурациясы, 24-ноябрь 2019 Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Жээнбеков президенттик иннагурациясы, 24-ноябрь 2019

Жогорку Кеңештин мурунку он бир төрагасы Алмаз Атамбаевдин кыңк этпей анын айтканын аткарган президент жана премьер-министр жөнүндө планы ойрон болду деп билдирүү жасашты. Алар мурдакы мамлекет башчысын өзүнүн актыгын мыйзам чегинде далилдөөгө чакырышты.

Ал арада бейөкмөт уюмдары саясий жүрүштөргө элдин пикирин иликтеп чыкты жана ишенимден калып жаткан мамлекеттик институттарды атады.

Ачык кайрылуу

Парламенттин мурдакы жетекчилери жарыялаган билдирүудө негизинен аракеттеги президент Сооронбай Жээнбековдун саясаты колдоого алынып, Атамбаевге өз чындыгын мыйзам чегинде тергөөдө жана сотто далилдеп алуу чакырыгы айтылат.

"Көп мамлекеттерде бул адатка айланган нерсе. Эгер сен кызматтан кетсең, тынч эле отурушуң керек. Атанын, негиздөөчүнүн ролун аткар. Андан ары мамлекетти курууга көмөгүндү көрсөт. Ошону менен эле миссияң бүтүп калбайт да. Бирок бизде экс-президент кайра эле активдүү кийлигишип жатпайбы", -деди журналисттерге парламенттин мурунку төрагасы Зайнидин Курманов.

Сүрөттүн автордук укугу WIKIPEDIA
Image caption Юридика илимдеринин доктору Зайнидин Курманов

Ошондой эле экс-президенттин аракеттеги өлкө башчысын кол бала кылуу кылуу аракети ишке ашпаганы белгиленет. Кайрылууда экономика, кадрлык саясатта азыр деле кемчиликтер бар экени айтылат, бирок анын баары Атамбаевдин доорунда артка кеткен делет.

Мурунку төрагалар ошондой эле конституциялык реформа керек экендигин, ириде башкаруунун президенттик же парламенттик формасын тактап алуу зарылдыгын айтышты.

Айрым саясатчылардын коомго жик салуу саясатынан чочулашкан спикерлер географиялык жана уруулашып бөлүнүп-жарылбоого үндөштү.

Маселе жараткан Матраимов

Ал арада "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы" сурамжылоо уюштуруп, саясаттагы негизги беш окуяны аныктады. Ал окуялар тикелей же кыйыр түрүндө экс-президентке байланыштуу болуп жатат.

Раим Матраимовдун кызматтан бошотулушу жана кайра ордуна дайындалышы, уран кенинин айланасындагы кырдаал, КСДП партиясындагы ажырым, кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеванын кармалышы жана "Коопсуз шаар" долбоорун ишке киргизүү - быйылкы жылдын алгачкы алты айында кыргызстандыктарды саясатта түйшөлткөн окуялардан болду.

Сүрөттүн автордук укугу Social media

"Булардын ичинен эң көп нааразылык жараткан окуя Раим Матраимовго байланыштуу болду. Бул маселенин өлкөнүн бардык аймактарындагы респонденттердин он пайыздан ашыгы белгилешти. Ош аймагындагы респондеттер бул боюнча көбүрөөк нааразылыгын көрсөтүштү, мисалы ал жактагы респонденттердин 20 пайызы болду", - деди "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы" өкүлү Акылбек Эсенгулов.

Сурамжылоо көрсөткөндөй, калктын бардык эле мамлекеттик институттарга ишеними жок болуп чыкты.

Тизменин башында Жогорку Кенеш, сот системасы жана милиция бар.

Коомдук пикир

Ички саясатта экс-президент Алмазбек Атамбаев маселесинде кырдаал курчуп, айрым саясатчылар коомдо чыңалуу болуп жаткандыгы тууралуу эскертип жатышат.

"Эки ай болду абройлуу Economist басылмаcы Кыргызстанда изилдөө жүргүзүп, Кыргызстан мурдагыдай эле авторитардык бийликтин уландысында болуп, кайрадан эле революциянын эшигинин алдына келип калды деген жыйынтык чыгарып кетишти. Кыргызстандагы СИАР деген изилдөө уюму да бүгүнкү күндөгу коомдук маанай 2005 жана 2010 догудай болуп жатат деп жатат", - деди саясатчы Равшан Жээнбеков.

Мурунку билим берүү министри Чынара Жакыпова дагы коомдук сайттагы баракчасында саясий элита бирин-бирин коркутуп-үркүтүп, бирок азырынча кармап, сурак алып - чечүүчү күрөшкө батынбай турганын жазды.

Эки ыңкылапты башынан кечирген саясатчылар, катуу конфронтацияга биринчи кадам таштагандан коркуп турушат, мыйзам чегинде чечишип алышсын, деди Жакыпова.

Ошол эле убакта экинчи бир эксперттер Атамбаевдин күчү, таасири жана саясий кризистик кырдаал жөнүндө билдирүүлөрдү көбүртүп-жабыртылган пикир деп атап жатышат.

Тектеш темалар