Жакырларга жардам берүү долбоору сунушталууда

Калктын жакыр жашаган катмарына бир жолку акчалай жардам берүү иштери быйыл башталат деп күтүлүүдө. Токтомдун долбоору коомдук талкуудан өтүп, учурда өкмөттүн кароосуна даярдалып жатат. Социалдык өнүгүү министрлиги долбоорду августта ишке ашырууну пландоодо, бирок алгач өкмөттүн колдоосуна ээ болуусу керек экенин айтышууда.

Image caption Кыргызстанда 1 миллион 429 киши кедей турмушта жашайт

Өлкөнүн социалдык өнүгүү министрлигине жардам сурап кайрылгандардын санын күнүнө ондоп саналат. Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1 миллион 429 киши жакыр турмушта жашайт. 97039 үй-бүлө аз камсыз болгон деп табылып, 307 697 бала жөлөкпул алат.

Динара Эрмакова алты баланын энеси жана социалдык жардамга муктаж жарандардын бири. Ал өзүнүн бизнес долбоорун жазганына көп болгон. Бирок каражаттын жоктугунан ишке ашыра албай келет.

"Биринчиси, балдарым кичине болгондуктан үйгө тоок алып баксамбы дедим эле. Аны көбөйтүп, этин, жумурткасын сатып оокат кылсам деген планым бар. Бизнести пландоо боюнча окуудан дагы өткөм. Экиниси, кулинардык азыктарды даярдаган чакан цех ачуу. Бул тармак боюнча дагы билимим бар".

Image caption Кыргызстанда 307 697 бала жөлөкпул алат

Социалдык колдоо долбоору

Учурда Динара сыяктуу чакан ишкана ачып, турмушун жакшыртууга белсенгендерге мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Социалдык өнүгүү министрлиги жарды, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жүз миң сомго чейин акчалай жардам көрсөтүүнү пландоодо. Мындай каражатты иш менен камсыздоочу бизнес өкүлдөрү дагы алса болот. Алар менен өкмөттүн ортосунда атайын келишимге кол коюлуп, жардам алган тарап акчаны максаттуу пайдаланууга милдеттеме алат. Жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө үч жыл аралыгында чакан бизнесин түптөп, жакырлардын тизмесинен чыгуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.

"Биз каражатты берип коюп эле карап туруп калбайбыз. Эки комиссия иш алып барат. Андан тышкары берилген мөөнөт аяктаганга чейин үй-бүлө акчаны кайсыл жакка сарптады, эмне иш кылып жатат бардыгы көзөмөлгө алынып турат. Бизге чакан ишкердик кылат элем, деп кайрылып жаткандар абдан көп. Алардын бизнес долбоору дыкат каралып, текшерилип чыгат",- деди Социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлү Асел Кемелова.

Социалдык долбоорго катышууну көздөгөн бизнес өкүлдөрдү дагы арбын. Мындай шартта бир жолу берилүүчү социалдык жардам жарандарга эмес, мекеменин эсебине которулат. Ал эми мекеме жакыр же аз камсыз болгон үй-бүлө мүчөлөрүн туруктуу иш менен камсыздайт.

"Бул жерле чакан жана орто бизнес өкүлдөрү өздөрү кызыкдар. Маселен, кийим тигүүчү цехти эле алалы. Ал жакта эмгектенгендер каалагандай иштейт. Кааласа бир ай иштеп кетип калат. Кааласа он ай иштеп кетип калат. Ал эми биздин долбоор боюнча ишке орношкондор келишимдин негизинде, тиешелүү бир мөөнөткө чейин деп ишке алынат. Тагыраагы, иш берүүчү туруктуу жумушчулар менен камсыз болуп жатат",- дейт Асел Кемелова.

Социалдык жардам, айлык жөлөкпулдан тышкары берилет жана кайтарылбайт. Бирок жаран келишимдин шарттарын аткарбай, каражатты максатсыз пайдаланган болсо, акчаны төлөп берүүгө аргасыз болот.

Коомдо аталган долбоорду сынга алып, жүз миң сом менен чакан бизнес ачып, жакырчылыктан чыгып кетүү мүмкүндүгү өтө төмөн дегендер дагы жок эмес.

Тектеш темалар