Москвада эт кымбат, Бишкекте сүт менен нан кымбат

Кыргызстандын Улуттук статистика агенттиги ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн борбор шаарларындагы негизги тамак-аштын бааларын салыштырган изилдөөсүн жарыялады.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында ЕЭАБге мүчө-мамлекеттеринин борбор шаарларынын ичинен негизги тамак-аш азыктарына эң кымбат баалар Москва шаарында катталды.

Таблица: 2019-жылдын июнунда Евразия экономикалык биримдигине (ЕЭАБ) мүчө-мамлекеттеринин борбор шаарларында негизги тамак-аш азыктарынын орточо керектөө баалары

(килограмм үчүн АКШ доллары)

Бишкек Нур-Султан Москва Минск
Уйдун эти 4,72 4,83 6,61 4,31
Койдун эти 4,34 5,25 8,27 -
Ак (каймак) май 4,52 6,52 13,01 8,27
Пастеризацияланган сүт, литр 0,74 0,67 1,16 0,69
Жумуртка, ондук 0,96 0,80 1,16 1,02
Биринчи сорттогу буудай уну 0,42 0,54 0,69 0,61
Биринчи сорттогу ундан жасалган нан 0,60 0,38 0,95 0,76
Картошка 0,41 0,40 0,68 0,63

Картошкага болгон максималдуу баа (1 килограмм 0,68 АКШ доллары) Москва шаарында, ал эми минималдуу баа (1 килограмм 0,40 АКШ доллары) Нур-Султан шаарында катталды.

Кой этинин минималдуу керектөө баасы (1 килограмм 4,34 АКШ доллары) - Бишкек шаарында, пастеризацияланган сүттүн эң арзаны (1 литр - 0,67 АКШ доллары) Нур-Султан шаарында.

График: 2019-жылдын июнунда Евразия экономикалык биримдигине (ЕЭАБ) мүчө-мамлекеттеринин борборлорунда айрым тамак-аш азыктарынын максималдуу жана минималдуу орточо баалары

(килограмм үчүн АКШ доллары)

Сүрөттүн автордук укугу official

Бишкек шаарында пастеризацияланган сүттүн баасы биримдиктеги башка борбор шаарларга салыштырганда 6,8-9,5 % кымбат. Ошондой эле биринчи сорттогу ундан жасалган нандын баасы дагы Бишкекте Нур-Султанга караганда кыйла эле кымбат болуп чыкты.

Таблица: ЕЭАБ мүчө-мамлекеттеринин борбор шаарларындагы эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү жана баалардын катышы

Бишкек Нур-Султан Москва Минск
Уйдун эти 100 102,3 140,0 91,3
Койдун эти 100 121,0 190,6 -
Ак (каймак) май 100 144,2 287,8 183,0
Пастеризацияланган сүт, литр 100 90,5 156,8 93,2
Жумуртка, ондук 100 83,3 120,8 106,3
Биринчи сорттогу буудай уну 100 128,6 164,3 145,2
Биринчи сорттогу ундан жасалган нан 100 63,3 158,3 126,7
Картошка 100 97,6 165,9 153,7

Орточо айлык эмгек акы (АКШ доллары менен)

Бишкек Нур-Султан Москва Минск
Орточо айлык эмгек акы 304,5 612,2 1 590,8 703,7

Орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү, кг менен

Бишкек Нур-Султан Москва Минск
Уйдун эти 64,7 127,0 246,6 165,0
Койдун эти 70,3 117,0 197,3 -
Ак (каймак) май 67,6 94,1 125,4 86,0
Пастеризацияланган сүт, литр 411,9 919,2 1 403,2 1 029,4
Жумуртка, ондук 319,2 765,5 1 402,6 697,6
Биринчи сорттогу буудай уну 728,7 1 127,9 2 369,5 1 159,1
Биринчи сорттогу ундан жасалган нан 511,7 1 632,6 1 720,9 937,6
Картошка 750,9 1 546,1 2 412,8 1 123,7
  • 1. Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.
  • 2. 2019-ж. майындагы - Бишкек ш. жана Минск ш. боюнча, 2019-ж. апрелиндеги - Москва ш. боюнча, 2019-ж. 1-кварталындагы - Астана ш. боюнча айлык орточо эмгек акы.
  • 3. Орточо айлык эмгек акынын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн аныктоо үчүн 1 килограмм тийиштүү товардын орточо баасы кабыл алынды.

Салыштырма таблица көрсөтүп тургандай, Бишкек шаары орточо эмгек акынын сатып алуучулук күчү боюнча башка борборлордон кыйла эле артта турат. Кыргызстандын баш калаасында орточо айлык эмгек акынын өлчөмү Нур-Султан менен Москвага караандабай турганы баштан белгилүү.

Тектеш темалар