Кыргыз саясатынын "очогу" Орусиядабы?

Орусия президенти В. Путин. Кремль Сүрөттүн автордук укугу http://www.kremlin.ru
Image caption Орусия президенти В. Путин. Кремль

Атамбаевдин Кремлге барып, Орусия президенти Путин менен жолукканы боюнча бир кылка пикир жок. "Фейсбук" сыяктуу коомдук сайттарда дагы бул тууралуу байма-бай жарыяланууда.

"Казакты ортого жайгаштырып койгон Кудайга миң мертебе шүгүр. Болбосо Хакасиядан айырмабыз жок болмок экен",- деп Тынчтыкбек Бекташтегин аттуу интернет колдонуучу тамаша-чыны аралаш пикирин жазып чыкты. Дагы бир тобу Орусиянын губерниясыбызбы деген суроону коюп жатат.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев Орусиядан кайрылып келген соң, журналисттердин суроосуна кыскача жооп берди. Атамбаевдин айтымында, аны Путин бир канча ирет чакырган. Бул жолу "атайын учак жиберип, шарт түзүп жаткан" соң чакырууну кабыл алганын билдирди. Ал ошондой эле Владимир Путин президент эле эмес, досу экенин дагы бир жолу кошумчалады.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL/ SULTAN DOSALIEV
Image caption Архивдеги сүрөт

"Ого бетер күн карама болуп калды дегендер менен катар эле Орусия зарыл учурда жакшы иш кылды деген эки көз караш айтылып жатат. Кайсы бир деңгээлде эки пикирде тең чындыктын үлүшү бар. Менинче, бул туура иш болду. Орусия туура учурда ортомчулук кылды деп эсептейм. Себеби абалды өзүбүз көрүп жатпадыкпы. Буга Кремлден биринчи өзүбүздүн саясатчыларыбыз, эки президентибиз, кайсы бир деңгээлде алардын артында турган командасы көбүрөк айыптуу. Мындан ары Орусиянын таасири баштагыдан да кеңейет дегенге кошулбайм. Себеби негизги деген багыттардын баары буга чейин эле Орусия менен тыгыз байланышта эмес беле. Чоң державалар чакан мамлекеттерге бүгүн эле таасир берип жаткан жери жок. Бул боло келген. Дагы бир мисал Венесуэланы карап көрүңүздөр",- деди эл аралык мамилелер боюнча адис Чынара Эсенгул.

Image caption Чынара Эсенгул

Орусиялык басылмалар, телеканалдар да бул окуяны көз жаздымда калтырган жок. Алар бул жолугушууну ар башка өңүттө чагылдырып жатканын байкоого болот. "Россия 24" телеканалынын алып баруучусу Путиндин билдирүүсүнөн кийин, чөлкөмдө "Атамбаев кызматын өз ыктыяры менен тапшырган биринчи адам" экенин, азыркы президент Сооронбай Жээнбековду "талапкер кылып Атамбаев сүрөп" чыкканына көңүл бурду.

Журналист, саясат талдоочу Айданбек Акматов да талкууда айтылып жаткан эки тараптын тең пикирлери жүйөөлүү деп эсептейт. Ал Орусия башынан эле Кыргызстандын саясатына кийлигишип келе жатканын, болгону бул жолу демонстрациялап көрсөтүлгөн окуя болгонун кошумчалады. Талдоочу Путиндин сөзүнө таянып, "Орусия президенти Атамбаевди кескин бир кадамдардан оолак болууга ынандырганы көрүндү" деп кошумчалады.

Ал аңгыча Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири Кундуз Жолдубаева, мурдагы президенттин пикири деп чакан маалымат таратты. Анда бийликтин мыйзам талаасында иш алып баруу зарылдыгы, соттук иштердин акыйкат каралышы тууралуу жазылган. Ошондой эле Атамбаевдин тарапташтарына кысым жасалбай, келе жаткан шайлоого толук кандуу камынуусуна тоскоолдук жаратпоо маанилүү экени айтылган. Ал тургай дал ушул маселе боюнча Путин президент Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүү ниети бар экенин да кошумчалаган. Эгер бул маселелер оң жагына чечилсе оппозиция дароо саясий чыңалууну жайгара турганы белгиленет.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиевдин "Фейсбук" баракчасына жазганы

Кызуу талкуу жүрүп жаткан кезде, соңку эки кылымдагы тарыхты эске салгандар да чыгууда. Айрым адистер кыргыз урууларынын ошол доордо бөлүнүп-жарылып, тышкы коркунуч эле эмес, өз ара жаатташуудан улам Орусиянын курамына кошулганы сабак болбоптур деп жатышат. Ошол эле учурда Орусия менен жүз жылдап түзүлгөн алака-катыш абдан үзүрлүү экенин айткандар да жок эмес.

Айтмакчы, талкууну кызыткан дагы бир собол кабыргасынан турган чак. "Соңку президенттик шайлоонун алдында негизги талапкерлердин бири саналган Өмүрбек Бабанов Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге жолуга калам деп балээге калды эле, аныкы Атамбаев балагандай чыккынчылык болсо өзүнүн бул сапарына кандай деп баа берүүгө болот?",- деп коомдук тармактарда суроо жолдонууда. Атамбаев болсо эки учурдун мааниси эки башка экенин, азыр шайлоо маалы эместигин айтууда.

Бийлик Алмазбек Атамбаевдин Москвага сапары боюнча ак же көк деп үн ката элек.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар