Атамбаевге карата сот чечими өзгөрүүсүз калды

Кыргызстандын мурдакы президенти Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын караган Бишкек шаардык соту мурунку чечимди күчүндө калтырды. А.Атамбаев 26-августка чейин абакта калды.

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев "алды менен сот Атамбаевдин кармап келүүнүн өзү канчалык мыйзамдуу болгонун карашы керек эле" деп билдирди.

"Биз бул боюнча шаардык сотко кайрылганбыз. Бирок Бишкек шаардык соту дагы мыйзамды одоно бузуу менен райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Сот отуруму жабык өттү. Мыйзам боюнча ачык өтүш керек жана муну шаардык соттун өзүнүн эле 14-августта чыккан аныктамасы бекемдеп берет. Ал жерде бул маселе ачык сотто каралсын деп айтылып жатат. Сот бир гана учурда сыртка чыгуу жолу менен ар кандай маселелерди карай алат. Эгерде күбө же жабырлануучу оор абалда ооруп жаткан болсо. Бүгүнкү күндө андай жагдай жок",-деди Замир Жоошев.

Сот отуруму УКМКнын имаратында жабык өтүп, ага мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаева жана уулу Кадырбек Атамбаев дагы киргизилген жок. Отурум жүрүп жаткан учурда сыртта Атамбаевдин онго чукул тарапташы аны бошотуу талабын билдирип турду.

"Жабык жайда каалагандай чечим чыгаруу үчүн акыркы мүнөттөрдө соттук отурумду УКМКнын имаратына которуп жиберишти. Андыктан жакшы чечим чыгат деп күткөн жокмун. Бирок эртеби же кечпи атам менен сөзсүз көрүшөм. Биздин адвокаттар башынан эле атама каршы жасалып жаткан бардык аракеттер мызамсыз экенин айтып келе жатат. Мындан ары абал кандай болот көрө жатабыз",- деди уулу Кадырбек Атамбаев.

УКМКнын имаратынын алдында журналисттерге сүйлөп жатып, Раиса Атамбаева өлкөдө болуп жаткан окуяларга көз жумуп, мындан ары үн катпай отура берүү мүмкүн болбой калды деди.

"Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарын массалык куугунтуктоо жүрүп жатат. Үй бүлө мүчөлөрү, балдарыбыз, жакын туугандарыбыз куугунтукталып жатат. Атамбаевдин тун уулу Сейитбек Атамбаев катуу сабалды. Аны күндө УКМКга суракка чакырып жатышат. Учурда ага гипс коюлуп, таяк менен жүрөт. Биздин үй бүлөнүн жакын жээндеринин бирине эки кылмыш иши ачылды. Кудабыздын үйүн тинтүүгө алышты. Ондой милиция кызматкери үйгө кирип сапырып чыгышты. Эч кандай документ дагы көрсөтүп коюшкан жок. Учурда "Ала-Арча" резиденциясындагы биз жашаган үйгө кирүүгө тыюу салынып, мөөр басылды. Кирип кийим-кечелерибизди ала албай жатабыз. Бир нерсени айтып коеюн, ал үй толугу менен өз каражатыбызга бүткөрүлгөн. Андан тышкары 2002-жылдан бери, Акаевдин тушунан бери иштеп келген банк эсебибиз камакка алынды. Учурда биз жашап жаткан Кой-Таштагы үйүбүзгө дагы мөөр баса турганына көзүм жетип турат",- деди Раиса Атамбаева.

Май айында С.Жээнбеков мурдагы президентти жоопко тартууга жол ачкан мыйзамга кол койгон. Көп өтпөй 27-июнда өлкөнүн парламенти Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратты. Атамбаев кримтөбөл А.Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча күбө катары суракка чакырылган эле. Муну мурдагы президент саясий куугунтук катары мүнөздөп, суракка баруудан баш тарткан.

7-августта кечинде УКМК Кыргызстандын мурдакы президенти Алмазбек Атамбаевди күч менен суракка алып келүү аракети ишке ашпай калып, өлкөдөгү саясий кырдаал чыңалган. Бир нече киши жаракат алып, атайын багыттагы аскер бөлүгүнүн офицери каза тапкан.

8-август күнү Атамбаевдин тарапташтары менен милиция күчтөрү ортосунда кагылышуу болду. Жүзгө чукул киши жаракат алган. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев кармалып, УКМКга алып келинген.

Башкы прокурора Атамбаевге "куралды мыйзамсыз жүгүртүү", "киши өлтүрүү", "массалык башаламандык уюштуруу" беренелери менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Бул өтө оор беренелер.

Башкы прокуратура тарабынан атайын мекемелер аралык тергөө тобу түзүлүп, аны иликтөө ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылган. Учурда алты кызматкерди барымтага алуу жана массалык башаламандык уюштурган деген шек менен Ф.Ныязовго, К.Исмаиловго, А.Кылычовго, А.Жамгырчиевге Шаменовго кылмыш иши козголуп, 8-октябрга чейин камакка алынды.

Тема боюнча башка макалалар