Атамбаевге оор айыптар тагылды

Кыргызстандагы күч түзүмдөрүнүн жетекчилери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы окуялар боюнча маалымат жыйынын өткөрдү.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Атамбаевге "куралды мыйзамсыз жүгүртүү", "киши өлтүрүү", "массалык башаламандык уюштуруу" беренелери менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Бул өтө оор беренелер.

"2019-жылдын 7-августунда тергөө тобунун жетекчисинин токтомун аткаруу максатында УКМК кызматкерлери жана башка кызматкерлер ошол токтомду Атамбаевге тааныштырып, аны тергөө кызматына алып келүү максатында Кой-Таштагы үйүнө барган учурда укук коргоо органдарына тоскоолдук кылышкан. Атамбаевдин үйүнүн короосуна мурдатан төгүлгөн таштарды курал катары колдонуп, каршылык көрсөтүшүп, бийлик өкүлдөрү болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлерине белгисиз куралдарды колдонуп, башаламандык болуп оор кесепеттерге алып келген. Ошонун натыжайсында УКМКнын атайын багыттагы "Альфа" түзүмүнүн офицери Үсөнбек Ныязбеков октон алган жаракатынан каза болгон. Ошол эле учурда "Альфа" түзүмүнүн алты кызматкерин барымтага алып калышкан. Барымтага албай койгонго толук мүмкүнчүлүгү бар экенине карбай ушуга барышып, өздөрүнүн тийиштүү талаптарын коюшкан. Алты кызматкерди 20 сааттан ашуун барымтага алышып, 8-август күнү бийлик органдарына өткөрүп берген. 7-августтагы Кой-Таш айлындагы окуялар боюнча жалпы сегиз факты боюнча Кылмыш жана жазыктардын бирдиктүү реестрине "Массалык башаламандык" бир жазык иши, "Киши өлтүрүү" боюнча бир жазык иши, "Барымтага алуу", "Ээнбаштык" боюнча бир жазык иши, "Киши өлтүрүүгө аракеттенүү" боюнча төрт жазык иши катталган",-деди Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов.

Башкы прокуратура тарабынан атайын мекемелер аралык тергөө тобу түзүлүп, аны иликтөө ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылган. Учурда алты кызматкерди барымтага алуу жана массалык башаламандык уюштурган деген шек менен Ф.Ныязовго, К.Исмаиловго, А.Кылычовго, А.Жамгырчиевге Шаменовго кылмыш иши козголуп, 8-октябрга чейин камакка алынды.

"Ошондой эле бүгүн 2019-жылдын 13-августунда Атамбаевге карата куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүп, массалык баш-аламандыкты уюштуруп, тергөө аракеттерине тоскоолдук кылуу максатында алты кызматкерди барымтага алып, бир кызматкерди өлтүрүп жана өлтүрүүгө аракет кылуу фактылары боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 355-беренесинин 2-бөлүмү, "Бийлик өкүлүн коркутуу жана ага карата зомбулук", 43-беренесинин 2-бөлүмү, "Уюштуруучу", 264-беренесинин 1-2-3-бөлүмдөрү, "Массалык башаламандыктар", 43-беренесинин 2-бөлүмү, "Уюштуруучу", 337-берененин "прокурордун жана тергөөчүнүн алгачкы тергөө органын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын ишине тоскоолдук кылуу" боюнча кабарлама берилди",-деди Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов.

"Мындан сырткары 2019-жылдын 8-августунда Кой-Таш айылында кайрадан ИИМдин кызматкерлери барган учурда дагы Атамбаев жана анын тарапташтары тарабынан каршылык көрсөтүлүп, массалык башаламандыктарга жол берилген. Ал бул окуяларда "Массалык башаламандык" боюнча бир жазык иши козголгон. "Бөтөн мүлктү жок кылуу жана бузуу" боюнча бир жазык иши козголгон. "Ээнбаштык" боюнча бир жазык иши козголгон. Ошол эле күнү кечинде 2019-жылдын 8-августунда Ала-Тоо аянтында белгисиз адамдар чогулуп, ал жерде милиция кызматкерлери барып, чогулган адамдар тарабынан 40 адам кармалган. Алардын үчөөсү кылмышка шектүү катары кармалган. Алардын ичинен 39у өздүгү такталгандан кийин үйлөрүнө кое берилген. Бул 7-8-августтагы болгон окуялардын уландысы 8-августта кечинде Ала-Тоо аянтында болгон. Мунун артында уюштуруучулар бар. Ал жаш балдар кечки убакыттан пайдаланып, тоноочулук, мородерлук иш аракеттерин жасап, Атамбаевдин тарапташтары менен бийликти басып алуу максатында аракеттер болгон. Мындан кийин да 7-8-августта ушул иштерге тиешеси бар күбөлөр, көргөн-билгендер бардыгы аныкталып, тергөөгө чакырылып сурак жүргүзүлөт".

