Жээнбеков: Атамбаевдин тарапташтары чогулгандарды башкара албай калды

Күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин маалымат жыйынында мурдакы президент А.Атамбаев боюнча катуу билдирүүлөр жасалды. Атамбаевке эң оор беренелер менен айып тагылууда.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Орозбек Опумбаев, журналисттерге маалымат берип жатып, Атамбаев ИИМдин күбө катары чакыруусунун баш тартып, күч түзүмдөрүнүн мындан кийинки кадамы, аны күч менен алып келүү экенин билип туруп, атайын чагымга барганын айтты. Анын максаты мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу болгон, деди атайын кызматтын жетекчиси. Бирок Атамбаевдин тарапташтары төңкөрүш аракети болгон деген айыптоолорду четке кагууда. Ошол маалда окуя болгон жерге барган саясатчы Равшан Жээнбековду маекке тартып, Атамбаевке карата тагылган айыптоолор, ошондой эле мындан кийинки саясий кырдаалга таасири тууралуу пикирин сурадык.

Равшан Жээнбеков: Бул чындап эле саясий абалдын чыңалганынын далили болуп эсептелет. Бирок мен айтпас элем, Атамбаев кандайдыр бир төңкөрүшкө даярдык көргөн деп. Атамбаев үйүндө жаткан. Үй камагына кирип алган эле өзүнөн-өзү. Үйүндө жатып төңкөрүш кылуу менимче, мүмкүн эмес. Анын үстүнө көрдүк, ал жерде 2000-3000дин тегерегинде кишилер жүрдү. Бир топ адистер айтып жатат, анын ичинде саясатчылар, атайын кызматтын мурдакы жетекчилери "операцияны туура эмес, саясий тобокелчиликтерди эске албай, ошол учурдагы абалды эске албай туура эмес операция өткөргөндүн натыйжасында ушундай оор кырдаал" жаралды деп. Ошонун натыйжасында бир топ адамдар жаракат алган, бир адамдын өлүмүнө алып келген окуяларга дуушар болуп калдык.

Би-Би-Си: Атамбаевге оор айыптар тагылып жатат. Анын жанындагы кишилерге дагы оор берене менен айып тагылууда. Оппозициялык ишмер катары бул окуялар адилеттүү баасын алат деп ишенесизби?

Равшан Жээнбеков: Мен ошол жерде өзүм аралашып жүрдүм. Албетте, жаман нерселер да болуп жатканын көрүп калып жаттым. Бирок, жакшы нерселерди да көрдүм. Себеби, ошол атайын кызматтардын балдарын кээ бир балдар сабап кетип жатса коргогон көптөгөн балдарды көрдүм. Тийгизбей жаткан балдарды да көрдүм. Жарадар болгон балдарды сыртка алып чыгалы деп аракет кылып жатканда, көптөгөн жигиттер келип жардам берип, атайын кызматтын балдарын көтөрүп чыгып эшикке алып чыгып жатканын көрдүм. Атайын кызматтын балдарына келип күч колдонобуз десе, бейбаш балдардан аларды коргоп төшүн тосо койгон балдарды көрдүм. Ким күнөөлүү болсо табылышы керек. Туура эмес иш кылган болсо, мыйзам бузган болсо, кылмыш кылса жооп бериши керек. Бирок, бардыгын күнөөлөп, бардыгы террорист, кылмышкер деген саясатты мамлекет, укук коргоо органдары жүргүзбөгөнгө аракет кылышы керек. Себеби, биздин укук коргоо органдарына болгон ишеним аз. Анткени изилдөөлөр бар. Укук коргоо органдарына адамдар ишенбейт. Укук коргоо органдары адилетсиз, күнөөсүз адамдарды күнөөлөп, бардыгын эле саясий куугунтукка такап, бардыгын коркутуп, камап таштайбыз десе, ал бийликке дагы, укук коргоо органдарына дагы эч кандай кадыр-барк, адилеттүүлүк, мамлекеттин кызыкчылыгына жооп берген шарт түзбөйт. Бир топ туура эмес иштер жасалып калат.

Би-Би-Си: Сиз өзүңүз дагы ошол күнү Кой-Ташка баргансыз. Эмне үчүн кырдаал колдон чыгып кетти. Атамбаевдин тарапташтарын теске салууга мүмкүн болбой калдыбы?

Равшан Жээнбеков: Элдин баары Атамбаевдин алдында иштегендер аралашып, ошолор топтолгондорду башкарып жүргөндөй түшүнүп жатат. Андай болгон жок. Себеби, бул айыл жери. Айыл жерин барыбыз жакшы билебиз. Атамбаевдин үйүнө УКМК кызматкерлери барганда ашып кетсе 200-300 адам болгон. Бирок, маалымат каражаттарынан түз чагылдырылып, бардык айылдардан муну угуп, көптөр ал жакка жетип барды. Ал жерде эч ким эч кимди башкара албай калды. Мисалы, мен ошол Атамбаевдин үйүндө атайын кызматтын кишилеринин бардыгын колго алып алганда бардым. Эч ким эч кимге баш ийбейт. Ар кандай топтогу жакшы дагы, жаман дагы, бейбаш дагы, аябагандай патриот, адилеттүү дагы балдар жүрдү. Бардыгы күнөөлүү болду деп айтыш туура эмес болуп калат го. Ал жерде башаламандык болуп кетти. Атамбаевдин адамдары, Атамбаевдин балдары эч нерсени башкара албай калды. Сырттан, айылдан келгендер абдан көп болуп кетти да алардын ичинде кимдер болгону билинбей калды. Балким, алардын ичинде чагымчылар болду дагы, арты оор кесепеттерге алып келди. Бир офицер каза болуп калды. Атамбаев тараптан 40-50 адам жарадар болду. Бул жерде абдан татаал абал түзүлдү. Мына ушул татаал абалды объективдүү, адилеттүү, мыйзамдуу гана иликтеп, биз күнөөлүү гана адамдарды жазалап, күнөөлүү эмес адамдарды укук коргоо органдары кое бериши керек деп ойлойм. (АbA)