У. Жаанбаев: Солтон-Сарыдагы мал жардырууга көнгөндөн кийин үркпөй калат

Солтон-Сарыга канатташ тоо кыркасы
Image caption Солтон-Сарыга канатташ тоо кыркасы

Соңку күндөрү Нарында жайгашкан Солтон-Сары жайлоосундагы алтын кендин айланасындагы талкуу кызыды. Жергиликтүү чабандар бир нече видео тартып, алар интернетке желдей тарап жатат. Тасмада бир нече майда жандык өлүп же чала жан жатканы көрсөтүлгөн.

Айрым маалымат агенттиктери Мамлекеттик экотехинспекциясынын кызматкерине шилтеме берип, аймакта суу менен топурак таза деген жыйынтык тууралуу жазып чыгышты.

Би-Би-Си Мамлекеттик экотехинспекциясынын Нарын облусундагы жетекчиси Улан Жаанбаевге кайрылып, топурак менен суу таза деген тыянакты эмнеге таянып маалымдаганын сурады.

У. Жаанбаев: Токой чарба департаменти анализ алып кетип, таза деген жыйынтык анализдин негизинде чыкты. Биз ал маалыматты эки күн мурун алганбыз - топо, суу таза чыкты. Ошол маалыматты бердик да. Кечээ да баардык анализдер кайталап алынды, ал дагы жөнөтүлөт.

Би-Би-Си: Кечиресиз, Абдыкалык Рустамов жетектеген мекемени айтып жатасызбы?

Сүрөттүн автордук укугу Жергиликтүүлөр тартып, интернетке жарыялаган сүрөт
Image caption Солтон-Сарыда малдар жайытта эле өлүп жатат деген кабар бир топторду кабатыр кылды

У. Жаанбаев: Ооба, дал ошол башкармалык.

Би-Би-Си: Эми тактап алсак, биз А. Рустамовдун өзү менен да байланыштык. Ал киши "биз буга чейинки жыйынтыктарды билебиз, бүгүн ошол жерге барабыз" деп айтып жатпайбы?

У. Жаанбаев: Ал мекеменин кызматкери бизге байланышып, эки күн мурун ошол жакка жөнөшкөн.

Би-Би-Си: Макул, алар сиз айткандай чыгып кеткен болсо, таза деген жыйынтык тез эле аныкталып калдыбы?

У. Жаанбаев: Айлана-чөйрөнү коргоо мекемесинен буга чейин алынган маалыматты бердик.

Би-Би-Си: Демек, айрым бир маалымат каражаттары суу, топурак таза деп жазып жатканы бул буга чейинки маалымат экен да, туурабы?

У. Жаанбаев: Ооба, буга чейинки маалымат.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Улан Жаанбаев

Би-Би-Си: Учурдагы текшерүүлөр эми даярдалып жатат туурабы?

У. Жаанбаев: Эми кетип жатат. Баары текшерилет.

Би-Би-Си: Демек, кечээ сиздер топурак, суу боюнча мал өлүп жатат дегенге чейинки жыйынтыкты айтып берген турбайсыздарбы? Туурабы?

У. Жаанбаев: Мал өлүп жатат дегенге чейинки жыйынтыкты берип жатабыз. Малдын өлүмү боюнча текшерүүдө тармак болуп бөлүнүп алып бүт анализдеп, лабороториялык изилдөө үчүн алып жатышат. Жанагы өлгөн малдар да союлуп, текшерилет. Ал жерде негизинен козулар өлүптүр.

Лаборатория өлкөн малды текшерип, алар натрий жана мышьяктан өлгөн деп жатат. Бул эки зат жардырууга эч кандай колдонулбайт. Муну мага менин орун басарым да телефон чалып айтты. Ал өзү эколог. Аларга субподрячик фирма эмнени колдонот, кандай колдонот, ар бир айыл өкмөттөн экиден өкүл алып барып көрсөтүп берди. Бул кыргыздардын фирмасы. Менин орун басарым айткандай, ал жерде азырынча эч кандай бөтөн зат аныкталган жок.

Төмөндө социалдык тармактарга тарап жаткан видеолордун бири:

Би-Би-Си: Улан ага, ал жерде убагында ондогон жылдар бою колхоздун малы, кийин жөнөкөй чабандардын малы жайылып келген эмеспи. Анан кен иштелип башталганга чейин тынч турган жерде эми натрий, мышьяктан мал өлүп баштадыбы? Жооп ишенимдүүбү?

