Кыргызстанда ар бир бешинчи түгөй ажырашып кетип жатат

Кыргызстанда ажырашкан түгөйлөр саны жыл санап өсүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматында айтылды. Расмийлердин айтымында, ар бир бешинчи түгөй эки айрылыш жолго түшүүдө.

Мунун бир нече себептери бар. Бирок коомчулукта мамлекет үй-бүлө иниститутун чыңдоого жетишерлик көңүл бурбайт жатат деген сындар айтылууда.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL

Кыргызстанда жыл сайын 9 миңден ашуун түгөй ажырашат. Бул сот аркылуу расмий ажырашкандардын гана көрсөткүчү. Никесин каттатпай жашап жүрүп же соттун кийлигишүүсү жок эки айрылыш жолго түшкөндөрдү эсепке алганда, ажырашкандар саны мындан дагы көп болушу мүмкүн.

"Маселен, акыркы эле беш жылды алалы. 2014-жылы 54 942 нике катталып, алардын ичинен 9 миң 235 түгөй ажырашып кеткен. 2018-жылы 49 579 нике катталып, алардын ичинен 10 миң 434 жуп никесин жокко чыгарган",- дейт Улуттук статистика комитетинин өкүлү Тамара Таипова.

Аял-эркектин үй-бүлөдөгү ролу

Эгемендик алган жылдардан бери үй-бүлөдөгү баалуулуктарга көңүл бурулбай калды дейт психолог Кадиян Бообекова.

Анын айтымында, ажырашууга алып келген негизги себептердин бири аял-эркектин үй-бүлөдөгү ролу алмашып калганында. Көпчүлүк эрен-төрөн албаган менен үй-бүлө институтун бекемдөө эркектин лидерлик сапатынан жана жоопкерчилигинен көз каранды.

Сүрөттүн автордук укугу Hindustan Times

"Эркек лидер боло албаса коомду, үй-бүлөнү сактап калуу өтө кыйын. Маселен, аял киши чечим кабыл алып жатканда сезимге алдырып коюшу мүмкүн. Мындан улам үй-бүлөдө туура эмес маанай, чыр-чатак пайда болот. Эркектин алсыз экенин балдары сезип калса, атасын теңсинбей, кебин укпай, тескерилене баштайт. Эркек өзүн үйдө артыкбаш сезип, жагымсыз кырдаал түзүлөт. Ошондон улам үй-бүлөдөгү ынтымак кетип, сый-урмат жоголуп, аягы ажырашууга алып келет".

Чыр-чатактын балага тийгизген таасири

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Жубайлардын үйдөгү бири-бири болгон ич ара мамилеси баланын жашоосунда чоң ролду ойнойт дейт психологдор. Баланын жан дүйнө тынчтыгынан тартып, анын окуусундагы ийгилиги, келечектеги жүрүм-турумуна чейин ушундан көз каранды. Британия жана бир катар өлкөлөр көп жыл иликтөөлөрдү жүргүзүп, үй-бүлөдөгү жаңжал алты айлык ымыркайдын жүрөгүнүн согуусу өзгөрткөнүн, стресс гормону болгон кортизолдун иштелип чыгуусуна жол ачканын байкашкан.

"Кыргызстанда үй-бүлө бузулгандан кийин көпчүлүк учурда жоопкерчилик эненин мойнунда калат. Бирок андай болбошу керек. Маселен, жалгызбой энелер тарбиялап өстүргөн балдар психологдорго көп кайрылышат. Себеби, аларда туура кеңеш бере турган эркектин мээрими жетишсиз болуп калат. Ал эми үйүндө үрүп чыга турган ити жок болуп, бирок бири-бирин колдоп, түшүнүү менен оокат кыла турган болсо андай үй-бүлөнүн балдары дагы бактылуу жана мээримдүү болуп өсүп чоңоет",- деди Кадиян Бообекова.

Үй-бүлө институтун бекемдөө

Үй-бүлө институтун бекемдөө максатында өлкөдө бир катар бейөкмөт уюмдар иш алып барып келет. Жакында эле Бишкектин чет жакасындагы он жаңы конушта жүз жыйырма жаш үй-бүлө жана жүздөн ашуун кайнене-келин үй-бүлөдөгү чыр-чатакты алдын алууга багытталган окутуулардан өтүштү.

"Мындай окутуулар кайнене менен келиндин же аялы менен күйөөсүнүн кайрадан ой жүгүртүп, жасаган кадамдарына баа берип, конфликттин алдын алууга жардам берет. Аял жолдошума сылык-сыпаа мамиле кылганды үйрөнүшүм керек экен деген бүтүм чыгарат. Ал эми күйөөсү ичкилик ичип алып жөн эле аялымды, балдарымды кыйначу экенмин деген ойго келет. Окутуунун алкагында оңолуп, тынч жашоого өткөн үй-бүлөлөр көп",- деди "Аялдарды коргоо борбору" уюмунун аткаруучу директору Бакен Досалиева.

Сүрөттүн автордук укугу ARYSH

Социологдор үй-бүлөнүн бекемдиги мамлекеттин экономикалык-социалдык абалынан дагы көз каранды экенин айтышат. Кыргызстан сыяктуу жумушсуздук жана миграция кеңири кулач жайган өлкөдө үй-бүлө институтун бекемдөөгө багытталган программалар кабыл алынбаса, келечегинде ажырашуулардын кесепти оор болот дейт бул жаатта иш алып барган уюмдар.