Жээнбековдун Москвага сапары талкуу жаратты

Сооронбай Жээнбековдун Кремлде Владимир Путин менен болгон чукул жолугушуусу коомдо кызуу калкууга жем таштады. Айрымдар муну Орусиянын регионалдык тынчтыкты сактап калуу үчүн жасаган аракети катары баалап жатышат. Ошол эле учурда сапардын максаты кыргыз-орус кызматташтыгын бекемдөө экенин айтып, андан жаман саясат издештин кереги жок дегендер да бар.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин

Сооронбай Жээнбеков Швейцарияга болгон расмий сапары аяктаган соң Москвада болуп, Владимир Путин менен жолугушту. Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, эки мамлекеттин башчылары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда актуалдуу маселелерди талкуулап, ЖККУнун кеңешинин сессиясына даярдыкты сүйлөштү.

"Биз жакында эле жолуктук. Бирок эки өлкөнүн кызматташтыгы кеңири болгондуктан, талкуулай турган маселелер ар дайым көп. Үйүңүзгө кайтып жатып, эки тараптуу кызматташуунун бүгүнкү абалын жана интеграция көйгөйүн талкуулоо үчүн бизге кайрылганга мүмкүнчүлүк тапканыңызга абдан кубанычтамын",- деди Путин.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL

Орток пикир табуу аракети

Эксперттер бул жолугушууда салттуу темалардан тышкары Атамбаев, анын соңку жүрүштөрү жөнүндө да сөз болбой койгон жок деп жатышат. Кремлдеги жолугушуу мурдагы президентке оор айыптоолор коюлуп, саясий маанай өлкөдө чыңалып турган учурга туш келди. Ошондуктан Кыргызстандын азыркы саясий абалы Орусияны тынчсыздандырбай койбойт, дейт саясат талдоочу Марс Сариев:

"Москва Кыргызстанда абал кандай нукка өзгөрөт билбейт. Буга чейин Украина, Армения, Грузия сыяктуу өлкөлөрдө эмне болгону белгилүү. Учурда Казакстанда дагы абал тынч эмес. Атамбаев болсо талаа командирине айланды. Албетте, мунун бардыгы Кремлдин тынчын алып жатат. Буга чейин Орусия эки достун тирешине байкоо гана салып турган. Алардын кармашы канааттандырып келген. Анткени Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы тиреш президентти ийкемдүү кылып, Орусия өзүнүн шарттарын таңуулоого мүмкүндүк түзмөк. Азыр абал башка нукка өзгөрүп кетиши мүмкүн. Жээнбековдун Швейцариядан чыгып, плансыз Орусияга барганына караганда, ал жактан телефон чалган болушу мүмкүн. Буга чейин Жээнбеков Атамбаев сыяктуу эле Москвадан колдоо күткөнү талашсыз. Бул абалда Орусия орток пикир табууга аракет кылат деп ойлойм".

"Жаман саясат издебеш керек"

Кыргызстан качан болбосун Орусиянын көңүл чордонунда экени белгилүү. Бирок ошол эле убакта эки өлкө президентинин жолугушуусунан жаман саясат издебеш керек деп да жатышат.

"Эгер Жээнбеков сөз кылган болсо, өлкөдөгү азыркы саясий абал тууралуу сүйлөшүү жүргөндүр. Бирок Орусия Кыргызстандын ички саясатына кийлигишпейт. Алардын кийлигишкенге укугу дагы, кажети дагы жок"- деди Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиев.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин

Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдин оор кылмыштарга катышы бар деп шек санап, Жогорку Кеңеш аны экс-президент макамынан ажыраткандан кийин өлкөдө саясий кырдаал чыңала баштагандай болду. Ошол убакта Путиндин басма сөз катчысы чырга Москва кийлигишпейт, бул Кыргызстандын ички иши деп билдирүү жасаган. Бирок ага болбой эле Кремлде Кыргызстандагы окуялардын өнүгүшүнө кабатыр маанай болуп жаткансыйт.

Атамбаев бул аптада ИИМдин тергөө кызматынын сурагына баруудан эки жолу баш тартты. Анын адвокаты Сергей Слесарев Жогорку Кеңештин Атамбаевди экс-президент статусунан ажыраткан чечими мыйзамсыз деп билдирүү жасап жатат. Бул чечимдин мыйзамдуулугун караш үчүн Атамбаевдин адвокаты Конституциялык палатага арыз жолдоду.

Айрым эксперттер кыргыз бийлигинин мурдагы президентти суракка алып келгенге күчү дагы, эрки дагы жетерине ишенбей турушат. Анткени, алардын баамында Атамбаев кандай болгон күндө да Кремлдин колдоосунан ажырай элек.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар