А. Бекматов: Шайлоо мыйзамдары бирөөнүн эмес, бардык тараптын ыңгайы үчүн жаңыртылды

"Шайлоо мыйзамдары жетиштүү ийленди" Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption "Шайлоо мыйзамдары жетиштүү ийленди"

Президент Сооронбай Жээнбеков бул аптада шайлоо боюнча мыйзамдар топтомуна кол койду. Жаңыртылган шайлоо мыйзамдары бүгүн "Эркин Тоо" гезитине жарыяланып, күчүнө кирди. БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов жаңы өзгөртүүлөрдү Би-Би-Сиге чечмелеп берди.

А. Бекматов: Президенттик кызмат ордуна талапкерлерге кол топтоодо атайын бир үстүңкү чек коюлду. Буга чейин талапкер отуз миңден кем эмес жарандардын колун топтоп келүүсү керек болсо, кээ бир талапкерлер беш жүз миң, айрым учурларда миллионго чейин адамдардын кол тамгасын алып келишчү. Аларды текшерүү көп убакыт алчу. Эми отуз миңден кем эмес, алтымыш миңден көп эмес деген ченем киргиздик.

Парламенттик шайлоо боюнча өзгөртүүлөр: саясий партиялар шайлоо дайындалган күндөн жок дегенде алты айдан кем эмес убакта Юстиция министрлигинен каттоодон өтүшү керек. Мурда андай чек жок эле. Шайлоого бир ай калганда деле түзүлө калып, шайлоого катышууга укук алышчу. Эми эл арасында салмагы бар, буга чейинки кичине болсо да тарыхы бар партиялар катышсын деген чара болду.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Жээнбеков президент болору менен шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр сунуштады

Президенттикке талапкерлерди жана саясий партияларды жарыштан четтетүү боюнча эрежелер өзгөрдү. Мурда БШК алар тарабынан үгүт иштеринде тартип бузуу же башка шайлоо мыйзамдарын карманбаса бир эле жолу эскертүү берип же дароо эле шайлоо өнөктүгүнөн чыгарып салышчу. Эми эскертүү, андан кийин айып пул салып, андан кийин гана каттоосун жокко чыгарышат.

Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоодо коюлчу күрөө акысын кайтаруу боюнча жаңы чаралар кирди. Шайлоо фонддору тууралуу чоң өзгөртүүлөр бар. Президентке талапкерлердин шайлоо фонддору 200 миллион сомдон ашпасын деген чек коюлду, мурда андай чек жок болчу. Ал эми саясий партияларга шайлоо фонддорундагы каражат 300 миллион сомдон ашпаган каражат болсун делди.

Административдик ресурс колдонуу боюнча чаралар катаалданды, жаза мыйзам бузуулардын деңгээлине жараша болот. Айып пул салынат же Жоруктар тууралуу кодекске ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Шайлоо мыйзамдары кабыл алынгандан кийин Кылмыш жана Административдик кодекске кошумча өзгөртүүлөр пакети даярдалды.

Би-Би-Си: Шайлоо тууралуу жаңыртылган мыйзамдар ичинен эң эле олуттуусу "Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо тууралуу" мыйзамы болду. Аны өзгөртүүгө парламенттин өзүнөн эле төрт-беш сунуш болду эле. Бирок президенттик аппарат жетектеген жумушчу топтун сунушу өттү. "Бийлик варианты өтүп кетти" деген сындар болуп жатат?

А. Бекматов: Саясий жагын билбейт экем. Бирок жумушчу топтун мүчөсү катары айтат элем, бул өзгөртүүлөр бирөөлөрдүн ыңгайы үчүн эмес, тескерисинче шайлоо процесстеринин бардык катышуучуларына жана шайлоону уюуштуруучулардын жоопкерчилигин жогорулатуучу нормалар кирди. Талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоо комиссиялары үчүн дагы тийиштүү чаралар камтылды. 25 депутат бир вариантты сунуштап жатканын өзгөчө бөлүп карагандар болуп жатат. Бирок мен Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты катары айта алам, мындай жыйырма-отуз депутат демилгечи болгон мыйзамдар көп эле бизде. Бул жерде эми шайлоо мыйзамдарынын топтому болуп жатпайбы. Депутаттар шайлоо процесстеринин активдүү катышуучусу болгондуктан, шайлоо тууралуу мыйзамдарды өзгөртүүдө четте калган жок.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Жогорку Кеңеш мыйзамдар топтомун эс алууга чыгар алдында кабыл алды

Би-Би-Си: Шайлоо тууралуу мыйзамдар топтому Жогорку Кеңеште 27-июнда кабыл алынды. Ошол күнү парламент дагы бир маанилүү - Атамбаевден экс-президенттик макамды алуу маселесин карады эле. Мындан улам мыйзамдар жакшы талкууланбай, чийки кабыл алынып калган жокпу?

А. Бекматов: Эми бул эки олуттуу маселе бир күндө каралса деле, мыйзамдар топтому 1,5 жылдай даярдалбадыбы. Тиешелүү бардык деңгээлде талкуулардан өттү. Жетиштүү ийленди. Анан үч окуудан кийин кабыл алынды. Акыркы окуу ошол июнь айынын соңуна туш келди. Бирок ага чейинки талкуулардын жүрүшүндө бир эле норма парламенттик комитеттерде эки-үч күндөп талкууланган болчу. Андыктан мыйзамдар шашылыш кабыл алынды дегенге кошулбайм.

Би-Би-Си: Шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр көбүнесе жергиликтүү кеңештеги шайлоолорго тийиштүү, парламенттик шайлогоо көп таасирин бербейт деп жатышат, туурабы?

А. Бекматов: Мыйзамдар тирүү организмдей эле да. Бүгүн кайсы бир нормалары өзгөрсө, эртең дагы башкасына өзгөрүү кирет. Мен жаңы өзгөртүүлөр буга көп, ага аз тийиштүү болуп калды дегенден алысмын. Депутаттарда сунуштарды ыргап алууда жетиштүү эле мүмкүнчүлүк болду. Экөөнө тең эле тийиштүү жактары бар. Бизге техникалык жактан, дегеле бардык тарапка ыңгай түзүш үчүн өзгөртүүлөр болду.

Маалымдама: Кыргызстанда жети шайлоо мыйзамына толуктоолор кирди. Алар: "Президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо тууралуу"; "Референдум өткөрүү тууралуу" конституциялык мыйзамы; "Шайлоо комиссиялары жана референдум өткөрүү тууралуу"; "Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо тууралуу"; "Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу тууралуу"; "Борбор калаа макамы тууралуу"; "Ош шаарынын макамы тууралуу".

Тектеш темалар