У. Жаанбаев: Мениин дагы малым бар. Натрий, мышьякты бергенден кийин мал, козу өлүп жатат. Бул жерде козу өлүп жатат, кой эмес. Азыр ичеги, карындын мите курттарына каршы козуларга мышьяк берип жаткан учур. Ошол себеп болуп калышы ыктымал деп жатабыз. Санитардык бөлүмдө ошонтип айтып жатышат.

Би-Би-Си: Малчылар койду күпкөгө салгандан кийинки кадамдарды, ичеги- куртуна дары бергенден кийин канча убакыт суу бербөө зарыл деген эрежелерди өздөрү деле билип, сактаса керек?

У. Жаанбаев: Билет. Сиз Солтон-Сарыга барып көрдүңүз беле? Жайдак жер да. Ал жерде короо деген жок. Короону да зым менен эле тосо коюшат эмеспи.

Би-Би-Си: Жайлоонун баары эле ошондой зым короо да. Ал жерге эч ким сокмо сокпойт эмеспи?

У. Жаанбаев: Суроо чыгат да. Эмне үчүн кой өлбөйт? Анткени койго мышьяк берилбейт. Аны билесиз да. Ал козуга берилет. Азыр эми бул боюнча аныктап жатышат. Тактап чыгышса дагы көрөбүз. Борбордук аппараттан барышат, бүт баарын аныкташат. Дагы комиссия жиберип, тиешелүү адистерди кошуп жатабыз. Бирок биз ал жерди пландан тышкары текшерүүгө алыш үчүн экономика министирлигенен уруксат алышыбыз керек. Биз ошону күтүп жатабыз. Бирок бизге элден бир да арыз түшө элек, бир дагы.

Төмөндө социалдык тармактарга тарап жаткан видеолордун бири:

Би-Би-Си: Бир дагы арыз келе элекпи?

У. Жаанбаев: Жок, интернеттен эле алынган маалымат боюнча азыр байкоо иштери жүргүзүлүп жатат. Байкоо иштери буга чейин эле губернатордун көзөмөлү астында жүрүп келген. Биз тапшырмалардын баарын аткардык. Тиешелүү каналдар курулду, сууга трубалар коюлду дегендей.

Би-Би-Си: Буга чейин эле эскертүү берип келгениңиздерди айтып жатасыз. Кандайдыр бир айып пулдар салынганбы? Салынса өлчөмү канча эле?

У. Жаанбаев: Эскертүү берилген. Биз аларды текшерип барган жокпуз. Элдер көтөрүлгөндөн эле түшүндүрүү иштери менен барганбыз. Ишкердикти текшерүү боюнча мыйзам бар да. Мыйзам боюнча жылына бир эле жолу текшеришибиз керек.

Би-Би-Си: Текшербесеңиздер анда кантип эскертүүлөрдү бердиңиздер?

У. Жаанбаев: Биз ошол жерден ооз эки эле бергенбиз. Себеби биз байкоочу болуп гана барганбыз.

Сүрөттүн автордук укугу Кыргызалтын
Image caption Кыргызалтын ишканасынын расмий сайтынан алынды

Би-Би-Си: Солтон-Сарыдагы жардыруу деп тартылган видео интернетке тарап жатат. Анда абада уюлгуп турган коюу түтүндү көрүүүгө болот. Бул туура элеби?

У. Жаанбаев: Ооба, туура эле. Мен убагында кен казуу боюнча Кумтөрдөгү мамлекттик комиссияда да иштегем. Адистердин арасында жүрүп үйрөнгөм, көргөм баарын. Бизде селитра кошуп, солярка менен жардырып жатат. Жардырганда өңү эле кызыл, ал абага учуп жатат деп мага орун басарым айтты. Ал эколог. Интернеттеги видеону көрсөңүз цианид деп жатат. Цианид алтынды бөлүп алаарда колдонулат. Бул жерде цианид деген жок.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Жергиликтүүлөр Солтон-Сарыда тартып алган сүрөт

Би-Би-Си: Саналуу күн мурун ошол жерге канатташ жайлоого барганымда малчылар жарылуудан жылкылар үркүп, мал токтобой жатканын айтып берди эле. Бул канчалык негиздүү?

У. Жаанбаев: Ал жерде жарылат, жардыруу иштери болот. Мал үркөт. Убагында үркөт. Көнгөндөн кийин үркпөйт. Мисалы, Кумтөрдө да жардыруу иштери бар. Эчки, теке, аркар, кулжа баары жүрөт. Башында алар да аябай үрккөн. Талаанын малы машиненин сигналынан үркөт, а Кочкордун малы үркпөйт.

Би-Би-Си: Кептин ток этээри ошол жардырууга көнүп калганга чейин чабандар малдарын карап, көндүрүп алса болот, чочуй турган эч нерсе жок деп жатасыз. Туурабы?

