Кремль кыргыз саясатчыларынын тизгинин какты

Кремлдин басма соз кызматынын сүрөтү Сүрөттүн автордук укугу Official

Атамбаевдин Кремлге сапары Кыргызстандын эгемен өлкө катары беделине сокку урганы жөнүндө талкуу кызыды.

Ошол эле убакта жергиликтүү жана орусиялык басылмалар Путиндин да, Атамбаевдин да ал жолугушуунун жыйынтыгы боюнча билдирүүлөрүн ар кайсы өңүттөн чечмелеп жатышат.

Кремлдин колдоосу

Атамбаев менен Москвага чогуу барып келген Темирлан Султанбеков Кремлдеги жылуу кабыл алуу кыргыз парламентинин экс-президентке болгон чечими мыйзамсыз болгонун тааныгандык дейт:

"Атамбаев Орусиянын атайын өкмөттүк учагы менен Канттагы ЖККУнун аскердик базасы аркылуу учту. Бул Атамбаев менен Путиндин жылуу мамилесинен кабар берет. Москвада аны аябай жогорку деңгээлдеги конок катары тосуп алышты. Орусия федерациясы дагы бир жолу Жогорку Кеңештин Атамбаевден экс-президент макамын алып салган чечимин тааныбай турганын демонстрация кылды".

КСДП партиясынын саясий кеңешинин өкүлүнүн айтымында, мурунку өлкө башчысы Москвадан жетиштүү колдоо таап келди.

Сүрөттүн автордук укугу Official

" Атамбаев Путин Сооронбай Жээнбеков менен эки маселени сүйлөшөт деди. Атамбаевдин тарапкерлерин парламенттик шайлоого кое берүү жана мыйзамсыз камалган саясий оппонент саясатчылар Сапар Исаков, Кубаныч Кулматов жана башкалардын тагдыры тууралуу маселелер".

Анткен менен Кыргызстанда Атамбаевге Путиндин колдоосу жөнүндө пикирлер ар кыл болууда. Кремлде Атамбаевге "өз ордун" көрсөттү, жок, мурунку өлкө башчысы Москвадан өзүнө "иммунитет" алып келди да жазып жатышат.

"Атамбаев Кочарян эмес"

Атамбаевдин Кремлге сапарын орусиялык басылмалар да чагылдырышты. "Новая газета" басылмасынын журналисттери "Атамбаев Москвада коопсуздук кепилдигин алып, алдыдагы парламенттик шайлоолорго даярдана баштады" деп жазды.

Гезит "Стратегия Чыгыш-Батыш" борборунун директору Дмитрий Орловдун пикирин келтирип, ал "экс-президенттин Кремлге сапарынын өзү эле постсоветтик өлкөлөрдө мурда болуп көрбөгөн окуя болду жана ал чоң колдоону түшүндүрөт. Атамбаев утушта калды. Путин аны кабыл алып, экс-президентти жана анын саясатын колдой турганын баса белгиледи, деген.

Орусиялык эксперт Аркадий Дубнов "Фергана" агенттигине Атамбаевдин соңку билдирүүлөрүн Кремлде болгон жолугушуунун мазмунун бурмалоо деп атап, анын Москвага саясий кепилдик сурап келгенин айтпай жатканын куулук кылып жатат деди.

Сүрөттүн автордук укугу SULTAN DOSALIEV

"Кыргызстандын мурдагы жана аракеттеги президенттеринин Москвага удаа сапарлары Кремлдин кыргыздардын чоң деңгээлдеги чатагынын армян сценарийи менен өнүгүп кетишинин алдын алуу аракети деп божомолдой алам", деди Дубнов.

Ыңкылап жолу менен бийлик алмашкан Арменияда да экс-президент Роберт Кочарянга олуттуу айыптар коюлуп, сот жүрүүдо. Конституциялык түзүлүштү кулатуу үчүн айыпталган Кочарян мыйзамга баш ийип, суракка келип, эки жолу СИЗОго да жатып чыкты.

Путин Кочарянды досум деп, абак артында отурса да ага жеке куттуктоолор да жөнөтүп, экөөнүн жылуу мамилеси байкалып жатты. Бул жерде да Орусиянын кийлигишүүсү тууралуу да талкуулар болуп жатат.

Бирок, Дубновдун пикиринде, Кремлдин көз карашында Атамбаев Кочарян менен салыштырууга татыксыз.

Эгемендик сыноосу

Кызыгы, Жээнбеков жана анын командасы азырынча Атамбаевдин Москвага сапары боюнча ак да, көк да дей элек.

"Ата Мекен" оппозициялык партиясынын өкүлү Асия Сасыкбаева президентин бул сапарга мамилеси мамлекеттин эгемендигинин сыноосу болот, дейт:

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

"Албетте, Атамбаевдин Москвага сапары Кыргызстандын беделине сокку болду. Путин эл аралык деңгээлде күчтүү лидер деп саналат. Биздин ички саясатка кийлигишпейбиз дегени менен кыйыр түрдө таасири тийиши мүмкүн. Бирок Атамбаевдин Путин Жээнбеков менен сүйлөшүп, мага кыргыз бийлиги шайлоого барыш үчүн тоскоолдук кылбайт дегени канчалык чын экени күмөн жаратып жатат".

Талдоочулар Кремль үчүн ЖККУга мүчө өлкөлөрдө бийлик алмашуунун тынч өткөнү маанилүү деп, Кыргызстандагы азыркы саясий тирешти жайгарууга Москва кандай болгон күндө да кийлигишпей койбойт деп жатышат.

Себеби, бул Орусиянын өзүндө боло турчу кийинки бийлик транзитине да шек келтирет.

Тектеш темалар