Атамбаевдин кармалышы боюнча эксперттер эмне дейт?

Атамбаев Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO/AFP/Getty Images

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мурдагы президент А.Атамбаев 26-августка чейин убактылуу абакта кармалат деп билдирди.

Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесаревге шилтеме берип, ТАСС" агенттиги Атамбаевге коррупция беренеси менен айып тагылганын жазды.

"Атамбаевге коррупцияга каршы айыптар коюлду, башка маалымат жок",-деди Слесарев.

Мурдагы президенттин адвокаты Атамбаевди кармоо учурунда процессуалдык нормалар бузулганын маалымдады. Анын ичинде кармоо боюнча документтер Атамбаевдин өзүнө көрсөтүлгөн эмес, деди адвокат.

Атамбаевдин жакын тарапкери Фарид Ныязов 48 саатка абакта кармалат. Ал УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлерин барымтага алуу окуясы боюнча шектелүүдө. Сот эки күндүн ичинде баш каргоо чарасын чечет. КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева болсо атайын кызматтын жоокерлерин барымтага алуу боюнча Ички иштер министрлигинде күбө катары сурак берген.

Кечээ Атамбаевдин тегерегиндеги кырдал боюнча Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулуп, президент Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрдү.

Президент Жээнбеков парламенттин кезексиз жыйынында сөз сүйлөп жатып, Атамбаев мыйзам талаасынан чыгып кеткенин белгиледи.

Ошондой эле өлкө башчы мыйзамдуулукту, тынчтыкты, коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чараларды аткарууга мамлекеттин күчү жана саясий эрки жетиштүү экенин кошумчалаган.

Мурдагы президент Атамбаев бийликти 2017-жылы президент Жээнбековго өткөрүп берген эле. Эки жакын санаалаш кантип душманга айланды? Эки лидердин тирешүүсүнүн артында эмне турат?

Би-Би-Си жергиликтүү жана эл аралык эксперттердин пикирин укту.

"Атамбаев чыгармачыл жана эмоционалдуу адам жана ушул эмоциясынан улам ал жаңы ролунда [экс-президент ролуна] өзүн ыңгайсыз сезди",-дейт талдоочу Азим Азимов.

Лондондо жайгашкан PRISM команиясынын саясий тобокелчилик боюнча адиси Тобиас Воллмердин айтымында, эки лидердин "жеке пикир келишпестиги" өлкөдөгү кырдаалга таасир этти. Атамбаевдин жакын санаалаштары коррупция боюнча айыпталгандан кийин, мурдагы президент менен аракеттеги президенттин тиреши жалпы коомго ачык чыга баштады. Камакка алынгандардын арасында эки премьер-министр дагы бар.

Бирок президент Жээнбеков мурдакы президент менен мамилеси "жеке келишпестиктен" эмес деген пикирде.

"Бул эки адамдын тиреши эмес. Бул коррупциянын туу чокусу болгон бардык кылмыштуу иштерди ачууга, тергөөнүн мыйзам чегинде таза жүрүшүнө, соттук процесстердин адилеттигин камсыз кылууга каршы жасалып жаткан күрөш",-деди президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин кезексиз жыйынындагы кайрылуусунда.

Май айында С.Жээнбеков мурдагы президентти жоопко тартууга жол ачкан мыйзамга кол койгон. Көп өтпөй 27-июнда өлкөнүн парламенти Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратты. Муну мурдагы президент саясий куугунтук катары мүнөздөп, суракка баруудан баш тарткан.

Тобиас Воллмер Атамбаев "өзүнө карата колдоо канчалык деңгээлде экенин туура эмес эсептеп алган" деген пикирде. Ошондой эле жергиликтүү жана эл аралык эксперттер кыргызстандыктар туруктуулуктуу жогору баалап, мурдагыдай башаламандыкка жол бербөөгө үндөгөнүн айтышууда.

Кечээ 16:00дөн кийин коопсуздук кызматкерлери Атамбаевди кармаган. Бир нече саатка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев өзү колго түшүп бергени айтылды. Атамбаевдин жанындагы жардамчысы бул учурлардын баарын тасамага тартып алган. Көп өтпөй интернетке Атамбаев кантип кармалганы толук баяндалган тасма тарады.

Операцияга эки миңге чукул коопсуздук кызматкерлери катышып, алар көздөн жаш агызган газ, үн күчөткүч каражаттарды колдонуп, Атамбаевдин тарапташтарын таратты.

Кой-Таш айылындагы операциядан кийин Атамбаевдин тарапкерлери Ала-Тоо аянтында чогулган. Алар аянттагы жолдорду бууп, темир тосмолорду жылдырышкан. Үч жүзгө чукул милиция күчтөрү Бишкектин негизги аянтындагы топтошкон элди үн күчөткүч каражаттар менен дароо эле таратты. Бирок баш калаанын айрым райондорунда башаламандык болуп, көзөмөл камералар талкаланган эле. (AT)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар