Президент Жээнбеков: Бул эки адамдын тиреши эмес, бул мыйзамдуулук менен өзүм билемдиктин тиреши

Жээнбеков Сүрөттүн автордук укугу www.president.kg

Президент Жээнбеков Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында сөз сүйлөп, Атамбаев мыйзам талаасынан чыгып кеткенин белгиледи.

"Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга катуу тоскоолдук кылды. Атамбаев жана анын айланасындагылар ок атуучу курал колдонуу менен каршылык көрсөтүштү. Алар мыйзам талаасынан таптакыр чыгып кетишти",-деди президен Жээнбеков.

Ошондой эле Кыргызстандын лидери кечээ операция учурунда каза тапкан аскердин жакындарына көңүл айтты.

"Кырчындай болгон жигитибиздин өмүрү - бийликтен да, байлыктан да, ар кандай саясий дымактан да кымбат эле. Маркумдун ата-энесине, балдарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Энеси - Өктөм Мамаева менен кечээ эле мекендештердин форумунда жолуктум эле. Жүрөгүм ооруп турат, аза кайгысын тең бөлүшөм",-деди Жээнбеков.

Өлкө башчы аскер күчтөр аягына чейин ок чыгарбаганын, кан төгүлбөсүн деп желим ок колдонулганын, кырдаалды мындан ары дагы курчутпоого аракет кылынганын белгиледи.

Сүрөттүн автордук укугу President.kg

Жээнбеков окуяда күнөөлүүлөр жоопко тартылат деп маалымдады:

"Айтылган фактылар боюнча кылмыш иши козголду. Күнөөлүүлөр сөзсүз түрдө жазага тартылат. Кечээге чейин Атамбаев тергөөгө күбө катары чакырылып келсе, эми ал оор кылмышка шектүү катары чакырылат".

Эми өлкөдө мыйзамдуулукту, тынчтыкты, коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чаралар аткарылат, деди президент. Андан тышкары көйгөйдү жайгаруу үчүн мамлекеттин күчү жана саясий эрки жетиштүү экенин кошумчалады.

"Бул эки адамдын тиреши эмес. Бул коррупциянын туу чокусу болгон бардык кылмыштуу иштерди ачууга, тергөөнүн мыйзам чегинде таза жүрүшүнө, соттук процесстердин адилеттигин камсыз кылууга каршы жасалып жаткан күрөш",-деди президент Жээнбеков.

Тектеш темалар