Азимжан Аскаровдун иши кайра каралат

Азимжан Аскаров Сүрөттүн автордук укугу ANADOLU AGENCY

Чүй облустук соту 2010-жылдагы кандуу окуяларга байланыштуу айыпталып, өмүр бою түрмөгө кесилген Азимжан Аскаровдун ишин кайрадан караганы жатат. Аскаровдун иши быйыл күчүнө кирген жаңы кодекстердин жана апробация тууралуу мыйзамдын негизинде каралат.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини жакында эле Бишкекке келип, президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда Аскаров маселеси да талкууланган эле.

Жаңы кодекс, жаңы жаза

Жаңы Кылмыш кодексинде кылмыштын 30га жакын түрү жоюлуп же аларга карата жаза жумшартылды. Абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаров аны негиз кылып, быйыл 13-февралда эле сотко өзүнүн ишин кайра кароо өтүнүчүн келтирген.

Жактоочусу Валерьян Вахитов Аскаров милициянын өлтүрүүгө катыштыгы бар деген беренеден башка ага коюлган бүт айыптар боюнча жаза мөөнөтүн өтөгөнүн айтып жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Shohruk Saipov

Адвокат жаңыртылган Кылмыш кодексинде 347-берене - тартип коргоо орган кызматкерин же аскер адамын өлтүрүү беренеси жок экенине көңүл бурат. Аскаровго негизги айып дал ошол берене менен айып коюлган эле.

"Мындай берене жаңы кодексте жок болгон үчүн Аскаровдун иши кайра каралышы керек. Эмне үчүн Чүй облустук сотунда каралышы керек? Мыйзам боюнча ишти акыркы жолу караган сот кайрадан карашы зарыл. Жогорку Сот буга чейин мыйзамдарды бузуп жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кароону облустук сотко жолдогон. Ал соттун чечими акыркы болуп калган", - деди Валерьян Вахитов.

Жаңы Кылмыш кодексинде өмүр бою абакка кесүү чарасы жоюлган эмес, ал 130-берене же адам өлтүрүү кылмышы үчүн каралган.

Эл аралык резонанс

Жалал-Абаддык өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылдагы коогалаңда милицияны өлтүрүүгө жана массалык баш аламандык уюштурууга катышкан деген айыптар менен 2016-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган эле.

Бирок Аскаров өзү азыркыга чейин өзүнө коюлган күнөөлөрдү четке кагып, укук коргоочу катары куугунтукка кабылганын айтып келет.

Сүрөттүн автордук укугу Official

Анын соттук иши эл аралык деңгээлде резонанс жаратып, БУУ баштаган эл аралык уюмдар, АКШ, Евробиримдикке кирген айрым өлкөлөр Аскаровго карата чыккан сот өкүмү туура эмес болгонун белгилеп, аны бошотууга чакырышкан.

Соңку жолу Аскаров маселеси Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини тарабынан ал Бишкекке келгенде көтөрүлгөн.

"Укук коргоочулар, эксперттер жана эң башкысы күчтүү эл аралык сегиз укук коргоо уюму Могерининин Кыргызстанга сапары алдында ага Аскаров маселесине көңүл бурууга чакырган. Себеби, кылмыш материалдарында милициянын өлүмүнө катыштыгы тууралуу бир дагы факт жок болуп атат. БУУ Адам укуктары боюнча комитети да ал кокусунан кармалып калган окшойт деген чечим чыгарган жана Аскаров боштондукка чыгышы керек деген рекомендациясын берген", -деди "Бир дүйнө-Кыргызстан" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова.

Саясий фигурага айланган укук коргоочунун айынан Кыргызстан, Алмазбек Атамбаевдин тушунда, Кошмо штаттары менен кызматташтык келишимин бир тараптуу денонсациялаган эле.

"Мыйзам баарына бирдей"

2010-жылы Бишкек-Ош каттамынын 550-чакырымында мыйзамсыз жол тосуу болуп, ал жерде топтолгондор куралсыз милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, он чактысы жеңил, ал эми бир милиция кызматкери - Мыктыбек Сулайманов оор жараат алып, жаалданган адамдар кылмышын жаап-жашыруу максатында анын сөөгүн өрттөп жиберишкен. Аскаров ушул кылмыш боюнча кармалып, күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

БУУнун сунушу менен Чүй облустук соту 2017-жылы жаңы ачылган жагдайлар боюнча Аскаровдун ишин карап, бирок мурунку чечимдерди күчүндө калтырган.

Жабырлануучу тарап Аскаровдун ишинин эми дагы кайра каралышын эп көрбөй жатат.

"Мыйзам деген баарына бирдей. Буга чейинки сот өкүмдөрү бар да. Эмне райондук сот башка жактын мыйзамдары менен карады беле. Базар-Коргон райондук сотунун чечими бар. Жалал-абад облусттук сотунун өкүмү бар. Туура чечим кабыл алышкан. Жогорку Сот да чечимди башка жактан алып чыгарган жок да. Ошол чечимдерди дагы бир жолу карап туруп, бир ыктай чечип беришсин", -деген эле жабырлануучу тарап өкүлү Гүлнара Жусупова.

Аскаровдун иши кайрадан кароо Чүй облустук соту тарабынан 16-июлга белгиленип, бирок биринчи отурум 30-июлга жылдырылды.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар