"Өрт өчүргүч генерал": Курсан Асановдун таржымалы

Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун кызматынан бошотулганы коомчулукта кызуу талкууну жаратты.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Асановго карата "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши ачылып, Аскер прокуратурасынын иликтөөсүнө жиберилген.

"Милициянын генерал-майору Курсан Асанов, 2019-жылдын 7-8-августтарындагы өзүнүн аракеттери менен ИИМдин өзүнүн талаптарын жана көрсөтмөлөрүн аткарбастан, министр менен макулдашпастан укугу жок туруп, өз алдынча чечим чыгарып, ички иштер органдарынын өздүк курамын коркунучта жана башкаруусуз калтырган. Өзүнүн аракеттери менен колдонууда мыйзамдардын талаптарын аткарбастан одоно түрдө бузуп, Жазык процесстеринин талаптарын сактабастан иш боюнча далили бар буюмдарды жана документтерди тергөө органдарынан жашыруу аракети аныкталган. Ички иликтөө кызматынын корутундусу чогултулган материалдары, Башкы прокуратура тарабынан каралып чыгып, Жазык кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгүндө ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") каралган кылмыштардын белгилери менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, сотко чейинки өндүрүш ишин Аскер прокуратурасы жүргүзүүдө",-деди Башкы прокуратуранын маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Жаркынай Азиева.

53 жаштагы Курсан Асанов 90-жылдардын башынан бери милициянын катарында кызмат кылат. Асанов 1992-жылы милициянын атайын багыттагы (ОМОН) бөлүгүнө кызматка алынган. Ошол жылдардан бери ИИМдин түрдүү кызматтарында иштеди.

90-жылдардын ортосунда Ош шаарында акча алмаштыруу жайында иштеген ишкерди барымтадан куткаруу операциясында К.Асановдун аракети эл арасында катуу сөз болуп, ошондон кийин ысымы тааныла баштаган. Бир топ жыл райондук жана облустук кылмыш иликтөө бөлүмүнө жетекчи болуп жүрүп, 2005-жылы Ош облусундагы Кара-Суу райондук милициясына жетекчилик кызматка дайындалган. Кийин Өзгөн милициясын жетектеп, 2010-жылы Ош шаардык милициясына жетекчи болуп келген.

Ал Бишкекке которулуп кеткенден эки аптадан кийин Ошто июнь окуясы тутанып кетет. К.Асановду кайрадан Ошко жөнөтүшкөн. Мурда бир чөлкөмдө гана белгилүү болуп жүргөн Курсан Асанов 2010-жылдагы июнь окуяларынан соң жалпы коомчулукка кеңири таанылат.

"Элди стабилдештирүүгө, элди тынчтандырууга, кийин коопсуздукту камсыз кылууга, коомдук тартипти сактоого абдан чоң роль ойногон. Аны эч ким жаап жашыра албайт. Анын эмгеги белгилүү. Ошол үчүн ал кийин кызматтан, наамдан жогорулап алкыштарга татыктуу болгон да",-дейт УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев.

"Мен Асановду катардагы кызматкер кезинен баштап жакшы билем. 2005-жылы Өзбекстандын Анжыян шаарында башаламандыктар болуп кеткенде, ага коңшулаш Кыргызстандын Кара-Суу шаарына дагы эл чогула баштаган. Ошондо Асанов алар менен сүйлөшүп, таратканы эсимде. Бул киши караламан топ менен сүйлөшкөндү билет. Муну 2010-жылы көрдүк. Эч коркпостон туруп, өзбек кварталдарына, кыргыздар топтошкон жерлерге барып, аларды кепке келтирип, чыңалган кырдаалды жайгарып баштаган. Анын элди көндүрүп, коркпой-үркпөй сүйлөшкөн ыкмасы натыйжаларды берген",-деп айтып берди бир топ жылдан бери Ош шаарында эмгектенген журналист Хулькар Исамова.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Курсан Асанов 2010-жылдагы июнь окуяларынан соң жалпы коомчулукка кеңири таанылат

Ошол эле маалда эл арасында "июнь окуялары учурунда Асанов акча жасады" деген кеп-сөздөр айтылып жүрөт. Муну далилдеген фактылар болгон эмес.

Ош окуяларынан кийин Асанов генералдык наам алып, көп өтпөй КСДП менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.

"Кызматтан алынышын абдан таң калуу менен кабыл алдым. Менимче, абдан кылдат тергелиши, текшерилиши керек. Ошондон кийин гана далилдер болгондо гана бир нерсе деп айтууга мүмкүн. Анан ызы-чуу кылып, мындай-тигиндей деп айтууга эртерээк",-дейт УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев.

7-8-августтагы мурдакы президент А.Атамбаевди кармоо учурунда "Асанов сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кырдаалды андан ары курчуп кетишин алдын алды" деген баалар айтылып жаткан.

Атамбаевди кармоо учурунда тартылган тасма коомдук сайттарга тарап, анда сүйлөшүүнү К.Асанов жүргүзүп жатканын көрүүгө болот. Анда Асанов "генералдык сөзүм, балдарыңызга эч ким тийбейт" деп, Атамбаевди колго түшүп берүүгө үндөп жатат. Кийин "элдин тынчтыгы деп туруп, туура түшүнүп, "кандын кереги жок" деп өз каалоосу менен колго түшүп бергенине ыраазычылык билдирет.

Тасмада Атамбаев тепкичтен түшүп бара жатып, Ички иштер министри К.Жунушалиев менен учурашканы тартылган.

Кечээ кечинде тараткан ИИМдин расмий билдирүүсүндө сүйлөшүүлөрдү министр өзү жүргүзгөнү айтылды.

"Үйдүн ичиндеги А.Атамбаев жана анын тарапташтары министрдин койгон талаптарына макул болуп чыгууга даярданып калган кезде жеке кызыкчылыгын көздөп өзүнө бекитилип берилген коомдук тартипти сактоо боюнча сырттагы кызматтык ордун таштап Курсан Асанов А.Атамбаев менен сүйлөшүүгө кирип кеткен. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында коомдук тартипти турукташтырууда өзүнө тапшырылган жерде кызматтык милдеттерин аткаруунун ордуна, кызматтык ордун таштап пиар менен алектенүү, өзүнүн телефонун ошол жердеги кызматкерлерге берип окуялардын жүрүшүн тарттыргандыгы, курал-жарактарды кармаганга болбостугун, аны криминалисттик-эксперттик кызматкерлер гана кароого ала тургандыгын, фото-видео тартууларды атайын кызматкерлер гана тарта тургандыгына карабастан кызматтык милдеттерди аткарууда кемчиликтерге жол бергендиги аныкталгандыгы анын кызмат ордунан бошотуу боюнча чечим кабыл алууга негиз болгон",-деп айтылды расмий билдирүүдө.

Коомдук сайттарда ар кандай пикирлер айтылып жатат. Айрымдар тасмада Атамбаевдин үйүндөгү куралдарды К.Асанов мээлейи жок эле кармаганын сынга алышууда.

"Мен өзүмдүн кызматтык милдетимди аткардым деп эсептейм. Жеке кызыкчылыкты мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койгон жокмун" деп билдирүү жасады Асанов. (AbA)

Тектеш темалар