Коррупциядан өндүрүлгөн каражат казынаны кыйгап өтүп жатабы?

Коррупционерлерден өндүрүлгөн каражатты эффективдүү пайдаланууга багытталган бирдиктүү депозиттик эсептин ачылганына бир жыл болду. Эсеп президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлүп, жыйналган акча коомдогу негизги актуладуу керектөлөр үчүн жумшалат деп айтылган эле.

Сүрөттүн автордук укугу TABYLDY KADYRBEKOV

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын укук коргоо органдарынан Борбордук казынанын бирдиктүү депозиттик эсебине 1 млрд 443 млн сом түштү. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат 757 млн 941,2 миң сом, УКМК 251 млн 42,3 миң сом которгон. Ал эми Башкы прокуратурадан 427 млн 567,6 миң сом, ИИМден 7 млн 85,8 миң сом түшкөн.

Соорнбай Жээнбеков жыл башында айрым билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышып чыккан соң, атайын экепке түшкөн каражаттар Чүй, Бишкек жана Ош облустарына мектеп, кошумча корпустарды курууга жумшаларын убада кылган.

"Такталган план боюнча үч облуста мектептердин кошумча корпустарын курууга 800 млн сомго жакын каражат бөлүү каралган. Быйылкы жылдын 1-июлуна карата 15 млн сом акча бөлүнүп берилди. Учурда 15 билим берүү объекттин куруу боюнча документтер даярдалып жатат ",- деди Каржы министрлигинин басма сөз кызматкери Гүлмира Түгөлбаева Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK

Чогулган каражатты тиешелүү мекемелер жакшы жыйынтык катары баалап жаткан чакта, айрым эл өкүлдөрү акчанын көбү экономикалык кылмышка барып жаткан чиновниктерден эмес, план толтуруу үчүн ишкерлерден жыйналганын айтып, сындап чыгышты.

"Бул мекемелер салыктан качуу же салыкты аз төлөө фактыларын таап алып эле атайын эсепти толтуруп жатат. Муну коррупцияга каршы күрөш деп айтууга болбойт. Каржы полициясынын пландалган эле жумушу катары кабылдаса болот",- деди Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.

"Коррупциялык фактылар ачыкталбай жатат"

Депутат бир жыл аралыгында 1 млрд 443 млн сом чогулганы төмөн көрсөткүч экенин белгиледи. Укук коргоо органдарынын коррупциялык фактыларды ачыктабай жатканы чоң күмөн жаратат дейт ал.

"Укук коргоо органдары тергөө кызыкчылыгына таянып алып коррупциялык иштерди ачыктабайт. Эгер алар ачыктай турган болсо коомдо суроо көп жаралат. Андыктан тергөө кызыкчылыгы деп жайгарып коюу алар үчүн эң оңой. Майда мен бул маселе боюнча Башкы прокуратурага кат жолдодум. Болгону үч гана иш тууралуу маалымат беришти. Чынын айтсам, таң калган деле жокмун. Жыйналган каражаттын теңи мамлекетке берилсе, жарымы сол чөнтөккө кетип жатат",- деди депутат.

Сүрөттүн автордук укугу TEMIR SYDYKBEKOV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, каражатты чогултуу эмес, аны эффективдүү пайдалануу башкы маселе.

"Ошол чогулган каражат кереке жарагыдай ишке жумшалат деген ишеничим төмөн. Жалпылап алганда бул тармакта жыргаган деле иш жүгөн жок. Текшерүүлөрдүн көбү тандалма жол менен өтөт".

Өкмөттүн токтомуна ылайык, мамлекеттен уурдалган каражатты атайын эсепке которуу милдети Башкы прокуратурага, Каржы полициясына, УКМКга жана ИИМге жүктөлгөн. Кыргыз бийлиги мындай ыкма аркылуу коррупциялык иштерди ачыктоодон түшкөн каражатты максаттуу пайдаланууга шарт түзүлө тургандыгын айтып келет.

Ошондой эле укук коргоо органдарынын ишин стимулдаштыруу максатында өндүрүлгөн каражаттын 25-30 пайызы мекеменин өзүндө калат.

Тектеш темалар