Аким: Солтон-Сарыдагы уйларды акысыз дарылайбыз

Солтон-Сарыдагы суунун анализи даяр болду. Расмийлер топуракты изилдөө иши уланып жатканын айтууда. Суунун курамы баардык чен-өлчөмдөр боюнча нормага ылайык келгенин, кооптонуга негиз жоктугун Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчиси Би-Би-Сиге ырастады.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Нарын районунун акими Семетей Черикбаев

Ал ортодо жергиликтүү тургундар Солтон-Сарыда өлүм-житим кой, козудан эми бодо малга өтө баштаганын айтып чыкты. Уйлар өлө баштаганы тууралуу видео интернетте желдей тарап жатат.

Би-Би-Си бул боюнча кабарыңыз барбы деген собол менен Нарын районунун акими Семетей Черикбаевке кайрылды.

С.Черикбаев: Кабарым бар. Бая күнү эле Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы келгенде "пастереллёз" деп айтып кетпедиби. Биздин райондук ветеринар дагы "пастереллёз" деп тасытктап, документ жүзүндө бизге бүтүмүн берди. Бүгүн таң заардан эле менин биринчи орун басарым менен он ветеринар ошол жакка чыгып кетти. Барып атайын чатыр тигишет. Биз буга чейин бул ылаң чыккан жерди же ошол бирин-экин малды эле дарылап келгенбиз. Бул жолу кеңешип башкача чечтик. Эми ошол өрөөндү жайлап жаткан беш айыл өкмөттө 2455 баш бодо мал бар экен. Ошону жапырт дарылап, элге дагы бир жолу түшүндүрөлү деп жатабыз. Биз муну менен ортодо чагым чыксын деп атайын козутуп жаткандардын кебин укпай, мал доктурлар менен иштеңиздер деп элге түшүндүрөбүз. 2455 башка жетпей калбасын деп, 2800 башка жеткидей ашыгы менен вакцинаны демөөрчүлөрдүн колдоосу менен алып жатабыз. Эреже боюнча бир жолку вакцина жетишсиз экен. Он төрт күн өткөндөн кийин кайра экинчи жолу вакцинация болушу зарыл дешти. Ошондуктан ал жерде атайын күзөт уюштуруп, вакцинация бүткөнчө ал жердеги атайын жабдылган чатырды чечпейбиз.

Сүрөттүн автордук укугу Social media

Би-Би-Си: Вакцинация үчүн мал ээлери акча төлөшү керекпи?

С.Черикбаев: Негизи жөн-жай учур болгондо дарысына да, ветеринардын кызматына да акча төлөшмөк. Бирок ортодо чагымчылдар чыгып, кытайлардын ишинен ууланып жатат деп саясатташтырганы үчүн биз демөрчү аркылуу дарысын чечип бердик. Ал эми кызмат акысын болсо биздин ветеринар моюнуна алып, аягына чыгарганы жатат. Жалпысынан 55 миң сомдун айланасындагы каражатка дары алынат экен. Бул акча бюджетте каралган эмес. Ошондуктан маселени ушундай чечип жатабыз. Райондун ветеринары ишти уюштуруп, эл менен сүйлөшүп, болгон күчүн жумшап жатат. Азыр саясатты жыйыштырып коюп, малды ылаңдан сактап калуу керек. Жетим балдардан баштап, майыптарга баарына демөөрчү эле издеп келе жатабыз го. Бирөөсүнүн малы даарыланып, дагы биринин малы калып калбасын деп, аябай аракет болуп жатат. Себеби, жанагынча малды тоодон түшүрүп келип, кармап, камдап бериш керек дегендей. "Бул менин менчигим" деп баары эле айтканга көнө бербейт да. Ошондуктан баары бир кылка болсун деп түшүндүрүп жатышат. Кимде ким макул болбой, вакцинацияга каршы чыкса, ветеринар атайын топ менен ошол кишилерге акт түзөт, айып салынат. Билип туруп эле догурунгандар да бар. Өз ыктыяры менен төлөп берет элем дегендерден каражат алына берет. Кээсинин шарты бар, кээсинде шарт жок. Мүмкүнчүлүгү болбосо, төлө деп мажбурлабайт. Мисалы, Кара-Кужурдагылар туура түшүнүп, "бизге келип, дары сайып бериңиздер, төлөп берели" дептир. Негизги милдет - малдын кырылусун алдын алуу зарыл болуп турат.

Сүрөттүн автордук укугу Сүрөттүн автордук укугу FREDERIC J. BROWN/AFP/GETT
Image caption "Бизге жеткен маалыматка караганда, ушул ылаң былтыр топоздун мамалагынан чыгыптыр"

Би-Би-Си: Беш айылдын малы бар деп калдыңыз. Ал жерде Миң-Булак, Эмгекчил, Эчки-Башы, Оттук айылдарынан жайлоого айдап чыккан мал бар эмеспи. Ушул эле айылдардын малынын бир бөлүгү гана Солтон-Сары тарапта, калганы башка жайлоолордо. Ал жайлоолорго дагы барасыңарбы?

С.Черикбаев: Жок, ага чач-кирпигибиз чак келбей калат. Оорунун очогу болгон ошол чөлкөмдү жапырт дарылайбыз. Неизи Солтон-Сарыда буга чейин деле оорунун очогу болгон экен. Бизге жеткен маалыматка караганда, ушул ылаң былтыр топоздун мамалагынан чыгыптыр. Башка жерде ылаңдын ыктымалдыгы тууралуу эч маалымат жок.

Би-Би-Си: Сөз болуп жактан Солтон-Сары алтын кени боюнча бир өңчөй пикир жок экенин байкап жатабыз. Айрымдар иштесин десе, түп орду менен жабуу зарыл деген көз караш дагы бар. Учурда эл ичиндеги маанай кандай?

С.Черикбаев: Түшүнгөнү бар, түшүнбөгөнү бар дегендей контингент ар түркүн. Иштеп жаткан 120-180 бала бар. Жалпы 470тей жумушчунун 301и кыргыздар. Алар жакшынакай айлыгын алып, иштеп жатат. "Жылда чөп-чар учурунда акча тыйындан абдан кыйналчу элек, быйыл балдардын, тууган-туушкандардын айлыгына ишенип жатабыз. Майда-барат насыяны да коркпой алып калдык" деп жатышат. Мурда деле мыйзамсыз казылып келген, эми баары мыйзамдуу иштеп жаткан соң иш улансын дегендер бар. Ал эми токтосун дегендердин арасында чындап күйүп-жанып жаткандар бар, өз кызыкчылыгын көздөп жактандар бар. Кандай гана болбосун бул мыйзам менен чечилиши керек.

Тектеш темалар