Атамбаевдин качат-кайтат сапары

Талдоочулар Кремль Атамбаевди калып калууга үндөйт деп жатышат Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Талдоочулар Кремль Атамбаевди калып калууга үндөйт деп жатышат

Мурунку өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев шаршембиде Орусияга уча турган болуп жатат. Талдоочулар Кремль аны калып калууга үндөйт, болбосо Кыргызстанга келери менен аны аба майдандан эле кармап кетүү тобокелчиги бар экенин эскертип жатышат.

Себеби, Атамбаевге карата бийлик болгон сабырдуулугун көрсөтүп бүттү дешет.

Президенттик кызматтан кеткени Атамбаев Орусияга былтыр октябрда барган. Анда дагы Атамбаев ал жакта калып калат деген божомолдор айтылган.

"Атамбаевдин экинчи деми"

Учурда Атамбаевге ыктаган саясатчылардын бири, экс-депутат Равшан Жээнбеков мурунку өлкө башчысынын Москвада калып калуу планы жок деди.

"Аны менен азыркы күндө тыгыз байланышта сүйлөшүп аткан, оппозициялык маанайдагы кандайдыр бир идеяларды талкуулап аткан адам катары айта алам. Атамбаев Моcквада калып калбайт. Атамбаевге, анын бала-чакасына, тегерегине куугунтук болуп атат. Анын мүлкү, банктык эсептери камакка алынды. Өмүрүн арнаган саясий иши, максаттары, пландары, экс-президенттик макамын кошкондо, бардыгы жокко чыгып атат. Анын Москвада калып калса, буга макул болуп калат дегенди түшүндүрөт. Атамбаевдин мүнөзүн билген адам катары айтат элем, ал эч убакта буга жол бербейт".

Равшан Жээнбеков бийлик мурунку мамлекет башчысына карата чечкиндүү аракеттерге бара албайт деген ишенимде:

"Бийлик камай албайт. Себеби, Атамбаевдин Москвага барышы, саясатчы катары анын экинчи деминин ачылышына түрткү болот. Анын саясий позициясы Москвага барып келгенден кийин кескин түрдө өзгөрөт. Ал бийликке мындан да көбүрөөк баш ооруларды жарата баштайт".

Сүрөттүн автордук укугу Sultan Dosaliev
Image caption Алмазбек Атамбаев презиент кезинде тышкы саясатта Орусияга басым жасап келди

Антсе да Атамбаевге карата мындай прогноз канчалык негиздүү? Үч жолу суракка баруудан баш тарткан Атамбаевге дүйшөмбүдө тергөөчүлөр ички иштер министринин орун басарын баш кылып, жеринде сурак алууга барышты.

Бирок Атамбаев анда да чыкпай, бүгүн Азиза Батукаев тууралуу бардык суроолорго сурак формасында эмес, жазуу түрүндө ММК аркылуу жооп берерин шарт коюп чыкты.

Эми логикага салсак, ага карата кийинки чара - күчтөп суракка алып келүү эле калгандай.

Орусиянын Атамбаевге "карызы"

Профессор, саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев мурунку өлкө башчысынын Орусияга барам дегенинин өзү эле анын акыбалы оорлоп атканынан кабар берет деген пикирде.

"Башка бир да жерге бара албайт, болбосо коркот. 2010-жылдан кийин Атамбаев Орусияга эки чоң убада берип, экөөнү тең аткарды: америкалык Ганси авиабазасын чыгарды жана өлкөнү Бажы биримдигине киргизди. Ошол себептүү, Атамбаевдин тагдырына Орусия кайдыгер болбойт болуш керек. Чоң саясатка кийлигишпе деп коюшу толук мүмкүн".

Серепчи, учурдагы жагдайларды эске алып, мурдагы өлкө башчысы кайра кайтып келерине көп ишеңкиребей турат.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Атамбаев Кызыл-Кыядагы спорт аянтчасынын ачылышында. 9-ноябрь 2016-жыл

"Атамбаев кайра келбейт деген тыянак чыгарсак болот. Анын себептери өтө көп: жеке себептер да болушу мүмкүн, ден-соолук дегендей, бизнес кызыкчылыгы. Орустар деле айтат: бир келгенге жардам бердик, кайра барсаң өзүң бил деп. Ошол үчүн кайра келгенге аракет деле кылбайт болуш керек".

Ошентип, Алмазбек Атамбаевдин Орусияга барам деген билдирүүсү анын тегерегиндеги кезектеги талкууларга жем таштап жатат. Бирок мындай талкуулар 2018-жылы да болгон эле.

Дубль 2

Былтыр октябрда Атамбаевдин Москвага азиялык саясий партиялардын жыйынына катышууга жөнөй турганы жарыяланып, экс-президент саясий сапарга жамынып, ошондон ары качып кетиши мүмкүндүгү айтылган. Сапар алдында президенттик аппараттын жетекчи орун басары болуп иштеп, Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири болуп келген Икрамжан Илмиянов Орусияда камакка алынган эле.

"Кээ бирлер чыкса чыгып кетип, тынч жатсын деп да айтып жатат. Бирок бир нерсени билип коюш керек. Атамбаев тынч жаткыдай МГУнун профессору же Бакиев эмес. Бул кишинин кулк-мүнөзү такыр башка. Чет жакта жатып алып Кыргызстанга будуң-чаң салып, тынчтык бербей коюуга бул кишинин каражаты да жетет",- деген эле анда коомдук ишмер Эдил Байсалов.

Эгемен Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевди 2005-жылы өткөн ыңкылаптан кийин Орусия өз канатына катып, 2010-жылдагы Апрель окуяларынан кийин экс-президент Курманбек Бакиев Беларуста баш калкалап келет.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Арашандагы Курман айтта, 12-сентябрь, 2016-жыл

Алмазбек Атамбаев буга чейин интервьюларында ал экөөнөн айырмаланып, Кыргызстандан качпасын кайталап келди. "Мени Кыргызстандан биротоло учуп кетип, өлкөмдү мындан ары да жок кылууга жол берет деп ойлобой эле коюшсун. Андай болбойт, мен ага жол бербейм. Бул менин өлкөм, мекеним. Мен бул жерде калам", - деген эле Кой-Ташта мындан саналуу күн мурун мурунку мамлекет башчысы.

Кримтөбөлдүн абактан бошотулушу, Бишкек Жылуулук электр борборун, Тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү, баш калаага көмүр сатып алуудагы коррупция, мыйзамсыз жер алуу сыяктуу беш чоң кылмышка аралашкан деген негизде Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыраткан.

Тектеш темалар