Баткен: чек арада дагы ок атылды

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Видео: кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал

Кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тараптан дагы ок атылды. Мындан улам чек ара кызматкери бутунан жараат алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирүү таратты.

"Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрагасы менен өкмөттүн Баткен облусундагы ыйргарым укуктуу өкүлү түшүндүрүү иштерин жүргүп жаткан учурда тажик тараптан эки жолу ок атылды. Бул аймакта күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат",- деп айтылат Чек ара кызматынын билдирүүсүндө.

Расмий маалыматтар боюнча, Исфара-Ворух жолу жабык бойдон калууда. Тажикстандын жарандары дагы Исфана-Баткен жолун жаап алышты. Бүгүн Тажикстандын жана Кыргызстандын чек ара кызматтарынын башчылары жолукканы жатат.

Акыркы маалымат боюнча, Кыргызстан тараптан 16 киши жабыркап, ооруканага жаткырылды. Тажикстан тараптан бир киши каза тапканы айтылууда.

Чек ара чатагы катталган Ак-Сай айылынан 315 тургунду (көпчүлүгү балдар жана аялдар) Баткен шаарына убактылуу көчүрүп келишти.

"Тамак-аш жагынан маселе жок, медициналык жардам көрсөтүлүп жатат",- деди облустун жетекчилиги.

Кыргыз-тажик президенттери жолугабы?

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун ушул аптада Тажикстанга жумушчу сапары менен барышы күтүлүп жатат. Ал Эмомали Рахмон менен чек ара меселеси жана эки тараптуу кызматташтык боюнча сүйлөшүү өткөрөт. Президенттик аппарат президенттердин жолугушуусунун орду жана убактысы такталып жатканын кошумчалады.

Өткөн айда Сооронбай Жээнбеков тажик президенти Эмомали Рахмон менен телефондон сүйлөшкөн болчу. Анда мамлекет башчылары чек араны делимитация жана демаркациялоо иштерин тездетүү боюнча мкулдашканы кабарлаган.

Кечеки чек ара чыры Тажикстандын Ворух анклавы менен Кыргызстандын Ак-Сай айылынын ортосунда чыкты. Жергиликтүү тургундардын айтымында, Ворух анклавына тажик президенти Эмомали Рахмон иш сапары менен келет деп, тажик тарап көптөн бери даярдык көрүп жатыптыр. Көчөлөргө желек илип, жолдорду оңдоо иштери жүргөн. Чыр ошол желек илгенден улам чыгып кеткени айтылууда. Чек ара кызматы да муну тастыктады. (AbA/ErA)