У. Жаанбаев: Чочулап жатышкан, бая күнү жыйналышка катышкандар да "көздөн жаш агып, малдардын көздөрү көрбөй жатат"деп айтышты. Ал ооруу биздин өйдөкү зонада болуп жатат, малдар ооруп жатат. Кадимки эле боло келген оорулар жүрүп жатат. Эл эми эки жүздөн ашык кой өлдү деп жатат. Коомдук уюмдардын айтканына караганда 28 баш мал өлгөн экен. Ошонун ар бирин санап жүрүшөт. Кайсы короодон, канчалык жакын короодон, эски өлүкпү, жаңы өлүкпү бүт тактайбыз дешти. Козулар өлүп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Сүрөттүн автордук укугу FREDERIC J. BROWN/AFP/GETT
Image caption Солтон-Сарыда койдон тартып, топозго чейин багылат

Би-Би-Си: Арасында койлор деле бар экен го? Эгерде жардырууга мал үркө тургандай кубаттуу болсо, анда ошол эле малчыларды ошол жерден бир аз оолагыраак олтургузууга болот беле? Көч маалында бул боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек беле?

У. Жаанбаев: Ал жардыруу деген кечки жети жарымда болот экен. Анан малдар үркүп короого келди дейт. Жети жарымда мал деген үркүп корооого келбегенде кайда бармак эле?

Бир топ маселе бар. Эмгек маселеси боюнча дагы бар. Өзүбүздүн жарандар да күнөөлүү да. Эмгек келишимин түзбөй кантип ал жерге ишке кирет? Министирлик уруксат берсе атайын текшерүүгө алалы деп жатабыз. Борбордук аппараттан, ГАОСтон адис сурайбыз. Ар бир нормасы боюнча, ар бир иш боюнча бүт баарын текшерип, мыйзам бузууга айып пул салабыз.

Би-Би-Си: Сиз ичеги-курт, мителерге каршы дарыдан мал өлүп жатышы ыктымал деп калдыңыз. Эми ошол жообуңуз малчыларды ынандыра алат деп ойлойсузбу?

У. Жаанбаев: Эми азыр эл ынанбайт да.

Би-Би-Си: Анда эмне кыласыздар?

У. Жаанбаев: Кайра мамлекеттен акча каражатын чечтирип, ГАОСтон, жеке менчик, эл аралык комплекстүү экспертизага жөнөтүш керек. Биздин милдет ошол жерден топурак, сууну, жардырудан калган калдыктардын барын топтойбуз дагы экспертизага беребиз.

Би-Би-Си: Мына сиз бир жагынан жетекчи катары, экинчи жагынан комиссиянын мүчөсү катары иш алып барып жатасыз. Жергиликтүү калк арасындагы маанай кандай?

У. Жаанбаев: Бир кылка эмес, ар кандай маанай болуп жатат. Түшүнгөндөр бар, түшүнгүсү келбегендер болуп жатат. Былтыр, мен жетекчи болуп келе электе эле жүз он миллион сом мамлекеттик бюджетке төгүп бериптир. Эл макул болуп, ошондо колдоп берииптир. Эки айыл өкмөткө социалдык пакетин бериптир. Эми ал акчаларды эмне кылабыз, кандай кылабыз белгисиз болуп жатат. Эми ал акчалар деле пенсия, пособиеге кетти да.

Эгерде Нарын районунун ар бир айыл өкмөтүн карасак, өлгөн койлор ондоп саналат. Даана ошондон өлгөнүн аныктап берсе, анан ошонун составында эмне зат бар экенин тактап чыкса, ошондо гана чечим чыгарууга болот. Натрий, мышьяк алтын чайкап өндүрүүгө колдонулбайт. Биздин директор дагы тапшырма берген. Ал жерде калдыктардын жайын жылдыруу маселесин дагы келип көрүшөт. Суусун чыгарып беребиз дешкен, суусун мына чыгарып беришти.

Би-Би-Си: Суу чыгарып берип деп калдыңыз, ал жерде атайын машина менен суу ташып берип жатканын айтып жатпайбы?

У . Жаанбаев: Жерден бургулап, суу чыгарышты. Аны үйгө чейин ташып бергиле деп талап койгон экен. Мен билгенден 8-9 түтүнгө ташып жатышат.

Би-Би-Си: Демек, алар мурун ичип жаткан суу булгана баштагандыктан башка жерди көзөп, ошол жерден суу чыгарып, ташып берип жатат деген сөзбү?

У . Жаанбаев: Ооба, тиги жерден машине сууну кечип чыгат да, суу ошондон ылайлап жатат.

Тема боюнча башка макалалар