Адвокат: Атамбаевдин жансакчысында курал болгон эмес

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Атамбаевге "куралды мыйзамсыз жүгүртүү", "киши өлтүрүү", "массалык башаламандык уюштуруу" деген айыптар тагылып жатканын маалымат жыйыны учурунда айтты. Сүрөттүн автордук укугу prokuror.kg
Image caption Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Атамбаевге "куралды мыйзамсыз жүгүртүү", "киши өлтүрүү", "массалык башаламандык уюштуруу" деген айыптар тагылып жатканын маалымат жыйыны учурунда айтты.

Башкы прокурор мурдагы президент Алмазбек Атамбаев оор кылмыштар боюнча айыпталып жатканын билдирди. Азыркы учурда ал шектүү катары каралууда.

Өткүрбек Жамшитов Атамбаевге "куралды мыйзамсыз жүгүртүү", "киши өлтүрүү", "массалык башаламандык уюштуруу" деген айыптар тагылып жатканын маалымат жыйыны учурунда айтты.

Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев Атамбаев ага коюлуп жаткан айыптар тууралуу укканын, бирок көрсөтмө берүүдөн баш тартканын айтты.

Би-Би-Си Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири саналган Кундуз Жолдубаеванын адвокаты Замир Жоошевди кепке тартты. Жоошев күбө катары суралып жаткан Кундуз Жолдубаевадан сырткары А. Атамбаевдин жансакчыларынын бирине да адвокат экенин кошумчалады.

Замир Жоошев: Мен кечээки маалымат жыйынын дароо толук көрө алган жокмун. Макала катары бөлүп чыгарып жатышкан экен. Ошолордун кээ бирлерин гана окуп калдым. Бирине токтоло кетсем, "Атамбаевдин жансакчылары мыйзамдуу талаптарга баш ийген эмес" дейт УКМКнын өкүлү. Мен юрист катары муну менен макул эмесмин. Себеби, анын жан сакчыларына тапшырма коюлган. Алар артка чакырылып алынган эмес. Алар ошол күнү Атамбаевдин жанында болчу. Алардын алдына мыйзамдуу талап коюлган - аны сактап, коргошуңар керек деп. Ошондуктан Атамбаевге ким гана кол сала турган болсо, толук каршы туруп, курал колдонгонго укугу бар эле. Бирок алардын курал колдонбогонун билебиз. Буга чейин бул маалымат айтылган. Эгер атайын даярдыктагы аскерлер аларга талап койгон болсо, алар (жансакчылар) аткарбай койгону мыйзамдуу болгон. Алардын эң башкы тапшырмасы экс-президентти, объектти коргоо болчу.

Би-Би-Си: Атамбаевдин жансакчылары жөнүндө айтканда курал жөнүндө кеп кылып калдыңыз. Кандай курал жөнүндө сөз болуп жатат? Желим ок атуучубу, газбы же кадимки эле ок атуучу куралбы?

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Адвокат Замир Жоошев

Замир Жоошев: Эми муну мен так билбейм. Тергөө аныктайт да. Негизи газ окторду аткан куралдар колдонулган деп айтылып жатат. Экинчи тарап кадимки ок аткан куралдар колдонулган дейт. Мен муну так айта албайм. Атамбаевдин жансакчысы үчөө болгон экен. Анын бирөөсү дайыма жанында жүргөн. Анын куралы да болгон эмес. Ал эми эки жан сакчысы ичкери кире албай эшикте, сыртта калып калган экен. Ошол учурда Атамбаевдин жанында бир гана жансакчысы болгон. Анын куралы да болгон эмес. Ал эгер муктаждык болсо, куралсыз колу менен коргомок.

Би-Би-Си: Ошол жерде атайын кызматтын бир кызматкери жүрөгүнө ок жеп каза болду. Бул окту экинчи тарап, тагыраак айтканда, Атамбаев тарап аткан деген маалымат айтылып жатпайбы.

Замир Жоошев: Мен учурда мындай пикир менен макул эмесмин. Атамбаев өзү элдин, прессанын алдына чыгып, "мен гана ок аткам" деп айтканына карабай, мен макул болбойт элем. Себеби, 8-9-августта мен Кой-Ташка барып, ошол жерди көрүп келгем. Үч кабат үйдү кыдырып чыкканмын. Ал жерден мен экинчи кабаттан гана көп кою кандын изин көрдүм. Үчүнчү кабатта же тепкичтерде эч кандай кан жок ал жерде. Эгер тепкичте же үчүнчү кабатка көтөрүлүп бара жатканда адам өлгөндө, ал жерде кан болмок. Окко учкан спецназды экинчи кабаттын бир бөлмөлөрүндө атса керек. Менин жеке оюмда Атамбаев аткан эмес деп жатам.