"Атамбаевдин тегерегинде козголгон иштер президентибиз С. Ш. Жээнбековдун түздөн-түз өзүнүн көзөмөлүнө алынган. Ар бир кылмыш иш боюнча мыйзам чегинде чечим кабыл алынышыны талап кылды. Эч кандай бирөөнүн кызыкчылыгы же өч алуу максатында, бирөөнү кылмыштык жоопкерчиликке тартуу максатында жол берилбестиги боюнча катуу талап койду. Бүгүнкү күндө Атамбаевдин 120 мүлкү камакка алынды. Мирбек Айтикеев, Кундуз Жолдубаева, Н.Мамытова, Дмитрий Ложников, И.Карамушкина, А.Кодурановалар 7-8-августтагы окуяларды бүт көрүшкөн. Иштин жагдайы, обьективдүү жана толук тергелиши үчүн бул адамдарды, дагы башка күбөлөрдү тактайбыз. Буларды биз журналист, саясатчы катары же көз карашы үчүн эмес, жагдайды толук аныкташ үчүн, юридикалык баа бериш үчүн суракка алабыз",-деди Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов.

УКМК маалыматтары: Атамбаевдин максаты мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу болгон

"Бүгүнкү күнү Атамбаевдин чагымчыл аракеттери тууралуу көптөгөн оперативдик маалыматтарды ачыктай алам. Бул аракеттер эмнеге жана кантип уюштурулганы белгилүү эле болуп калды. Анын күбө катары мыйзамдын негизинде көрсөтмө берүүгө ИИМдин чакырууларын четке какканы. Ички иштер министринин орун басары, тергөө амалдарынын башчысы Каниметов А.Атамбаевдин үйүнө барганда, аны имаратка киргизбей коюшкан. Ал жакшы билген, күч түзүмдөрүнүн мындан кийинки кадамы, аны күч менен алып келүү экенин. Дал ошол себептен ал аялдарды, балдарды жана карыяларды үйүндө кармап турган. Аларга миң сомдон үч миң сомго чейин акча берип турган. Бул эмнеге жасалды эле - милиция келгенде тирешүү болот деген план бар болчу. Дарбазанын алдында үйүлүп, чөп менен жабылган таштар буга далил. Ага кан төгүү керек болду. Урматтуу достор! Кан төгүлгөндөн кийин ал мамлекеттик төңкөрүштү уюштурмак. Ошондуктан мыйзамдын чегинде аны күч менен кармап келүү чечими кабыл алынган. Мындай буйрук Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке түшкөн",-деди УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев.

"Азыр көптөр айтып жатат, атайын даярдыктагы күчтөр, "Альфа" кармоого тартылбашы керек болчу деп. Ооба, атайын даярдыктагы күчтөр террордук коркунучтар менен күрөшүү үчүн түзүлгөн. Бирок кандай учурларда атайын даярдыктагы күчтөр тартылышы керек экени боюнча кошумча беренелер бар. Тергөөчүгө териштирүү учурунда коркунуч жаралса, мага рапорт жазылат. Анын негизинде мен тергөөчүлөрдүн тобуна көмөк көрсөтүү боюнча чечим кабыл алууга укугум бар. Мындай учурлар буга чейин дагы катталган. Мисалы, Ош облусунда баңгизат соодагерлерин кармоодо, Кара-Балта шаарында кылмыштуу топтун өкүлдөрүн кармоодо буга окшош чечимдерди кабыл алгам. Бул адаттагыдай эле кадам. Көптөгөн суроолор түшүп жатат, "эмнеге атайын даярдыктагы "Альфа"тобу жана эмнеге аз сандагы аскерлер жөнөтүлгөн" деген суроолор. Мен кайрадан айтып кетейин, бул атайын операция эмес, атайын даярдыктагы "Альфа"тобу тергөөчүлөрдү калкаламак. Башкача айтканда атайын даярдыктагы топтор тергөөчүлөрдү тышкы тараптардан калкалоо болчу. Сиздер өзүңүздөр топтолуп турган таштарды көрдүңүз. Алар жалпак тил менен айтканда корридор түзүп бериши керек эле. Ошону үчүн гана "Альфа" тобу барган, ошондуктан алардын саны аз болчу. Күч менен кармап келүүнү беш башка сценарийи бар болчу. Биринчи сценарийди алгачкы аракетте колдондук. Ал эң оптималдуу жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү эң жогору болчу. Себеби, ар бир аракетибиз Атамбаевдин штабына жеткирилип турган. Муну дагы так билгенбиз. Анткени мурдагы кызматкерлер жана азыр дагы иштеп жаткан кызматкерлер, ошол эле А.Сегизбаев менен У.Исраиловдун кол алдында иштегендер, штабдан маалымат үчүн акчалай сыйлык алып турушкан. Кандай чечимдер кабыл алынып жаткандан тарта, баяндамаларды ким окуп жатканы боюнча дагы маалымат ачыкталып жаткан болчу. Ошондуктан күтүүсүз жерден күч менен кармап кетүү керек эле. Менин мурдагы кесиптештеримдин көбү УКМКга сын тагып жатат. Мен дагы бир жолу белгилеп кетейин, биздин ар бир аракетибиз, атайын даярдыктагы аскерлерге берген буйругубуз боюнча маалымат жарым саатын ичинде Атамбаевдин штабына жеткирилип жатты. Дароо эле 400-500 киши топтолуп калып жатты. Алардын көбү аялдар, балдар жана карыялар экенин дагы бир жолу белгилеп кетем. Аны сиздер жакшы түшүнүп турасыздар. Ага кан төгүү керек болуп жатты. Ошондо ал бийликти айыптап, мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга жол ачмак."

УКМКнын төрагасы ошондой эле каза тапкан офицерди өлтүрүү үчүн атайын жүрөккө атышканын айтты. Бул окуяга тиешелүүлөр жазага тартылгандан кийин кызматтан кетем, деди УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев.

"Баш аламандыктарды уюштурууга баргандардан 40 жаран кармалды"

"Коомчулук бизден коомдук тартип бузгандарды, баш аламандыктарды уюштургандарды, барымтага алгандарды, адам өлтүргөндөрдү, адам өлтүрүүгө аракет кылгандарды, автоунааларды талкалагандарды, Беш-Күнгөйдөгү милиция имаратын өрттөгөндөрдү жана ээнбаштык кылгандардын баардыгына укуктук баа берүүнү талап кылууда. Ошол себептүү бүгүнкү күндө тергөө иштеринин масштабдуулугу артып барат. 8-августтун түнүндөгү акыбалды жөнгө салуу максатында коомдук тартип бузууга катуу аракеттенген, эч кимге баш ийбөөгө аракеттенген жарандарды атайын каражаттарды колдонуу менен аянттагы жаалданган жаштарды таратуу чечимин кабыл алдым. Алар көчөлөрдөгү дүкөндөрдүн айнектерин, аялдамаларды жана аппараттык программалык комплекстерди талкалап кетишти. Түнү бою мыйзамсыз аракеттерге баргандарды аныктоо, тактоо жана иликтөө иш-чаралары жүрдү. Милиция кызматкерлери, элдик кошуундар таң аткыча Бишкек шаарындагы коопсуздукту сактоого тартылышты. Мыйзамсыз баш аламандыктарды уюштурууга баргандардан 40 жаран кармалды. Учурда алардын бешөөсү СИЗО-1 камалып, бирөөсү үй камагына чыгарылды, калгандары күбө катарында өтүп жатышат, учурда аталган фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш процесстери жүрүүдө",-деди ички иштер министри Кашкар Жунушалиев.

7-8-августтагы окуялар

7-августта кечинде УКМК Кыргызстандын мурдакы президенти Алмазбек Атамбаевди күч менен суракка алып келүү аракети ишке ашпай калып, өлкөдөгү саясий кырдаал чыңалган. Бир нече киши жаракат алып, атайын багыттагы аскер бөлүгүнүн офицери каза тапкан.

Эртеси күнү президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү.

"Алмазбек Атамбаев Конституцияны жана мыйзам талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга катуу куралчан каршылык көрсөткөн",- деди президент.

Жогорку Кеңеш дагы чукул жыйынга чогулуп, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин маалыматын уккан. Президент өзү дагы парламентке барып сөз сүйлөдү.

8-август күнү Атамбаевдин тарапташтары менен милиция күчтөрү ортосунда кагылышуу болду. Жүзгө чукул киши жаракат алган. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев кармалып, УКМКга алып келинген.

Кыргызстандагы окуялар дүйнөлүк дөө-шаа басылмалардагы жаңылыктардын баш сабына чыкты.

Лондондо жайгашкан PRISM команиясынын саясий тобокелчилик боюнча адиси Тобиас Воллмердин айтымында, эки лидердин "жеке пикир келишпестиги" өлкөдөгү кырдаалга таасир этти. Атамбаевдин жакын санаалаштары коррупция боюнча айыпталгандан кийин, мурдагы президент менен аракеттеги президенттин тиреши жалпы коомго ачык чыга баштады. Камакка алынгандардын арасында эки премьер-министр дагы бар.

Бирок президент Жээнбеков мурдакы президент менен мамилеси "жеке келишпестиктен" эмес деген пикирде.

"Бул эки адамдын тиреши эмес. Бул коррупциянын туу чокусу болгон бардык кылмыштуу иштерди ачууга, тергөөнүн мыйзам чегинде таза жүрүшүнө, соттук процесстердин адилеттигин камсыз кылууга каршы жасалып жаткан күрөш",-деди президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин кезексиз жыйынындагы кайрылуусунда.

Май айында С.Жээнбеков мурдагы президентти жоопко тартууга жол ачкан мыйзамга кол койгон. Көп өтпөй 27-июнда өлкөнүн парламенти Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратты. Муну мурдагы президент саясий куугунтук катары мүнөздөп, суракка баруудан баш тарткан. Атамбаев кримтөбөл А.Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча күбө катары суракка чакырылган эле. (AbA)