Нур-Султанда Борбор Азия-АКШ мамилеси талкууланды

Нур-Султанда «Борбор Азия- АКШ» («С5+1») форматында жогорку деңгээлдеги жолугушуу болуп өттү. Сүрөттүн автордук укугу official

Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда шаршембиде «Борбор Азия- АКШ» («С5+1») форматында жогорку деңгээлдеги жолугушуу болуп өттү. Анда экономикалык коопсуздук, регионалдык коопсуздук көйгөйлөрүн чечүү боюнча кызматташтык талкууланды.

Бул жыйынга Казакстан, Ɵзбекстан, Кыргызстан, Тажикстандын жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери келди. АКШнын атынан Мамлекеттик катчынын саясий маселелер боюнча орун басары Дэвид Хейл катышты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, жогорку деңгээлдеги жолугушууда экономикалык коопсуздукту жана өнөктөштүктү колдоо, регионалдык коопсуздук көйгөйлөрүн чечүү, Борбор Азиядагы жана коңшу Афганистандагы тынчтыкка жана гүлдөп-өсүүгө көмөктөшүү боюнча аракеттер тууралуу пикир алмашуу болду.

Сүрөттүн автордук укугу official

Тараптар ошондой эле «С5+1» форматындагы кийинки министрлик жолугушууну пландоону талкуулашты жана коопсуздук, экономикалык байланыштар жана курчап турган чөйрө боюнча «С5+1» жумушчу топторунун алкагындагы учурдагы иш-чараларды белгилешти.

"Кызматташтыкты күчөтүүгө даярдык"

Бул жыйындын алкагында кыргыз тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШнын мамдепартаментинин өкүлү менен өзүнчө жолугуп, Кыргызстан-АКШ кызматташтыгы жөнүндө пикир алышты.

Расмий маалыматка караганда, "тараптар эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча кызматташтыкты күчөтүүгө даярдыгын билдиришти". Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндө базалык макулдашууга кол коюуну даярдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандырууга кызыкдарлык тастыкталды.

Сүрөттүн автордук укугу official

Америкалык тарап Кыргызстандагы демократиялык жол менен шайланган институттарды жана мыйзамдын үстөмдүгүн, ошондой эле КР Президенти С.Жээнбеков жүргүзүп жаткан коррупцияга каршы күрөштү колдоорун билдирген.

Кыргыз тарап өз кезегинде Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылган активдерди кайтаруу маселесинде кызматташууну улантууга кызыкдар экенин билдирди. Андан сырткары, инвестициялык кызматташуу, америкалык бизнести Кыргызстанга тартуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле регионалдык коопсуздук маселелери талкууланды. (КС)