Сүрөттүн автордук укугу DAMIEN MEYER
Image caption Замир Жоошев: Биздин өлкөнүн жарандары Жогорку соттун өкүмү чыкса, БУУнун Адам укуктарын коргоо боюнча комитетине кайрылууга угугу бар.

Би-Би-Си: Жүрөгүнө ок жеп, курман болгон адам талашсыз факт болуп жатпайбы. Анда ал кандай болушу мүмкүн? Атамбаев "курал менде гана болгон. Мен гана аткам" деп жатат. Анын ушул сөзү "ал кишини мен аттым" дегенди түшүндүрбөйбү?

Замир Жоошев: Мен мындай деп жатам. Атамбаевде курал болгон. Ал аны өзү да айтып жатат. Бирок элде курал болгон эмес деди. Бул жерде балким, элде курал болгондур. Мүмкүн элде болбосо дагы спезназдын өзүндө ок атуучу курал болгондур. Ал куралды эл тартып алып, ошону менен атып салгандыр. Балким аны Атамбаев эмес, элдин арасынан бирөө аткындыр.

Би-Би-Си: Сиз Атамбаевдин тарапташтарынан кимдерди жана канча кишини жактап жатасыз?

Замир Жоошев: Бүгүнкү күндө мен КСДП партиясынын өкүлү катары жана Атамбаевдин жанында жүрүп, пресса менен байланышты түзгөн журналист Кундуз Жолдубаева күбө катары суралып жатканда, аны коргоп жатам. Ошондой эле, анын жансакчысынын бирөө күбө катары суралып жатканда жактоочусу болуп жатам.

Би-Би-Си: Анын деп калдыңыз. Кимдин жансакчысы?

Замир Жоошев: Атамбаевдин жансакчысы.

Би-Би-Си: Эми тергөө, соттук иштер кандай болот деп ойлоп жатасыз?

Замир Жоошев: Менимче Атамбаевге негизсиз көптөгөн айыптар коюлат деп ойлойм. Анан сөзсүз түрдө бир тараптуу тергөө жана сот өтөт го деген ойдомун. Кырдаал азыр ошондой.

Би-Би-Си: Али сот баштала элек. Эч кандай бүтүм чыгарууга негиз жок учурда эмнеге мындай деп ойлоп жатасыз?

Замир Жоошев: Өткөндө президент 8-августта да парламентке барганда айтып кетти. Буга чейин "Атамбаев күбө болсо, эми ал айыпкер катары кармалат" деп. Ал киши тергөө болмоюнча айыпкер деп айтылышы туура эмес болду. Ушул дагы менин оюмдун негизи болуп жатат.

Би-Би-Си: Бирок ошол эле учурда тергөө, укук коргоо органдары, сот иштери мыйзам чегинде, мыйзамга ылайык чечилет деп айтып жатпайбы. Сиз ынанган жокусузбу?

Замир Жоошев: Буга мен макул эмесмин. Себеби, соттук системанын ичинде жүрөм. Өз ишимди мен дайыма системанын ичинде көрүп жүрөм. Мындай иштер боюнча мыйзамдын аткарылышы күмөн санатат.

Би-Би-Си: Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары керек болсо эл аралык уюмдарга, ошол эле Бириккен Улуттур Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылабыз деген маалыматтарды айтып жатканы белгилүү болду. Бул негиздүүбү?

Замир Жоошев: Бул негиздүү. Сөзсүз түрдө биздин өлкөнүн жарандары Жогорку соттун өкүмү чыкса, БУУнун Адам укуктарын коргоо боюнча комитетине кайрылууга угугу бар.

Би-Би-Си: 2016-жылы Кыргызстандын Баш мыйзамы өзгөртүлгөндө эл аралык адам укугун коргогон уюмдар, башка уюмдар Кыргызстандын соттук иштерине жана башкага кийлигише албайт деп жазылган да. Алардын бүтүмү, жыйынтыктары жөн гана сунуш иретинде кабыл алынат деп мыйзамга өзгөртүү кирбеди беле. Бул жагы кандай болот?

Замир Жоошев: Ошондой эле болуп калат. Эл аралык соттун чечими чыкканда деле "мыйзамсыз болду же адилетсиздик менен сот өкүмдөрү чыкты" дей турган болсо, ал сунуш катары эле кабыл алынып, ал деле аткарылбайт го деген ойдомун. Бирок тарыхта калат. Ташка тамга баскандай калат. Тарых тараза, убакыт тараза деген ойдомун.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар