Билим берүү: бүтпөгөн мектеп көйгөйү

Жаңы окуу жылына чейин өлкө боюнча 9 мектеп ишке берилет. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Билим берүү министрлиги билдирди. Жылына ондогон жаңы мектептер курулганы менен өлкөдө агартуу мекемелеринин жетишсиздиги негизги көйгөйлөрдүн бири катары калууда.

Башка жылдардан айырмаланып быйыл Бишкектин мектептери окуучуларды электрондук тизме аркылуу кабыл алып жатат. Бирок адамдык фактордун таасирин азайтып, коррупция менен күрөшүүгө багытталган мындай ыкманын ийгиликтүү иштеп кетүүсүнө коомчулук дале ишене албай турат.

"Коррупция мектептен бери тамыр жайып кеткен. Балдарыбызды жакшы мектептердин бирине киргизели десек, директорлор бир миң долларга чейин сураган учурлар болот. Өзүңдүн аймагыңдагы мектептер дагы бала толуп калды деген шылтоо менен албай койгон учурлар көп эле. Анан айла жок тыйын бересиң. Быйыл электрондук кезекке туруу деп киргизип коюшту, бирок ал дагы кимдир бирөөлөр тарабынан башкарылат да. Алар ыпылас ишке барбайт деп ким кепилдик бере алат? ",- деди Бишкектин тургуну Назгул Танабаева.

Мектеп көйгөйү

Назгүлдүн айтымында, балдарды мектепке кабыл алуу бул тармактагы жалгыз көйгөй эмес. Эң негизги маселелердин бири мектептин жетишсиздиги.

"Жыл сайын мектеп жашына толгон балдардын саны өсүп жатат. Бир партада үчтөн отуруп билим алган учурлар болот. Эмне үчүн мамлекет бул маселени көзөмөлдөбөйт? Бир класста 40 бала окуйт. Өкмөт мектептердин санын көбөйтүп, мугалимдин ар бир балага жекече мамиле кылуусуна шарт түзүүсү керек",- деди Танабаева.

Билим берүү министрлиги өлкөдө дале мектептер жетишсиз болуп жатканын мойнуна алат. Алардын айтымында соңку жылдары билим берүү мекемелеринин санын көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. 2019-жылдын соңуна чейин спорт залдары менен чогу 39 мектеп ишке берилет. Бул республикалык гана бюджеттен бөлүнгөн каражатка курулуп жаткан объектилер. Андан тышкары донорлордун жардамы жана коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн каражаттарга кошумча корпустарды куруу пландалып жатат.

"Такталган план боюнча үч облустагы балдар көп окуган, мыкты делген мектептердин кошумча корпустарын курууга 800 млн сомго жакын каражат бөлүү каралган. Быйылкы жылдын 1-июлуна карата 15 млн сом акча бөлүнүп берилди. Учурда 15 кошумча корпус куруу боюнча документтер даярдалып жатат",- деди билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова.

Жан башына каржылоо системасы

Бирок адистер бир класста 40-50дөн бала окуп жатканына министрлик гана эмес, бүтүндөй мамлекет жооптуу дешет. Алар көйгөйдү өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы, ички миграциянын күч алганы менен байланыштырат. Кошумча билим берүү мекемелерин куруу көйгөйдү чечүүнүн негизги жолу эмес деди мурдагы билим берүү министри Ишенгүл Болжурова. Ошондой эле ал учурда мектептерде иштеп жаткан жан башына каржылоо системасын сындап өттү.

"Мектептин директорлору эмнеге бир класска 40-50дөн бала кабыл алып жатат. Анткени алар үчүн бул ыңгайлуу. Министрлик учурда жан башына каржылоо системасы менен иш алып барат. Бул ар бир кабыл алган баладан мектепке акча түшөт дегенди түшүндүрөт. Андыктан сапатка карабай көпчүлүк мектептер мамлекеттен которулчу тыйынга кызыгып, санына карап иш кылып калган".

Билим берүү министрлиги жан башына каржылоо дүйнө жүзүндө колдонулуп келе жаткан ыкма экенин жана кабыл алынгандан тарта Кыргызстанга дагы жакшы таасирин тийгизип жатканын айтат.

"Маселен, бир мектепте үч жүз бала окуйт деп коелу. Экинчи мектепте бир миң бала окуйт. Кимисине көп каражат кетет? Албетте, бала көп мектепке. Мурун министрлик баланын санына карабай мектептерди бирдей каржылачу. Азыр туура, баланын санына жараша каражат бөлүнөт. Бирок бул эң туура кадам. Жүз бала окуган мектепке деле, миң бала окуган мектепке деле каражатты тең бөлүү калыс болбой калат",- деди билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова.

Кыргызстан боюнча 2265 мектеп бар. Анда 1 млн 268 миң бала билим алат. Билим берүү министрлигинин айтымында, мектеп жетишсиздигин жоюу үчүн дагы 200дөй имарат курулушу керек. Учурда 198 мектеп авариялык абалда.

Адистер билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн каржылоого өзгөчө көңүл бурулушу керек дейт. Кыргызстан билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында көпчүлүк учурда Финляндиянын тажрыйбаларын колдонуп келет. Бирок аталган өлкөдө бир баланын билим алуусуна мамлекет тарабынан бир жылга 12 миң доллардын тегерегинде каражат каралса, Кыргызстанда орто эсеп менен 18 миң сомдон ашуун каражат бөлүнөт.

Тектеш темалар