"Ата Мекен" кандай оппозиция болот?

Жогорку Сот Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра караганы жатат Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Жогорку Сот Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра караганы жатат

Жогорку сот 16-июлда Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карайт. Сотту утурлай, "Ата Мекен" өкүлдөрү лидери абактан чыгарылбаса, партия оппозицияга өтөрүн эскертүүдө.

Мындай мазмунда билдирүүлөр коомдук сайттарда Текебаевдин тарапкерлери бийлик менен ачык соодалашууга барып жатат деген мазмундагы сындарга кабылды.

Дубль 2

Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү жалган экенин далилдеген жаңы жагдайлар боюнча Жогорку сот кийинки аптада Текебаевдин ишин кайра карайт.

Сотту утурлай саясий уюмдун өкүлү Асия Сасыкбаева партия лидерине карата чыккан чечим "Ата Мекендин" мындан аркы позициясын аныктарын айтты:

"Эгер 16-июлда лидерибизге карата адилет чечим чыкпаса, анда биз оппозицияга кетебиз. Анан эмне кылабыз?".

Жогорку Сот Текебавдин ишин биринчи ирээт карап жаткан жери жок. "Адилет" укуктук клиникасынын Текебаев быйыл мартта эле жатак абакка чыгууга укуктуу болчу деген арызын сот 3-майда четке каккан. Соттун андагы чечимин Текебаевдин жактоочулары "жогору жактын буйругу" деп аташкан.

Жаза аткаруу кызматы Текебаев 2020-жылы февралда гана жатак абакка которуулугу укуктуу деп келет.

Сүрөттүн автордук укугу Rasul Usenaliev
Image caption "Ата Мекен" өкүлү Аида Салянова да учурда абакта

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова түрмөдөгү саясатчыны колдоо митингисинде чыккан чечимге жараша "Жээнбеков элди карайт же жерди карайт" деп катуу айтканы эсте.

Салянова учурда өзү да Батукаевдин иши боюнча камакта отурат. Ал тургай, саламаттыгы оорлоп, кыйноого кабылууда деп айтса болот деген билдирүүлөрдү анын адвокаты жасап жатат.

Күчтүү бийликке, күчтүү оппозиция

Негизи Жээнбековдун бийлигине карата "Ата Мекен" башынан лоялдуу мамиле кылып келди. Бирок бакандай эки адамы абакта кала берип, партия эми оппозициялык багытын эстеген өңдүү.

Эми бул жолу да Жогору Соттун чечими "Ата Мекен" лидеринин пайдасына болбой калса, партиянын багыты кайсы күчтөрдү көздөй оойт, кызык болуп турат.

Себеби, учурда Кыргызстанда бийликтин башкы оппоненти - мурунку өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев болууда.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов жакында эле Атамбаевди ультрарадикал деп атады.

Эми алар оппозицияга өтсө, Атамбаев менен мурда "кайнабай келген каны кошулабы" же жокпу, ал да суроо. Бирок атамбаевчил күчтөр Текебаевдин оппозицияга өтүшүн колдойт.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption "Күчтүү оппоциясы бар мамлекеттин келечеги бар"

"Отунбаева оппозиция болом десе да сонун болмок. Бирок ал киши Жээнбековду колдоп жатат. Атамбаевди кошо шыбап берип атат бүгүнкү күнү. Эгер Текебаев түрмөдөн чыгып алып мен - оппозиция болом десе, андан да жакшы болмок. Күчтүү бийликке карама-каршы тура турган, тең ата боло турган оппозиция болсо, ал келечектүү мамлекет болот",- деди саясатчы Равшан Жээнбеков 9-июлда Кой-Ташта сүйлөп жатып.

Токтоо оппозиция

Атамбаевдин тушунда "Ата Мекендин" саясий каршылыгы 2016-жылы 10-декабрда ишке ашкан конституциялык реформадан кийин курчуган мүнөзгө өттү.

Өмүрбек Текебаев референдумга чейин Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы экенин айтып, "бийликти узурпациялоо аракетин токтотууну өз милдети" - деп билерин жарыялаган.

Жыйынтыгында "Ата Мекен" бийликке күчтүү оппозиция болуп, аягы Текебаевдин кармап-камалышы менен аяктаган.

"Ата Мекен" оппозицияга өтсө деле бийлик үчүн коркунуч жаратпайт. Бийлик толук узурпацияланып кетпеши үчүн "Ата Мекендин" тарыхый ролу чоң болду. Анан ошол ролду мындан ары аткара алабы же аткара албайбы ал башка суроо. Анын үстүнө "Ата Мекен" деген күчтүн жарымы эле Текебаев эле да. Эми ал киши азыр камакта отурат, ошого оппозицияга кетсе өзүнүн бир ордун табат, бирок күчтүү оппозиция болбойт го", -деди саясат талдоочу Сейтек Качкынбай.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Талдоочулар "Ата Мекен" токтоо оппозиция болорун болжоп жатышат

Негизи эле Жээнбековго Атамбаевден башка учурда реалдуу оппозиция ким деген суроо чыгууда. Мурунку бийликтин мураскору делип, башында Жээнбеков экс-президенттин оппозициясын "мурастап" калары күтүлгөн.

Бирок иш жүзүндө андай болбоду.

Талдоочулар кийинки жылы өтө турган парламенттик шайлоого карата коюлган тогуз пайыздык босого чек турганда Жогорку Кеңешке күчтүү оппозиция келбейт деп жатышат.

Мындай шартта көчө оппозициясы активдешет, дешет алар.

Тектеш темалар