Тарых музейинен чыккан коррупция, чырдаган саясатчылар

Улуттук тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ат майданды оңдоп-түзөөгө байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча шектелип жаткан Сапар Исаков менен Мира Карыбаевага айып коюлду. Прокурор алар жеке кызыкчылыкты көздөп, мамлекетке ири зыян келтиргенин жана далилдер жетиштүү экенин айтты. Мурдагы өкмөт башчы коюлуп жаткан айыптоолорду четке кагып, аны саясий куугунтук деп атап жатат.

Сүрөттүн автордук укугу RUFAT ERGESHOV
Image caption Улуттук тарых музейи

"Кыңыры иш кырк жылда билинет"

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков аралашты делген кылмыш иши Бишкекте Биринчи май райондук сотунда каралууда. Прокуратуранын маалыматына ылайык, Исаков менен Карыбаева жогорку мамлекеттик кызматты ээлеп турган жылдары ыйгарым укуктарынан аша чаап, өлкөнүн кызыкчылыгына оор зыян келтирген.

"Ысык-Көл облусундагы Бостери айыл аймагында жайгашкан ипподромду курууда Сапар Исаков "Грегори Интернейшнл" компаниясына ылайыктуу шарттарды түзүп берген. Анын кесепетинен мамлекетке 145 959 481,88 сом зыян келтирилген. Улуттук тарых музейинде капиталдык курулуш иштерин жүргүзүүдө Исаков Германия мамлекетинин "Райер" компаниясы менен өз ара сүйлөшүүгө барып, мамлекетти 101 690 800 сомго зыянга учураткан. Жалпылап алганда өлкө 247 650 281,88 сом зыян тарткан"- деп жазылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Исаков менен Карыбаева аларга коюлуп жаткан айыптоолорду четке кагып жатат. Мурдагы өкмөт башчы козголгон кылмыш иштер саясий мүнөзгө ээ экенин айтып, бийликти айыптады.

"Саясий куугунтук"

Адвокат Нурбек Токтакунов мурдагы мамлекеттик кызматкерлер далилсиз, күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен гана оор берене боюнча айыпталып жатат деди Би-Би-Сиге.

"Бул жерде күбөлөрдүн көрсөтмөсү деп айтууга дагы болбойт. Башка айыпталуучулар менен кызматташуу боюнча процессуалдык макулдашуу деп койсок болот. Мисалы, Мамлекеттик курулуш агенттигинин, курулуш иштерин жүргүзгөн фирмалардын өкүлдөрү. Эгер мыйзам бузуу болгон болсо, аларды шектүү катары кармашы керек эле. Себеби түздөн- түз иш алып барган ошолор. Бирок Сапар Исаков менен Мира Карыбаевага каршы көрсөтмө бергендиктен аларды кое беришти. Макулдашууга ылайык аларга жөн гана айып салып коюшат".

Image caption Тарых музейиндеги жыгач мамылар

Башкы прокуратура Улуттук тарых музейин реконструкциялоого жана жабдыктарды сатып алууга бюджеттен бөлүнгөн каражатты мыйзамсыз пайдалануу боюнча кылмыш ишин козгогонуна бир жыл болуп калды. Бул кыңыр ишти убагында Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы чубап чыккан.

"Музейди оңдоп-түзөөдө үч жерден мыйзам бузуу катталган. Биринчиден, Түркия өкмөтү бекер беребиз деген каражаттан баш тартып, Кыргызстандын бюджетинен 1 миллиард 569 миллион сом алып жатышат. Буга биз жок дегенде жыйырма мектеп куруп алмакпыз. Экинчиден, тендер өткөн эмес. Үчүнчүдөн, эмеректер чет мамлекеттен өтө чоң акчага сатылып алынган", -деген эле депутат Каныбек Иманалиев.

Оңдоп-түзөөнүн тарыхы

Тарых музейин оңдоп-түзөө үчүн 2014-жылы Түркиянын ТИКА агенттиги менен кыргыз тарап 15 миллион доллар болгон гранттык макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, Түркия музейдин ичи-сыртын кошуп, эки этап менен оңдоп бермек.

Макулдашуунун негизинде, музейди оңдоо иштери Үркүндүн жүз жылдыгына карата 2016-жылы аягына чыгарылмак.

Бирок ошол учурда кыргыз-түрк мамилесинин солгундап кеткенине байланыштуу сырты бүткөрүлгөн соң, экинчи этабы токтоп калган. Түркия оңдоо иштеринен баш тарткан эмес. Акыркы жоопту күтпөстөн өкмөт ремонт иштерин аягына чыгаруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард 569 миллион сом бөлгөн.

Сүрөттүн автордук укугу RUFAT ERGESHOV

Тарых музейинин жетекчилигинин айтымында, имаратты оңдоп-түзөөгө кеткен эсеп- кысап маселесине алардын жана Маданият министрлигин түздөн-түз тиешеси жок.

Анткени өкмөттүн токтомуна ылайык, акча каражаттары жана келишим түзүү маселелери толук Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан чечилген.

Мамлекеттик курулуш агенттиги музейдин курулуш иштерине 560 миллион 30 миң сом кеткенин айтат. Ал эми витрина, эмерек сыяктуу жабдыктарына, бажы төлөмдөрү менен бардык салыктарды эске алганда 891 миллион 900 миң сом сарпталган. Курулуш иштерин сынактан жеңип алган СМУ 3 курулуш компаниясы жүргүзсө, эмерек жана башка жабдыктар менен германиялык "Райер" компаниясы камсыз кылган.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Музейге сатылып алынган эмеректер

Музейдеги "Барсбек" деп аталган жыгач мамылардын 58 даанасынын ар бир 600 долларга алынганы, андан тышкары консультативдик-дизайнерлик кызмат үчүн 394 миң евро сарпталганы тууралуу маалымат коомдо кызуу талкууга кабылган. Андан тышкары жылкынын сөлөкөтү жана кофе ичүүчү жай сыяктуу курулуштар боюнча дагы бир топ сындар айтылган.

Тарых музейи өткөн жылы 31-августта ачылат деп бирок токтоп калган. Мекеменин директору Кеңешбек Алмакүчүковдун айтымында, музейди ондоп-түзөө иштери толук аягына чыгарылган. Качан ишке бериле турганы азырынча белгисиз.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар