Ракка чалдыккандар: дарыга жетпей кыйналдык

"Ракка каршы бирге" коомдук фондусунун мүчөлөрү Сүрөттүн автордук укугу Social media

Кыргызстанда ракка чалдыккан кыз-келиндер президент, Жогорку Кеңеш төрагасы жана өкмөт башчыга кайрылуу жолдошту. Анда парламент депутаттарынын ыңгайы үчүн олчойгон акчалар бөлүнгөнү жатканы сындалып, бюджеттик акчаларды калыс жана орду менен пайдалануу талабы коюлган.

Рак менен ооруган аялдар Жогорку Кеңештин эшик-терезесин, дааратканасын жаңылагандан көрө, ага кеткен акчаны бейтаптардын химия терапиясына жолдоону суранып жатышат.

Таалайкүлдүн баяны

Ысык-Көл облусунун тургуну Таалайкүл Сейитказиева жыйырма беш жыл бою мектепте мугалим болуп иштеп, айыл турмушун башынан кечирген бейкапар элеттик айым эле.

"Ракка чалдыкканымда 2015-жылы сентябрда билдим. Көкүрөгүм ооручу, бирок басылар деп 1,5 жыл жүрө бердим. Бир күнү такыр чыдабай калганда, Каракол шаарына келсем маммология деген жок экен, Бишкекке жөнөтүштү. Келип текшерилсем рак илдети деп чыгышты".

Ошол күндөн тарта Таалайкүлдун жашоосу күн сайын тирүүчүлүк үчүн күрөшкө айланды.

Операция болуп, төрт жолу химия терапиядан өтүп, кымбат даарылардан алып турду.

"Үй-бүлөм жакшы жардам берди. Үйдө болгон оокаттын барын саттык. Коколой эле үйүбүз калды, башкасын: мал-жандыкты, буюмдарды бүт сатканга туура келди".

Акчасы жок, айыгарына үмүтү да калбай баратканда ал аялдардын "Ракка каршы бирге" фондуна келип, моралдык колдоо таап, өзү сыяктуу тагдырлаш айымдар менен таанышты.

"Акча түтпөйт"

Учурда аталган фонд жүзгө жакын онкологиялык ооруга чалдыккан аялдардын башын бириктирет. Уюмдун жетекчиси Гүлмира Абдразакова өзү дагы рак менен ооруп, күрөшүн жеңген.

Азыр ал рак илдетин алдын алуу, оорусу өтүшүп кете элек айымдарга психологиялык жардам көрсөтүү менен алек.

Сүрөттүн автордук укугу Akipress

"Арабызда жаш келиндер бар. Даарыларынын бааларын айтайын. Герцептин дегенди алышат, баасы - элүү бир миң. Андан башка дагы дарылары бар. Ар бир жыйырма күндө 100 миң сомдон ашык акча кетет. Элестеткилечи, кандай үй-бүлө ошого түтөт. Байлары даарыланганы башка жакка кетип, карапайымдар эле кыйналып жатат. Мамлекет караш керек да",- деди Абдразакова.

Бул себептүү "Ракка каршы бирге" фонду жана "Курдаш" бейтаптар бирикмеси 2020-2022-жылдарга карата бюджетти бекитип жаткнада саламаттыкты сактоо тармагына көбүрөөк акча бөлүүнү талап кылышуда.

Өзгөчө рак менен ооругандарга дары-дармек алууда жеңилдик берүүнү суранып жатышат.

Эртелей пенсия

Кыргызстанда онкологиялык ооруга чалдыккандардын жалпы саны жыйырма жети миңге жетти. Алардын он сегиз миңи - аялдар, эки жарым миңи - балдар.

Өкмөт учурда рак менен ооруган адамдар пенсиясын эртелей алууга мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоорун даярдап жатканын Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Сүрөттүн автордук укугу Official

"Бул абдан жакшы демилге болуп жатат. Чынында онкопрепараттар абдан кымбат болуп жатат. Буга чейин ракка каршы дарылардын жеткиликтүүлүгү тууралуу маселе да болгон. Былтыр Кыргызстанга мындай кымбат дарыларды алып келүү боюнча жаңы эреже киргизип, ал маселени чечтик. "Атайын тизме" деп атап, алынып келине турган дарылардын тизмесин Саламаттыкты сактоо министрлиги беките турган болду. Сырттан дары ташыгандар ошол тизмеде бар дарыларды гана ташый алат. Дарылар өндүрүлгөн өлкөлөрдө колдонулуп, натыйжалуулугу далилденген болушу керек", -деди министр.

Ошентсе да онкологиялык дарты бар жарандар бийлик алардын муктаждыгына көңүл бөлбөй жатат деп, сентябрда мөөнөтсүз митинг, керек болсо ачкачылык жарыялоого чейин барабыз деп айтып жатышат.

Тектеш темалар