Санаага салган салык саясаты

Көмүскө экономика көрсөткүчү 2017-жыл үчүн дээрлик 24% түздү Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Көмүскө экономика көрсөткүчү 2017-жыл үчүн дээрлик 24% түздү

Быйыл Кыргызстанда салык жыйноодо соңку сегиз жылда алгачкы жолу өсүш болгон жок. Экономика министрлиги салык жыйымы 3,5 миллиард сомго аз болду деп, аны көмүскө экономикадагы салыктык жоготуулар менен байланыштырды.

Бирок Салык кызматы салыктан 1,5 миллиард сом гана чогултулбай калганын айтып жатат.

Салыктан түшкөн каражат эмнеге азайды жана Кыргызстанда салыктан качкандар кимдер?

Алтын арзандап, киреше азайды

Салык кызматынын басма сөз кызматынын жетекчиси Эркин Сазыков чогултулбай калган салык көлөмү боюнча Би-Би-Сиге тактап берди.

"Өкмөт жыйынында 3,5 миллиард сом чогултулбай калды деп айтылды. Бирок бул жалпыланган сумма болуп атат. Ал суммага салыктык эмес төлөмдөр, Бажы кызматы чогулткан да төлөмдөр кирет. Баарын кошкондо, балким, ошончо чыгышы мүмкүн. Бирок салык органдары жыйнап жаткан салыктык жыйымдар тууралуу айтсам, соңку алты айда 1,5 миллиард сом чогулбай калды".

Сүрөттүн автордук укугу TAZABEK

Салыктан түшкөн каражат эмненин эсебинен азайды?

"Кара-Балтадагы "Жунда" заводу былтыркыга салыштырмалуу 848 миллион сомго азырак төлөдү. Себеби, ишкана учурда 30 пайызга гана иштеп жатат. Быйыл алтындын да баасы төмөндөп кетти. Быйыл баасы $1 200дөн ашып, $1300го жетпей калды. Мурда ставкасы үч пайыздан саналып келсе, ал эми азыр салыгын бир пайыздан санап калдык. Ошол себептүү да салык чогулбай калды", -деп түшүндүрүштү Салык кызматынан.

Бүгүнкү күнү ири суммада салык төлөбөгөн алтымыштай ишкана бар. Алардын катарына "Марианик", "Куттуу жээк" жоопкерчлиги чектелген уюмдары, "Машина куруу заводу", "Кара-Балта тоо-кен комбинаты", "Кыргызкөмүр" жана башкалар кирет.

Патент - салыктан качуунун жолу

Бирок Экономика министри Санжар Муканбетов салыктын жыйналбай жатышынын башкы себеби - ишкерлер жапырт патент системасына өтүп алгандыгында деди шаршембидеги өкмөт жыйынында.

"Патент системасы салыктык жоготуулардын негизги себептеринин бири болуп калды. Өлкө экономикасынын 3,2 пайыздан ашыгы патенттин негизинде иштеп жатат. Ири кафе, ресторандар жана соода борборлору да анын негизинде иштейт. Мындай абалдан чыгуу үчүн салыктарды төлөөнүн патенттик системасын акырындык менен азайтууну сунуштайм", -деди министр.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Экономика министри Санжар Муканбетов

Социалдык-экономика маселелер талкууланган ал жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да патент системасынан кайтуу идеясын колдоп чыкты.

Патент системасы Кыргызстанда 1998-жылы Эл аралык валюта фондусунун сунушу менен кыска мөөнөткө ишке кирген, бирок соңку жыйырма жылда ишкерлер үчүн салыктан кыйгап өтүүнүн эң ынгайлуу жолу болуп калды .

"Коррупция үчүн ыңгайлуу"

Кыргызстанда кирешеси сегиз миллион сомдон ашпаган ишкерлер патенттик негизде иш алып барып, бир түрдүү салык менен жүрө берсе болот. Патентти көбүнчө накталай акча иштеткен ишкерлер тандашат. Мисалы, айдоочу, чач тарач, базарда отургандар үчүн патент менен иш кылуу оңой жана жеңил.

Бирок кирешеси жогорудагы суммадан ашса, ишкер башка салык системасына өтүүгө тийиш. Ал болсо чыгымдуу, ишкер 12 пайыздык кошумча нарк салыгын төлөп калат.

"Жоопкерчилиги чектелген уюм же башка юридикалык тарап кылып бизнес ачканда отчет берүү, бугхалтерия жүргүзүү бир топ эле кыйынчылыктар жаратат. Ошого байланыштуу чакан, жаңы баштаган ишканалар патентке качырышат. Патент системасынын механизмдери жакшы иштелип чыкпаганына, коррупцияга байланыштуу патент ишкерлерге да, салык кызматкерлерине да өтө ыңгайлуу болуп калган", -деди ЖИА бизнес бирикмесинин төрагасы Темирбек Ажыкулов Би-Би-Сиге.

Ишкерлер кошумча нарк салыгынан качып, кирешесин катып, бизнестерин жакын адамдарына каттатып коюп, жаңысын ачып, андан тапкан кирешесине салыкты патент менен төлөп же эки башка эсеп-кысап жүргүзүшөт.

Көмүскө экономика көйгөйү

24-июлда өткөн өкмөт жыйынында министр Санжар Муканбетов учурдагы көмүскө экономика көлөмү "эксперттердин ар кандай баалоолору боюнча 30 пайыздан ашык" деди.

Кыргызстанда соңку жолу көмүскө экономиканын реалдуу көлөмү 2012-жылы Дүйнөлүк банктын колдоосунда иликтенип, өлкөдө сегиз миллиард доллар көмүскө айланып жүрөөрү айтылган. Бул өлкө бюджетинен бир канча эсе көп сумма.

Андан кийин абал канчалык өзгөрдү? Улуттук статистикалык комитетинин эсептөөлөрүн келтирсек:

2013-жылы көмүскө экономиканын көлөмү - 19,8%, 2014-жылы - 23,2%, 2015-жылы - 23,8%, 2016-жылы - 24,5%, ал эми 2017-жылы - 23,6% болгон.

Көмүскөдөгү акчалар көлөмү 2018-жылы канчага жетти иликтөө үчүн Европа реконструкция жана өнүгүү банкы былтыр августта чет элдик PricewaterhouseCoopers (PwC) компаниясын жалдаган. Иликтөө жыйынтыгы жарыялана элек.

Тектеш темалар