Соболу көп Солтон-Сары, суу, топурак - тазабы баары?

Солтон-Сарыга канатташ Тери-Суу жайлоосундагы төр
Image caption Солтон-Сарыга канатташ Тери-Суу жайлоосундагы төр

Соңку күндөрү чуусу басылбай келген Солтон-Сары алтын кенин иштете турган Jhong ji Mining компаниясы 22 козусу өлгөн малчынын чыгымын төлөп бермей болду. Бирок бул уулануу же кайсы бир зыяндуу заттардын кесепети болбогонун айткан компания өкүлдөрү аны жардам катары жасап жатканын да айтууда. Ошол эле учурда көзөмөл органдар кытай компаниясынын ишинен ондогон экологиялык мыйзам бузууларды таап чыгып, акчалай айып салганы айтылууда.

Саналуу күн мурда "жайыттагы соп-соо мал кырылып жатат" деген кабар желдей тарап, жайылып жүрүп эле сулап, тыбырчылап жактан кой-козулар тартылган видеолор интернетке байма-бай чыкты. Айрым жергиликтүүлөр өлгөн малдын саны жүздөн ашып кеткенин айтса, дагы бирлери эки жүзгө чамалады деп жиберди.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption ЖЕРГИЛИКТҮҮЛӨР ТАРТЫП, ИНТЕРНЕТКЕ ЖАРЫЯЛАГАН СҮРӨТ

Бирок адистер баарын тактап чыгып, жыйырма эки баш козу өлгөнүн тастыктаган эле. Малдын кырылганы боюнча экспертиза жасалып, мите оорулары, топурак жана суу анализге алынганын тиешелүү мекемелер билдирди.

"Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча малдын 66% өпкө, боор жана ичегинин мите ооруларынан кырылган. Малга вакцина жасоо боюнча алдын алуу иштери толук кандуу жүргүзүлгөн эмес. Тийиштүү вакцинация жасалбаса, мал дагы кырылат. Ошондуктан жарандар бул маселелерди чечүүгө олуттуу кароого тийиш",- деп Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Калыс Жумаканов кеңеш бергенин өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Уу-дуу болгон чуу, өкмөттүн жообу. Кайсынысы ынанымдуу?

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов такталбай тарап жаткан маалыматтын өзүнөн-өзү эле чыга калбаганына көңүл бурду. Ал Солтон-Сарыга барып, эл менен жолуккандан кийин журналисттердин суроолоруна да жооп берди:

"Биринчиден, бул жерде ар кандай маселе бар. Кээ бирлер жеке кызыкчылыгын көздөп, жумушка орношуу же кандайдыр бир каражат табуу маселеси менен чыккандар да бар. Мамлекетте тынчтыкты каалабаган күчтөр да болушу ыктымал. Ошол эле учурда эл-жер деп күйгөн мекенчилдердин да катышы бар. Биз өзүбүз келип көргөндө эл айтып аткан айрым бир маселелер чечилбей калганын көрүп жатабыз. Эл менен, жамаат менен 2-3 саат акылдаштык, компания ишин уланта турган болду."

Сүрөттүн автордук укугу Tynchtykbek Altymyshev
Image caption Солтон-Сары жайлоосундагы жыйын. Сүйлөп жактан облус жетекчиси Аманбай Кайыпов, Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов жана башкалар

Боронов Солтон-Сары алтын кенин иштетүүгө лицензия 2009-жылы эле берилип кеткенин да билдирди. Ал тоо-кен тармагында башаламан иштер 2013-жылга чейин орун алганын да ачык айтты.

"Убагында лицензиялар 300 сомго сатылган экен. 300 сом эмне деген акча? Бул дегениң жакшы бир түшкү тамак иче турган болсоң, жетпей кала турган акча да. Лицензия дегенди конкурсу жок эле берип келишкен. Ошондой иштин баары токтойт. Мындан ары лицензия бергенде ошол жерде сөзсүз түрдө мамлекеттин өз үлүшү болот. Ал үлүш кандай өлчөмдө болоору анын ыгым-чыгымына жараша болот",- дейт биринчи вице-премьер-министр.

Лицензия демекчи, тоо-кен тармагындагы башаламандыкты президент Сооронбай Жээнбеков да катуу сындап, бир эле киши кырктан ашуун лицензия алып алганына катуу таң калган жайы бар.

Би-Би-Си өкмөт өкүлдөрү менен элдин жолугушуусуна барып күбө болуп келген журналист Тынчтыкбек Алтымышевди да кепке тартып, анын көргөн билгендерин сурады. Анын айтымына караганда, буга чейин эл тарабынан экология боюнча айтылган бир нече кемчилик аныкталып, айып пулдар салынды деп жатат.

"Көпүрө салынбай, жүк ташуучу унаалар кече берип суу булганып жатканы аныкталыптыр. Жалпысынан 83 пункттан турган эреже бузуу такталыптыр. Анын баарына айыппулдар салынды дешти. Эң эле жөнөкөйү муктаждыкка жараша дааратканалар да курулбаган фактылар бар экен. Ошол жердеги малчылардын бир топ тынчсызданганы байкалып турду. Мисалы оор жүк ташуучу унаалар бир эле жол менен жүрбөй, кыйма-чийме каттай берип жайыттын далай жерин тебелеп салганы айтылды. Андан сырткары, кийинки жылдары ушул жерлерде жайлайбызбы же ушуну менен Солтон-Сары менен кош айтышабызбы дегендер да болду. Дагы бир көңүл бурчу жагдай, күнүнө 4-5 жолу жардыруу эмес, эки-үч күндө бирден жардыруу болсун, жардыруунун күчүн да, санын да азайтуу тапшырмалары коюлду",- дейт Тынчтыкбек.

Алтын кени жайгашкан жер Нарын районунун Миң-Булак жана Эмгекчил айылдарынын жайлоосу. Ал жерде аныкталган алтындын кору 11 тонна деп көрсөтүлгөн. Аталган айылдын эли кытайлык компания жол куруучу, ширетүүчү сыяктуу адистерди жергиликтүү элден алса болбойбу деген маселени да көтөрүп келе жатат. Боронов жумушчуларга коюлган кесиптик талап өтө жогору экенин айтып, иш башталган учурда кеминде 80 пайыз жумушчу жергиликтүү элден болорун убада кылды.

Тоо-кен тармагындагы мындай чуулуу иштер маал-маалы менен чыгып келет. Жакында эле уран чуусу чыгып, массалык каршылыктан улам Кызыл-Омпол уран кениндеги иш токтотулган. Президент бул иш өкмөттүн шалаакылыгынан чыкканын белгилеп, уран казууга өзү да каршы болгон. Парламент уранга байланышкан бардык ишке тыюу сала турган мыйзамды биринчи окуудан өткөрүп, сентябрда кабыл алаарын убада кылып, жайкы эс алууга тарады.

Тема боюнча башка макалалар