Сирия: жаңжалдуу аймактардан жарандарды чыгаруу машакаты

Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдуу аймактардан жарандарын чыгарып кетүү жана аларды реабилитациялоо маселесин Борбор Азиянын адистери Бишкекте талкуулашууда. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан уюштурулган иш-чарага региондогу беш өлкөнүн адистери катышып жатат.

Эксперттердин айтымында, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан атайын операцияларды уюштуруп, реинтеграциялоо боюнча активдүү иш алып барып жатат. Буга чейин Казакстан, Тажикстан менен Өзбекстан Жакынкы Чыгышка атайын учак жөнөтүп, экстремисттерге кошулган жарандарын жана алардын балдарын алып келишкен.

Ысымын айткысы келбеген бул аялдын кызы 2014-жылы күйөөсү менен Сирияга кеткен. Учурда анын кызы 24 жашта, эки баласы бар. Кызын алып келүү үчүн аялдын барбаган жери, какпаган эшиги калган эмес.

"Кызым менен сүйлөшүп турам. Мекенине кайтып келсем дегенде эки көзү төрт. Алар адам чыдагыс оор шартта кармалып жатышат. Күн катуу ысык, шарт жок дейт. Балдар каза болгон учурлар күндө катталат экен. Бардык эле мамлекеттер алып кетип жатыптыр. Көпчүлүгү Кыргызстандын жарандары калыптыр".

Жаңжалдуу аймактардан жарандарын чыгарып кеткен өлкөлөр

Былтыр бир катар Борбор Азия мамлекеттеринде Сирияга жана Иракка чыгып кеткен жарандарын издөө, аларды кайтарып келүү багытында атайын жумуш тобу түзүлгөн. Казакстан "Жусан" аттуу операция уюштуруп, 2019-жылдын январынан тарта май айына чейин Сириядан 524 жаранын алып келген. Жыл башынан бери Тажикстан Ирактан 84 баланы чыгарып кетсе, Өзбекстан 156 жаранына жаңжалдуу аймактардан чыгып кетүүгө көмөк көрсөткөн.

"Европа, Азия өлкөлөрү, атүгүл АКШ бул маселенин туура жолун табуу аракетин көрүп жаткан чакта, Борбор Азия мамлекеттери алгачкы кадамдарын таштады. Борбор Азия өлкөлөрү демилгени колго алып, жарандарын кайтарып келүүдө башка мамлекеттерге жол көрсөтүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирем. Отуз жылдан бери бул аймакта иштеп жүрүп беш өлкөнүн өкмөтү менен жарандык коому бүгүнкүдөй биргелешип, тыгыз иш алып барганын көргөн эмесмин",- деди АКШнын Тынчтык институтунун Борбор Азия боюнча эксперти Гэвин Хэлф.

Бирок региондун бардык мамлекеттеринде куралдуу жаңжал катталган аймактардан өз жарандарын алып келүү бир кылка жүрүп жатат деп айтууга болбойт. Согуш зонасына Кыргызстандын аймагынан сегиз жүздөй киши чыгып кеткени расмийлер тарабынан айтылып жүрөт. Бул боюнча өкмөттүк комиссия түзүлүп, иш жүрүп жатат деген менен артка кайтып келгендер тууралуу өлкөдө так маалымат жок.

Эксперттер эмне дейт?

Өзбекстандан келген эксперт Бахтияр Бабажанов Кыргызстан жаңжалдуу аймактардан жарандарын чыгарып кетүү жана аларды реабилитациялоо багытында коңшу мамлекеттердин тажрыйбасын пайдаланышы керек деп эсептейт. Ал жарандарды кайтарып келүүдө мамлекеттик органдардын бирдиктүү иш алып баруусу менен ресурстун тартыштыгы башкы маселе экенин айтат.

"Кыргызстандын ресурсу Казакстанга менен Өзбекстанга салыштырмалуу кыйла төмөн. Маселен, учактар, жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөр, мунун бардыгы ресурска байланган. Ачыгын айтканда, айрым учурда лагерлерден аялдарды сатып алууга туура келет. Андыктан эң татаал процесс - аларды мекенине алып келүү. Ал эми реабилитациялоо иштерин өлкө колго алып кетет деп ойлойм. Кыргызстанда диний багытта иш алып барган психологдор, адистер жетиштүү. Реабилитациялоо иштерин жүргүзүүгө Кыргызстан даяр деп эсептейм".

Сүрөттүн автордук укугу AFP

"Кылым шамы" коомдук фондунун директору Азиза Абдирасулованын айтымында, Сириядагы жана Ирактагы жарандарды алып келүүдө кыргыз бийлиги чечкиндүү кадамга бара албай жатат. Укук коргоочу көйгөйдү чечүүдө үч негизги маселеге көңүл буруу керек дейт.

"Биринчиси, саясий чечкиндүүлүк менен мамлекеттик жогорку деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуу маанилүү. Керек болсо коңшу өлкөлөр менен бирдиктүү операцияларды уюштурса болот. Экинчиси, укуктук талаадагы иштер так жана максаттуу жүргүзүлүшү керек. Ар бир жаранга жекече мамиле жасалышы шарт. Ал жаран кандай жол менен кетти. Ошол жактагы согуштук аракеттерге катыштыбы же жокпу. Маселен, жакындарын алып келем деп барып чыга албай калгандар бар. Мунун бардыгы эске алынышы өтө маанилүү. Үчүнчү, ошол жактагы түрмөлөрдө биздин жарандар калып калбашы керек. Кандай болгон күндө дагы Кыргызстанга алынып келип, бул жактын мыйзамы менен жазасын өтөшү керек".

Колуң менен кылганды, мойнуң менен тартасың

Буга чейин Ички иштер министрлиги жаңжалдуу аймактардан кыргызстандык жарандардын кайтып келүүсүнө эч кандай чектөө жок деп билдирген эле. Бирок аларга карата мыйзам чегинде жаза каралган.

Куралуу чатактарга же аскердик аракеттерге жалданма жоокер катары катышкандар үчүн Кыргызстанда 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Тажикстанда, 12 жылдан 20 жылга чейин болсо, Өзбекстанда 5 жылдан 10 жылга чейин, ал эми Казакстанда 7 жылдан 10 жылга чейин жазага тартуу мыйзамы кабыл алынган.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар