Кумтөр: Эки жылда өкмөт эмнеге жетише алды?

Кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold компаниясы стратегиялык келишимди күчүнө киргизүү боюнча бир пикирге келди. Келишимге экс-премьер-министр Сапар Исаковдун учурунда кол коюлуп, өкмөт башчы алмашкандан кийин кайра кароого өткөн. Аны Абылгазиев, мурдакы өкмөт кол койгон стратегиялык келишимдин шарттары канааттандырбай турганы менен түшүндүргөн.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

"Кумтөр" соңку он жылдагы эң чоң экономикалык долбоорлордун бири болду. Өкмөт алмашкан сайын келишимди кайра карап чыгуу маселеси жаралып, бирок олуттуу деле жыйынтык чыкпай келет. Акыркы жолу 2017-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаковдун учурунда жаңы стратегиялык макулдашууга кол коюлган.

Ага ылайык кыргыз өкмөтү, "Центерра" ишканасы өлкөгө экологиялык олуттуу зыян алып келди деген 2013-жылкы миллиондогон доллардык доосунан баш тарткан.

Анын ордуна "Центерра" онкологиялык кызматты жакшыртууга 10 миллион доллар, жаратылышты коргоого 50 миллион доллар бөлүп берүүгө макул болгон. Бирок ошол учурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун "Кумтөр" боюнча түзгөн макулдашуусунда көп кемчиликтер бар экенин айтып, Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары сындап чыккан.

Келишимдеги өзгөрүүлөр

Сапар Исаковдон кийин өкмөттүн башына келген Мухаммедкалый Абылгазиев "Кумтөр" кени боюнча жаңы келишим каралып жатканын айтып, бирок эки жылдан бери долбоор боюнча макулдашууну аткаруу мөөнөтү улам узартылып келди.

Буга чейин түзүлгөн стратегиялык келишимди күчүнө киргизүү боюнча кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold компаниясы жакында гана бир пикирге келгендей болду.

"Макулдашууга ылайык, жаратылышты өнүктүрүү жана онкологияга колдоо көрсөтүү фонддоруна төлөмдөр жүргүзүлөт. Андан тышкары компанияга кошумча төлөмдөр милдеттендирилет. Тагыраагы, аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна келишимге кол коюлгандан беш күндөн кийин 5 млн доллар өлчөмүндө каражат которуу, ал эми жыл ичинде дагы 5 млн доллар которууга макулдашылган. Андан тышкары, ошол эле фондго ай сайын Kumtor Gold компаниясынын дүң кирешесинин 0,4 пайызы которулуп турат. Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 1 млн доллар өлчөмүндө жыл сайын төлөм жүргүзүлөт. "Кумтөр" кенинде эки жылдын ичинде 16 млн доллардан кем эмес суммада геологиялык чалгындоо программалары каржыланат",- деди өкмөттүн басам сөз жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL

Тоо кенчилер жана геологдор бирикмесинин өкүлү Дүйшенбек Камчыбековдун айтымында, өкмөт менен Centerra Gold компаниясы мунасага келүүдө чоң деле өзгөрүүлөрдү байкоого болбойт. Макулдашуу боюнча бүдөмүк бойдон калып жаткан маселелер дале арбын.

"Азыркы өкмөт сүйлөшүүлөрдөн улам 27 млн доллардын тегерегинде кошумча каражатка жете алдык деп жатат. Бирок чын-чынына келгенде булар 11 млн доллардан ашыгыраак гана суммага макулдаша алышты. Анткени өкмөт геологиялык чалгындоого бөлүнүп жаткан 16 млн долларды дагы кошуп эсептеп жатат. Мындай болбошу керек. Жөнөкөй эле мисал, эгер киши уй сатып алып саап ичем десе, аны багат, чөбүн, жемин камдайт. Ошол сыяктуу эле чалгындоо жана калыбына келтирүү иштерине кеткен каражат мамлекетке бөлүнүүчү акчага кошулуп эсептелбейт. Ошондо сот өлкөгө келтирилген чыгымдар 100 млн доллардан кем эмес сумма деп чыгарып берип жатса, компаниянын бардык каржылоосун кошкондо 86 млн доллардан гана бир аз ашып жатат. Ал эми калган суммалар кайда?",- деди Камчыбеков.

"Өкмөт бир пикирге келүүгө мажбур болду"

Геолог кыргыз өкмөтү Centerra Gold компаниясы менен бирдиктүү бир пикирге келүүгө мажбур болду деп эсептейт. Себеби, Кумтөр Кыргызстандын бюджетин түзүүчү негизги ишканалардын бири болуп саналат.

"Азыркы өкмөт башчы келгенден бери келишим 8 жолу узартылды. Эгерде бул жолу дагы кол коюлбай калса Centerra Gold компаниясынын кыргыз өкмөтүнө болгон ишеними кетмек. Centerra ишканасы буга чейин эле акцияларын Кытай компаниясына сатып жиберүү жагын караштырып келген. Биздин 26,6 пайыз үлүшүбүз болгон күндө дагы чечим кабыл ала албайбыз. Себеби , убагында шарттар ошондой түзүлүп калган",-деди Камчыбеков.

Белгилей кетсек, буга чейин Лондондо катталган "Чаарат Голд Холдинг" компаниясы канадалык "Центерра Голд" ишканасына анын "Кумтөрдөгү" үлүшүн сатып алууну сунуштагандыгы тууралуу маалыматтар тараган.

Кумтөр ишке берилген алгачкы жыл

Советтер союзу учурунда Кумтөрдө 700 тоннадан ашык алтындын кору бар деп эсептелип келген.

Кен алгачкы жолу мурдагы президент Аскар Акевдин тушунда канадалык "Камеко" ишканасына иштетүүгө берилген. Биринчи жолу алтын 1997-жылы казылып алынып, келишимде жалпы кирешенин 60 пайыздан ашыгы Кыргызстанга таандык деп көрсөтүлгөн. Бирок келишимдин алкагында канадалык компания бир гана жолу түшкөн кирешенин эсебинен мамлекеттик бюджетке каражат которбосо, көпчүлүк учурда чыгаша болдук деп кирешесин жашырып келген.

"Камеко" 2003-жылы өзүнүн үлүшүн жаңы негизделген "Центерра Голд" ишканасына сатып жибергенден кийин дагы Кыргызстандын акциясы бир нече жолу өзгөргөн.

Сүрөттүн автордук укугу Сүрөттүн автордук укугуANDREW CABALLERO-REYNOLDS

Азыр компания ишин жүргүзүп жаткан 2009-жылкы келишимге ылайык, Кыргызстандын "Центерра Голддогу" үлүшү кайра 33 пайызга көтөрүлгөн. Бирок 2018-жылы "Центерра Голд" Түндүк Америкадан жаңы кен сатып алганын жүйөө келтирип, Кыргызстандын акциясын 26,6 пайызга чейин төмөндөткөн.

Адистердин айтымында, 2009-жылы түзүлгөн келишимди жокко чыгарбай сактап калуу Кыргызстан үчүн дагы керек. Ага ылайык, кирешеге же чыгашага карабастан өндүрүлгөн алтындын суммасынын 13 пайызы республикалык бюджетке, 1 пайызы Ысык-Көл фондуна берилип турат.

Тектеш темалар