Д.Камчыбеков: Солтон-Сарыдагы чатак бышып жетилген

Кыргызстандын Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын өкүлү, техника илимдеринин доктору Дүйшөнбек Камчыбеков Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Кыргызстандын Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын өкүлү, техника илимдеринин доктору Дүйшөнбек Камчыбеков

Кыргызстандын Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын өкүлү, техника илимдеринин доктору Дүйшөнбек Камчыбеков тоо-кен тармагын өнүктүрүүдөгү тоскоолдуктар тууралуу Би-Би-Сиге маек куруп берди.

Адис Солтон-Сары кениндеги чатак бышып жетилгенин, бул өңдүү инвестор менен жергиликтүү элдин конфликттерин алдын алуу үчүн тийиштүү мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылдыгын айтты.

Д. Камчыбеков: "Жер казынасын тууралуу" жаңы мыйзам сөзсүз түрдө өзгөртүүгө муктаж. Биздин ассоциация 2012-жылдан бери эле бул тууралуу кайталап келет. Былтыр жаңы мыйзам кабыл алынгыча биз өзүбүздүн мыйзам долбоорубузду да сунуштап чыкканбыз. Жогорку Кеңешке да, өкмөткө да жөнөткөнбүз. Бирок корпоративдик кызыкчылыктар барбы, айтоор, кайра эле болбой эски варианттагы мыйзам өтүп кетти.

Бирок ал мыйзам иштебей жатканын бүгүнкү күнү көрүп жатпайбызбы.

Image caption Солтон-Сары кенинде чыккан чырдан Jhong ji Mining компаниясынын 20 кызматкери жабыркады

Мына бир эле мисал келтирейин: борбордук орган инвесторго лицензияны берет, уруксат кагазы менен компания жер-жерлерге барганда тил табышса жакшы, таппай калса кыйналып жатат. Лицензия алып жатканда бир коромжу болот, анан долбоор жасатканда да чыгым болот. Экспертизадан өткөрүп жатканда дагы акча-каражаты кетет. Ошончо чыгым болуп, анан жергиликтүү эл менен келише албай, иштеше албай кетип жатат. Жоболордо болсо жергиликтүү бийлик тоскоол болбошу керектиги жазылган. Бирок эми Солтон-Сарыдагы окуяны көрүп жатабыз да. Ошондуктан, инвесторду коргош үчүн биринчи кезекте мыйзамдарыбызды, жоболорубузду оңдоп алышыбыз керек

Би-Би-Си: Сиздерде инвесторлор менен жергиликтүү элдин кагылышын алдын алуу үчүн конреттүү кандай сунуш бар?

Д. Камчыбеков: Мисалы, азыр мен тоо-кен тармагын иштетем деген жеке ишкер боломбу же юридикалык тараппы, тоо-кен тармагын караган комитетке арызымды жазып, ӨКМдан, суу департаментинен уруксаат кагаздарын алып келип берем. Анан комитет мен иштетем деген жер аукциондук объект болсо, аны аукционго алып чыгат. Сынак аркылуу берилчү жер болсо, сынак уюштурат. Тикелей сүйлөшүү жолу аркылуу да алса болот. Ошону менен ишкер борбордук органдын эле жообун күтүп отуруп калат. Биз бул боюнча кошумча жол жобо сунуштап жатабыз. Ишкер келип тиешелүү документтерин профилдик органга тапшырып катталгандан кийин, өзүнүн программасын, социалдык пакеттерин даярдап алып жергиликтүү эл менен жолуксун. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, макулдугун алып, келишим түзүшү керек. Кайра Бишкекке кайтып, ал келишимди көрсөтүп, "эл жардам бермей болду, чогуу иштешмей болдук" дегенден кийин гана лицензиясын алат. Бул конфликттердин алдын алат.

Image caption Солтон-Сары кенин иштетүүгө каршы митинг бүгүн да уланууда

Болбосо Конституцияга деле бакыйта жазып жатабыз го, кен байлыгы биринчи кезекте элдики деп. Жергиликтүү эл деле ойлойт да: бул кен байлык мен жашап жаткан жерде жайгашса, же бизге жакын жайытта болсо, кен иштеткен жерге жакын аккан суудан мал, ал эле эмес адамдар өздөрү суу ичсе, келип алып компания эмнеге аны булгайт? Элдин же социалдык маселеси чечилбесе, анда кенди иштетүүдөн эмне пайда дешет да. Иштетүүнүн эмне кереги бар деген логикалык суроо пайда болот.

Би-Би-Си: Азыр тоо-кен тармагын жөнгө салчу жалгыз бир мыйзам бар, ал да өзгөртүүлөргө муктаж деп жатасыз. Жер казынасын пайдалануу жаатында кошумча документ керекпи?

Д. Камчыбеков: Тоо-кен тармагын кантип өнүктүрөбүз деген стратегиялык документ керек. Бирок биз андай документ эмес, концепция да кабыл ала элекпиз. Бул Коопсуздук Кеңешинде президент өзү тапшырма бергенден кийин да өкмөт ал концепцияны аягына чыгарып, даярдай албай жатат. Концепцияда инвесторлор менен кантип иштешүү керек, инвесторлорду ким коргойт: борбордук бийликпи же жергиликтүү бийликпи деген суроолорго жооп керек. Бул эң биринчи кезекте жасалчу иш.

Би-Би-Си: Буга чейин тоо-кен тармагын иштетүүчү бирдиктүү орган жок болуп жатканына да көңүл бурдуңуз эле?

Д. Камчыбеков: Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети энергетиканы караганга үлгүрөбү же тоо-кен тармагынбы? Бул комитеттин жетекчилери менен сүйлөшсөң, алар колдору энергетика тармагынан бошобогонун айтышат. Энергетика дагы, тоо-кен тармагы да көйгөйлүү, андыктан жалаң жер казынасы менен иш алып барган бирдиктүү эле мекеме түзүү керек. Ошол маселе да чечилбей келе жатат.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар