Өкмөт Солтон-Сарыдагы тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгүн токтотту

Солтон-Сары кенинен кытайлык компаниясын чыгып кетүүнү талап кылган жергиликтүү тургундардын нааразылыгы уланууда.

Солтон-Сары алтын кенин иштетүүгө каршы митинг

Бүгүн кыргыз өкмөтү Солтон-Сары кениндеги Zhong Ji Mining Company тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгү токтоткону тууралуу билдирүү таратты.

"Чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцисынын тиешелүү корутундусунун негизинде кабыл алынды",-деп жазды өкмөттүн расмий сайты.

Кечээ күнү аймакка биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов барып, "жергиликтүү жашоочулардын койгон талаптары мыйзам чегинде аткарылат. Мындан тышкары кенде бул күндөрү жергиликтүү калктын жана кытай компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өткөн окуяларга байланыштуу тыкыр тергөө жүргүзүлөт" деп билдирген.

Солтон-Сары алтын кенин иштетүүгө каршы митинг

«Ведомстволор аралык атайын комиссия өз ишин жүргүзөт. Алардын ишинин жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынат», -деген вице-премьер-министр.

Кытайлык «Zhong Ji Mining Company» компаниясы Солтон-Сары кенинде 2009-жылдан тартып иштейт. «Солтон-Сары» кени Бишкек шаарынан 355 км аралыкта, Нарын облусундагы Капка-Таш тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 3500-3600 метр бийиктикте жайгашкан. Кен жайгашкан жер Бучук жана Алтын -Төр деген эки участоктон турат.

Солтон-Сары алтын кенин иштетүүгө каршы митинг

«Zhong Ji Mining Company» Кытай-Кыргыз ЖЧК компаниясына кен пайдалануу укугуна биринчи лицензия 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору К.З.Курманалиев тарабынан берилген. Кийин уруксат кагаздарын 2011-жылы Замирбек Эсенаманов, 2014-жылы Дүйшөнбек Зилалиев, 2018-жылы Сүйүнтбек Аликеев тарабынан узартылган.

"3228 АЕ лицензиясы — 2013-жылдын 4-февралында 2033-жылдын 4-февралына чейин Солтон-Сары кенинин Бучук участкасынан алтын казууга 20 жылга уруксат берилген. Лицензияны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы И.К.Чунуевден алышкан",-деп маалымат таратты өкмөттүн расмий сайты.

Кечээ күнү компаниянын ишин токтотуу талабы менен чыккан жергиликтүү тургундар менен компания кызматкерлери ортосундагы чырдан бир нече киши жабыр тартты. Саламаттык сактоо министрлиги 48 киши жабыр тартканын ырастады. Бул боюнча милиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатканын айтууда.

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги дагы Солтон-Сары кениндеги чыр-чатак боюнча кечээ билдирүү таратып, топтолгон эл кытайлык «Zhong Ji Mining» компаниясынын өкүлдөрүн сабап кеткенин, жаңжалдан кийин компания чоң чыгымга туш болгонун маалымдады. Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь жаракат алгандарга жолугуп келгенин дагы билдирди.

Солтон-Сары алтын кенин иштетүүгө каршы митинг

Элчиликтин билдирүүсүндө Кытай компаниялары көп жылдан бери Кыргызстанга инвестиция салып, жергиликтүү элдин бакубатчылыгына салым кошуп, эки өлкө алакасын чыңдап келе жатканы айтылат. Ошондой эле Кытай өкмөтү чет өлкөдө бизнес менен алектенген кытайлык ишканаларын жергиликтүү мыйзамдарды сактоону дайыма талап кылып келгенин белгилеген.

Кытайдын Бишкектеги элчилиги кыргыз өкмөтүн жабыр тарткандарга медициналык жардам көрсөтүп, тыкыр тергөө иштерин жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартып, көйгөйдү чечип берүүнү талап кылды. (AbA)

*

Тектеш темалар