Атамбаевдин арызы, Кремлдин позициясы

Архивдеги сүрөт Сүрөттүн автордук укугу SULTAN DOSALIEV
Image caption Архивдеги сүрөт

Орусия президенти Владимир Путин Москвага саясий колдоо издеп барган Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевди кабыл алып, арызын угуп, саясий кырдаалды курчутууну токтотууга чакырды. Орусия лидеринин сөзүн ИТАР-ТАСС жана башка маалымат агенттиктери жарыялады.

"Менин позициям жакшы белгилүү. Мен бул позициямды ага да (Атамбаевге) жеткире айттым. Кыргызстан биздин союздаш, жакын өлкө деп эсептейм, Кыргызстан бир нече, так айтканда эки олуттуу саясий тополоңду баштан өткөрдү. Кыргызстандын элинин кызыкчылыгы үчүн ушуну менен токтош керек",-деди Путин.

Орус лидери ошону менен катар республиканын калкы азыр иштеп жаткан президент Сооронбай Жээнбековдун айланасына биригүүгө чакырды: "Өлкөгө саясий туруктуулук керек. Бардык адамдар азыр иштеп аткан президенттин айланасына биригип, ага мамлекетти өнүктүрүүгө жардам бериши керек".

Алмазбек Атамбаев шаршембиде Канттагы Орусиянын аскер базасындагы аба майданынан учуп кетти. Ал жолго чыгып баратып, журналисттерге өзүнүн эртең кечки саат жетиде кайтып келүү планы бар экенин билдирип, Москвага эмне максат менен баратканын, ким менен жолугушарын ачык айткан эмес. Бирок кыргыз бийлигин күнөөлөгөн толтура сөз айтып кеткен.

"Ар бир акылдуу адам түшүнөт, Кыргызстанда эч ким мыйзамды сыйлабайт, ар ким каалаганын жасап атат. Азыркы бийлик өзүнүн гана чөнтөгүн ойлоп атат. Мен баарына даярмын, бул бийликтен баарын күтсө болот",-деген эле.

Алмазбек Атамбаевди Жогорку Кеңеш бир нече кылмыштарга катышы бар деп шектенип, экс-президент макамынан ажыраткандан кийин аны үч жолу суракка чакырышты. Ал үч жолу тең баруудан баш тартты.

Мурдакы президентке кримтөбөлдүн абактан бошотулушу, Бишкек Жылуулук электр борборун, Тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү, баш калаага көмүр сатып алуудагы коррупция, мыйзамсыз жер алуу сыяктуу беш чоң кылмышка аралашкан деген шек түшүп жатат.

"Башкы рефери"

Атамбаевдин Москвага барып арызданганын, аны Путин кабыл алганын эксперттер ар башка өңүттөн жоромолдоп жатышат. Путин мындан мурда Сооронбай Жээнбековду чакыртып, аны менен да сүйлөшкөн эле. Ошондуктан Атамбаевдин Москва сапарын ошол кептин уландысы катары карап жатышат.

"КРнын Президентин өзүнчө, экс-президенттин өзүнчө Москвага чакырып, маселени ошол тарап чечсе, ошондо биз эмне деген элбиз!?",-деп коомдук ишмер Кадыр Кошалиев суроону кырынан койду.

Учурдагы кырдаалга эң таамай бааны москвалык эксперт Аркадий Дубнов берди окшойт.

"Алмазбек Атамбаевдин Москвага сапары Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун жакында өткөн жолугушуусунда болгон сөздүн натыйжасы экени анык өңдүү. Москва Кыргызстанда азыркы жана мурунку президенттердин, алардын тарапкерлеринин каршылыгынан чыккан ички саясий конфликттин курчуп кетишин каалабайт. Жээнбековго айтылган сөздүн төркүнү дал ушундай болгон. Жээнбеков өз кезегинде Путинди ушул сөздү Атамбаевге да айтып коюну суранган болушу мүмкүн...Москванын кыргыздардын ички чатагына кийлигишүүгө мажбур болуп жатканы, бул жакшыбы-жаманбы, бирок кыргыз саясатчылары үчүн Кремль гана башкы рефери жана башкы саясий инстанция экенин дагы бир жолу көрсөттү"-деп жазды Аркадий Дубнов. (КС)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар