Петр Ошинский: Кыргызстанга саякатымдан баш тартып кетейин дедим

Петр Ошинский Сүрөттүн автордук укугу Social Media
Image caption Польшалык турист Петр Ошинский

Кыргызстанда өткөн аптада болгон саясий окуялар өлкөнүн туризм тармагын бир топ түйшөлттү. Жергиликтүү экономисттер өлкөдөгү саясий туруксуздук экономикага оор залакасын тийгизет деп эскертишкен.

Кыргызстандыктар жайкы туристтик сезонго бир жыл бою дайынданышат. Көп сандагы туристтер Кыргызстанга негизинен жайкы мезгилде келет. Эко-туризм соңку жылдары өнүгүп бара жаткан тармак болуп калды. Ошондой эле Ысык-Көлгө жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн жыл сайын миңдеген кишилер келип эс алып кетет. Туризм тармагы өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн беш пайызын түзөт. Расмий маалыматтарда өткөн жылы өлкөгө алты миллион 946 миң турист келгени айтылган.

Кыргызстандагы соңку окуялар дүйнөлүк ММКлардын сап башына чыкты. Дүйнөдөгү эң ири маалымат каражаттары Кыргызстан тууралуу тынбай маалымат берип, агресивдүү митинг жана өрттөнүп жаткан унаа, милиция менен митингчилер тирешкен кадрларды көрсөтүп турду.

Би-Би-Си Кыргызстанга сапарга чыгууга даярдык көрүп жаткан туристтердин бири Петр Ошинский менен маектешти. Телефон аркылуу маек учурунда, польшалык жаран Кыргызстанга келүү планын алты ай мурун эле түзгөнүн кеп кылды.

Петр Ошинский: Кыргызстанга болгон сапарыма көптөн бери даярданып келем. Ошондуктун сапарымды өзгөрткүм келген жок. Алты айдан ашуун убакыттан бери Кыргызстанга барам деп чыдамсыздык менен күттүм. Жетиштүү акча топтоюн деп катуу иштедим. Кыргызстандын сүрөттөрүн карап, суктанып жүрдүм. Ошондуктан сапарымды жылдыргым келген жок. Бирок бул окуялар мени бир чочулаттты. Биралдын баш тартсамбы деп дагы ойлондум. Абал кандай экенин так билүү үчүн соңку кырдаалга тынбай көз салып жаттым. Жаңылыктардан издеп жүрүп окуп жаттым. Себеби билетим колумда, жакында бара турган болсом, өлкөдөгү кыраалды билүү меникиндей абалдагы кишилер үчүн өтө маанилүү эмеспи. Албетте, мындай окуялар көптөгөн туристтерди чочулатты деп айта алам. Мындай окуялар көптөгөн европалык туристтерге таасир этет.

Сүрөттүн автордук укугу Азамат Бекзоо

Би-Би-Си: Сиз эмнеге көбүрөөк тынчсыздандыңыз? Коопсуздук маселесинен улам кабатыр болдуңузбу?

Петр Ошинский: Жок, коопсуздугума тынчсызданган деле жокмун. Мен көп саякаттайм, дайыма мыкты даярданып барам. Бара турган мамлекет тууралуу алдын ала окуп, эң негизги көрчү жерлерди аныктап алса болот. Мени таң калдырганы Кыргызстанда бул окуялар бир заматтын ичинде болуп кеткендей болду. Балким, мен жергиликтүү саясатты көп билбей эле сүйлөп жатам. Бирок кечээ гана Кыргызстан тууралуу эч сөз болбой эле, бүгүн дүйнөлүк жаңылыктардын баш сабына чыгып кеткени ойлондурду. Чын эле өлкөдөгү абал кандай деген суроону жаратты.

Ошондон кийин гана сүрөттөн көргөн Кыргызстандын реалдуу жашоосу тууралуу маалымат чогулутуп баштабадымбы.

Сүрөттүн автордук укугу Азамат Бекзоо
Image caption Австриядан келген студенттер

Би-Би-Си: Кыргызстандагы кырдаал боюнча маалыматты каяктан алып жаттыңыз? Польшалык телеканалдар чагылдырдыбы?

Петр Ошинский: Польшадагы телеканалдар окуяны чагылдырды, бирок жакшы түшүндүргөн жок. Кошумча маалымат издесеңиз дагы таба албайсыз. Менимче польшалыктар эмне себептен мындай кырдаал чыкканын жакшы түшүнүшкөн жок. Көптөр кызыкпаса деле керек.

Мен маалыматты англис тилиндеги булактардан алып жаттым. Алар кырдаалды жакшы түшүндүрүп берди деп ойлойм. Ошол күндөрү Кыргызстандагы окуялар дүйнөдөгү негизги жаңылыктардын катарында турбадыбы. Кыргызстанга турист катары келем деп жаткан көптөгөн саякатчылар аны көрдү же окуду болушу керек.

Тектеш темалар