Автоунаага бажы төлөмү качан көтөрүлөт?

Унаа базары
Image caption Унаа базары

Кыргызстандын Экономика министрлиги сырттан келген автоунааларга бажы салыгын 2025-жылга чейин өзгөртүүсүз калтыруу жолун карап жатканын билдирди. Тийиштүү документ Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) атайын жыйында сунушталат.

Үчүнчү өлкө деп саналган (ЕАЭБге кирбеген) мамлекеттерден ташылуучу автоунааларга учурда жеңилдетилген бажы салыгы алынат. Буга чейинки эреже, мыйзамдарга ылайык 2020-жылдын 1-январынан тарта бул салыктын өлчөмү кыйла көбөйөт деп буга чейин расмий маалымат берилген эле.

Унаа базарына келген айрым кардарлар жол тандабастарга орточо баа мурункуга караганда 2-3 миң долларга кымбат экенин айтышууда. Эгерде сырттан келген унааларга кийинки жылдын башынан тарта бажы төлөмдөрү кайрадан көтөрүлө турган болсо, анда баалар мындан да өсүшү мүмкүн.

Image caption Унаа сатып алгысы келген жаран

"Орусияда автоунаалар бираз кымбатыраак албетте. Бул жакта дээрлик жарым баага арзан. Тиги жакта мен издеген автоунаа маселен бир жарым миллиондой болот. А бул жакта ошонун жарым баасына аласың. Айырмасы Орусиянын же Кыргызстандын номурунда эле. Башка эч айырмасы жок. Бул жактан арзан алып, тиги жактан айдаганың оңураак. Негизгиси камсыздандырып алып айдап жүрө берсең болот"- дейт Замир.

Кыргызстанда 2015-жылдан бери ЕАЭБге кирбеген мамлекеттерден унаа алып келүүнүн бажы төлөмдөрү жыл сайын өсүп келген. 2018-жылы бажы төлөмдөрү кайра мурунку баага убактылуу төмөндөгөн эле. Буга эл сырттан сапаттуурак унаа ташый албай, автопарк эскирип баратканы, жөнөкөй эл унаа сатып ала албай калганы сыяктуу орчундуу маселелер себеп болгон. Экономика министрлиги бажы төлөмүн жакынкы беш жылга өзгөртүүсүз калтыруу далалатын кылып жатканын, балким, жыйынтык Кыргызстандын пайдасына ылайык чечилсе алгылыктуу кадам болоруна үмүттөнүп турат.

Image caption Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров

"Бул өзгөртүү ушул эле азыркы бизде болгон тарифти өзүбүз аныктайлы, 2025-жылдын 1-январына чейин бизге уруксаат бергиле деп кайрылып жатабыз. Азыр ошол беш мамлекеттин жетекчилери, вице-премьерлер деңгээлинде 8-августта Чолпон-Ата шаарында жолугушуу болот . Ошол жерде бул маселе көтөрүлүп, буюрса чечим кабыл алынат. Эгер бул отурумда чечим кабыл алынбай калса, сентябрь айында ЕАЭБдин совети болот, ошондо каралат"- деди Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров.

Image caption Унаа базары

Кыргызстан электромобил ташып келгендер үчүн бажы салыгын толугу менен алып салган. Ал эми гибрид моторлуу унааларга бажы салыгы жеңилдетилген. Быйыл жыл башынан бери өлкөгө жыйырма үч электромобил, алты жүз алтымыш жети гибрид моторлуу унаа келген.

Ушул жылдын биринчи жарымында жалпысынан өлкөгө он миңден ашык унаа алынып келгенин Экономика министрлиги билдирди. Автоунаалар көбүнчө АКШ менен Европа өлкөлөрүнөн алынып келинген. (KJ)

Тектеш темалар