Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келди

Бабанов

"Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан ондогон тарапташтары тосуп алды.

"Урматтуу элим! Биринчиден, бардыгыңарды сабырдуулукка чакырам. Билесиңер сабырдуулук баардыгын жеңет. Ошону үчүн сабырдуулук керек. Урматтуу элим! Мен жакшы учуп келдим. Мени эч ким текшерген жок. Кечээ күнү уктум, УКМК Бабановго карата кылмыш иштер тууралуу сөз кылганын. Мен дайыма мыйзамдуу түрдө жооп бергенге даярмын..."-деди Бабанов тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып.

Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келери белгилүү болгондо эле, өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматы мыйзам алдында жооп берет деп билдирүү тараткан. Байкоочулар аны аэропорттон эле кармап кетиши мүмкүн экенин болжоп жатышкан. Бирок Бабановдун кайтып келүүсүнө тоскоолдук жасалган жок.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун эң башкы атаандашы болгон. Шайлоо жарышы учурунда анын коңшулаш Казакстандын президентине барып жолукканы, кыргыз-казак мамилесин бир топ чыңалткан. Ошол кездеги казак президенти Нурсултан Назарбаев Ѳмүрбек Бабановду кабыл алып, колдоо көсрөткөнүн Ак-Ордонун сайты жазып чыккан. Ошондон кийин расмий Бишкек бул эгемен өлкөнүн ички ишине кийлигишүү болуп жатат деп казак элчисин чакыртып, каршылык нотасын тапшырган.

Көп өтпөй үгүт маалында шайлоочулардын алдында сүйлөгөн сөзү коомчулукта катуу талкууларды жаратып, кийин "улут аралык кастыкты козуткан" сөз сүйлөдү деп, кылмыш иши козголгон.

Өмүрбек Бабанов шайлоодо 33 пайыздан ашуун добуш алып, айрым облустарда жеңишке жетишкен эле. Шайлоодон кийин, саясаттан кеткенин айтып, Орусияга чыгып кеткени белгилүү болду.

Шайлоодогу дебаттарда Сооронбай Жээнбеков "коррупция менен күрөштүн сенден баштайм" деп, "2005-жылдан баштап кимдин кантип байыганын, ким мамлекетке кызмат кылганын, ким уурдаганын жакшы билем, сага 25 суроом бар",- дегени бар.

Бирок Бабановко ошол суроолор бериле элек. (AbA)

Тектеш темалар