С.Слесарев: ЖК токтому юридикалык күчкө ээ эмес, Атамбаев суракка барбайт

Кыргызстандын мурдакы президенти Алмазбек Атамбаевдин суракка барбай турганы белгилүү болду. Анын адвокаты Сергей Слесарев Би-Би-Сиге билдиргендей, алар Атамбаев экс-президент макамынан ажыратылган жок деп эсептешет.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL

Адвокат Сергей Слесарев Жогорку Кеңеш мыйзамды одоно бузуу менен мурдагы президентти кол тийбестигинен ажыратуу токтомун кабыл алганын айтып, Атамбаев эч кандай тергөө сурагына барбай турганын билдирди.

"Биринчиден Атамбаев чакырууну жеке өзү колуна алган жок. Мага белгилүү болгон маалыматтарга ылайык, чакыруу экс-президенттин партиялаштарынын бирине тапшырылган. Бул дагы мыйзам бузуу. Бирок эң негизги мыйзам бузуу, кол тийбестик иммунитетке ээ кишиге чакыруу жибергенинде. Мыйзамга ылайык парламент иштеп жаткан президентке айып коюп, анын ээлеп турган кызматы тууралуу маселе көтөрө алат. Бирок экс-президентти статусунан ажыратуу укугуна ээ эмес. Парламенттин токтомунун эч кандай юридикалык күчү жок болгондуктан экс-президент суракка барган жок".

Адвокаттын айтымында, эми алар Ички иштер министрлигине кат жолдоп, экс-президенттин Баш мыйзамда көрсөтүлгөн кепилдиктерин сактоого чакырганы жатышат.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча Алмазбек Атамбаевди күбө катары бүгүн эрте мененки убакытка суракка чакырган. Атамбаев ага коюлган күнөөлөрдү "ойдон чыгарылган, жөөлүгөн калжырактык" деп атап келүүдө.

"ИИМге эмнеге барышым керек. Мага кагаздар келип жатат, бирок мен аларды кармаган дагы жокмун. Адвокатым бул боюнча иш алып барууда. Бул оюн экенин көрүп турабыз. Бийлик укуктук талаадан чыгып кетти. Укуктун, мыйзамдын жыты дагы жок. Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек эле. Өлкөдө экс-президентке карата ушунча мыйзам бузуулар катталып, укугу тебеленип жатат. Ал эми жөнөкөй элди айтпай эле коеюн",- деди Атамбаев кечээги кайрылуусунда.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди кол тийбестик укугунан ажыраткан эле. Анын иши боюнча парламентте маалымат берип жатып, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Атамбаев өлкөнү башкарган жылдары ыйгарым укуктарынан аша чаап, мамлекеттин кызыкчылыгына оор залака келтирген деп билдирди. Ошондой эле ал мурдагы президенттин ишинде оор кылмыштын белгилери боюнча материалдар жетиштүү экенин айтты.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL

Айрым саясат талдоочулар Атамбаевдин суракка келбей койгонун өлкө мыйзамдарын сыйлабастык деп атап жатышат. Эгер бир нече жолку эскертүүдөн кийин ал суракка өз эрки менен барбаса күч органдары мажбурлап алып барууга укуктуу дейт серепчилер.

"Эгер Атамбаевдин күнөөсү жок болсо ал, мен көрсөтмө бергенге даярмын деп өзү демилге көтөрүшү керек эле. Ошондо эл дагы ага ынанмак жана коомдук пикир дагы ал тарапта болмок. Учурда тергөөгө барбайм деп жатат. Бул Кыргызстандын мыйзамдарын, тергөөнү, укук коргоо органдарын уруп ойнобойм деген эле сөз. Менимче буга укук коргоо органдары өз баасын берет",- деди саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев.

Мунун алдында эле президент Жээнбеков Батукаевдин ишин караган судьяны кызматтан алганы белгилүү болду.

Өткөн аптада Бишкекте мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери чогулган митинг өтүп, парламентти таратуу, өкмөттү кетирүү, саясий куугунтукту токтотуу жөнүндө талаптар айтылган эле. Бирок Жээнбековдун администрациясы буга эч кандай реакция кылган жок. Өлкөдөгү бир катар саясатчылар жана коомдук ишмерлер Атамбаевдин тегерегинде түзүлгөн кырдаал боюнча кайрылуу жолдоп, кырдаалды мындан ары күчөтпөө жана бөлүнүп-жарылууга жол бербөөгө үндөп жатышат.

Тектеш темалар