Кыргызстан менен Швейцария кызматташтыгы

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков эртең Швейцарияга расмий иш сапары менен барат. Сапардын алкагында Жээнбеков Швейцария президенти Уэли Маурер жана башка жогорку бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, эки өлкөнүн социалдык-экономикалык кызматташуусу боюнча бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Сооронбай Жээнбеков

Жаратылыш шарттары жагынан Кыргызстанга окшош делип келген Швейцария өлкө үчүн негизги донорлордун бири. Бул мамлекет бир канча жылдан бери Кыргызстанда социалдык-экономикалык багыттагы ири долбоорлорду ишке ашырып, аларды каржылап келет. Жээнбековдун иш-сапары өлкөдөгү жаңы перспективдүү секторлорго инвестиция тартуу, парламенттик демократия курууда тажрыйба алмашуу, эки өлкө мамилесин жаңы деңгээлге көтөрүү максатын көздөй турганы айтылууда.

"Иш-сапардын алкагында алты документке кол коюлат деп күтүлүүдө. Бул экономика, финансы, туризм жана башка тармактар боюнча кызматташуу. Андан тышкары бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда атайын бизнес форум өтөт. Форум Кыргызстан менен Швейцария мамлекетинин ортосундагы соода-экономикалык кызматташуудагы артыкчылыктуу багыттарды аныктоого жардам берет. Ошондой эле Кыргызстанда чыгарылган товарлардын экспортун жогорулатууга шарт түзүлөт",- деди Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков.

Экономикалык кызматташтык

Экономика министрлигинин берген маалыматына ылайык, 2019-жылдын беш айында Кыргызстан менен Швейцариянын товар алмашуусу 4,9 миллион долларга жеткен. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге көп. Учурда экспорттун көлөмү 0,7 миллион доллар болсо, импорттун көлөмү 4,2 миллион долларды түзөт. Негизинен кийиз буюмдары жана күмүш экспорттолот.

"Швейцарияга айыл-чарба продукцияларын экспорттоо эң артыкчылык берилген багыттардын бири. Кыргызстандын айыл-чарба азыктары чындыгында экологиялык жактан таза. Расмий сапардын алкагында өтчү бизнес форумда бул маселе дагы көтөрүлөт",- деди Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков.

Сүрөттүн автордук укугу Valery Sharifulin

Европанын эң тоолуу, мөңгү запастарына бай өлкөсү катары саналган Швейцарияны убагында Кыргызстанга окшоштурган мурдагы президент Аскар Акаев, аталган мамлекет менен кызматташтыкты чыңдап, бир катар программаларды колдоого алган.

Учурда Кыргызстан бул өлкөдөн экономикалык сабак алыш керек дейт эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов.

"Кыргызстан дүйнөдө экинчи экономика саналган Кытай менен чектеш. ЕАЭБге мүчөбүз, бирок андан кандай пайда көрүп жатабыз? Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен "ВСП+" же жалпы жеңилдиктер системасын колдонууга уруксат алган жалгыз өлкөбүз. Берилген мындай мүмкүнчүлүктү толук кандуу пайдаланып жатабызбы? Маселе ушунда. Дал ушул экономиканы өстүрүү жаатында Швейцариядан үлгү алышыбыз керек".

Кыргызстан менен Швейцариянын кызматташуусу өлкө эгемендик алган алгачкы жылдары башталган. Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк сыяктуу уюмдарда Кыргызстан Швейцария башында турган добуш берүүчү топко кирген. Мындан улам Кыргызстан аталган өлкөнүн Борбор Азия мамлекеттериндеги эң негизги шериктеши болуп калды.

Тектеш темалар