Экспортту эселеп көбөйткөн Өзбекстан, теңчилик издеген кыргыз дыйкандары

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары Бишкектеги жолугушуунун алкагында айыл чарба багытындагы бир катар документтерге кол коюшту. Ага ылайык өсүмдүктөр карантини чөйрөсүндө, минералдык жер семирткичтерди ташуу жаатында кызматташуу, айыл чарба тармагында эки жактуу кызматташууну активдештирүү маселелери талкууланып, "жол картасы" бекиди.

Өзбекстан менен Кыргызстандын кызматташтыгы соңку жылдары жаңы деңгээлге чыгып бара жатат. Бирок соода жүргүзүүдө чечилбеген көйгөйлөр дале арбын дешет. Маселен, өткөн жылы коңшу өлкөгө ишенген кыргыз дыйкандары картошкасын сата албай, көбүнүн мээнети күйүп кетти.

"Эки өлкө жетекчилери айыл чарба азыктарын экспорттоодо жана импорттоодо документация иштерин жеңилдетүү жагын карап беришсе жакшы болмок. Логистика, транспортировка боюнча көйгөйлөр абдан көп",- деди жеке ишкер Гүлназ Касеева Би-Би-Сиге.

Экспорт жана импорт көлөмү

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, эки өлкөнүн ортосундагы соода көрсөткүчү жыл сайын өсүүдө. 2017-жылы айыл чарба продукциясынын соода көлөмү 41 млн сомду түзгөн. Анын 37 млн сому импорт болсо, экспорт 4 млн сом болгон. Былтыр айыл чарба товарларын жүгүртүүнүн көлөмү 62 млн сомго жетип, экспорт 8 млн сомго чейин көтөрүлгөн.

"Бизден коңшу өлкөгө асыл тукум жылкылар, алма, кургатылган жемиштер кетет. Алардан көпчүлүгү мөмө жемиштер келет. Продукцияларды экспорттоодо Өзбекстан тараптан эч кандай тоскоолдуктар жок. Өзбекстандан биз ички рынокту камсыз кыла албаган азыктар келип жатат. Жогорудагы кол койгон келишим дагы экспорт менен импортко шарт түзүүнү көздөйт. Кыргызстан Өзбекстанга өзүнүн экспортко чыгаруучу товарларын сунуштайт. Алар карап туруп канча көлөм, эмне продукция керек экенин айтат. Ошондо максаттуу иш алып барганга шарт түзүлөт. Соода-экономикалык тармакта биргелешкен ишканаларды жана долбоорлорду, продукцияны кайра иштетип, таңгактап, башка өлкөлөргө экспорттогон логистикалык борборлорду түзүү тууралуу сөз болот",- деди Айыл чарба министрлигинин өкүлү Ринат Токбаев.

Башка адистердин айтымында, мурда Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын экспорту басымдуу болуп келсе, чек ара ачылгандан бери коңшу өлкөдөн тескерисинче импорт көбөйүп кетти.

"Биз азыр уттуруп жатабыз. Булар соңку 4-5 жыл ичинде экспортун 5 эсеге көбөйтүп алды. Биздики ордунан жылган жок. Бул айыл чарба министрлигинин иштин көзүн билбегендиги. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы соода сатыктын көлөмү жогорулады деп жатышат. Бирок структурасы кандай? Өзбекстандын пайдасына кетип жатат. Ошол товарлардын 70 пайызын импорт, 30 гана пайызын экспорт түзүп жатат",- академик Жамин Акималиев.

Cоода балансы

Акималиевдин айтымында, Кыргызстанга Өзбекстандын мөмө жемиштери көп кирип жаткандыктан жергиликтүү дыйкандар ички рынокко өз продукцияларын сата албай калууда.

"Азыркыдай баланс менен соода кылыш Кыргызстандын жергиликтүү өндүрүүчүлөрүнө түздөн-түз сокку уруп жатат. Мына мен түштүктүк туугандар менен сүйлөшүп турам. Алар ыйлап отурушат. Эмне үчүн теңчилик жок деп жатышат. Алардын бардык продукциялары кирип жатат, биз өз товарларыбызды өткөрө албай жатабыз дешүүдө",- деди Жамин Акималиев.

Image caption Жамин Акималиев

Өзбекстан узак жылдардан бери соода-сатыкты мыкты өздөштүргөн өлкө экенин айткан адистер, соода балансын ондоо үчүн кыргыз өкмөтү чечкиндүү кадамдарга барышы керек деп жатышат. Мисалы, картошка, сүт, эт азыктарын экспорттоого мүмкүнчүлүк бар. Ошондой эле алардан жер семирткичтерди сатып албастан, айыл чарба азыктары менен алмашуу дагы эки тарап үчүн тең пайдалуу болмок дешет.

Расмийлердин маалыматына ылайык, учурда Өзбекстанда кыргыз капиталы бар 96 компания иштесе, Кыргызстанда 200дөн ашуун кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы бар.

Тектеш темалар