Чалды-куйду жүрүп жаткан курулуштар

Биринчи май районунун айрым тургундары аймакта кээ бир курулуштар мыйзамсыз жүрүп жатканын айтып, ага чара көрүү талабы менен жыйынга чогулушту. Бул борбордо курулуш маселесине байланыштуу жаралган алгачкы гана нааразылык эмес. Бишкектеги башаламан курулуштар тууралуу буга чейин дагы тургундар байма-бай айтып келишкен. Атүгүл парламент депутаттары курулуш иштерин жүргүзүүдө башкы план одоно бузулуп жатат деп, жооптуу кызматтарды сындап келе жатканы маалым.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Биринчи май районунун тургундары учурда Токтоналиев жана Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан балдар аянтчасын сактап калуу үчүн жан үрөп жаткан чак. 2004-жылы аталган аймак балдардын маданий борборун жана музыкалык мектеп курууга берилген. Бирок жер тилкеси колдон колго өтүп жатып, кийин кайсыл бир жеке ишканага бизнес борбор ачуу үчүн сатылып кеткен. Алар 2016-жылы аймактагы элүүдөй бак дарактарды кыюуга уруксат алган.

"Кимдир бирөөлөр бизди маселени ыгы жок курчутуп жатат деп ойлошу мүмкүн. Бирок ошол райондун миңдеген тургундары үчүн ал сквердин мааниси чоң. Ал жактан биздин балдар ойношот, кишилер сейилдешет. Жүрүп жаткан башаламандыкты көрүп туруп кандип кол куушуруп отуруп алабыз. Сквер бизге абадай эле керек. Үч жылдан бери тургундар ушул көйгөй менен алышып келе жатабыз. Балдар аянтчасы үчүн биз эмнеге ушунчалык күрөшүшүбүз керек. Ал милдеттүү түрдө болушу керек эмеспи?",- деди жергиликтүү тургун Дина Актемирова.

Сөз болуп жаткан компания менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Бирок Биринчи май районунун башкармалыгы учурда маселени чечүүнүн үстүндө иштеп жатканын айтышты. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жүрүп жаткан курулушта мыйзам бузуулар бар экенин аныктап, ишти токтотуу боюнча компанияга талап койгон. Район жетекчилиги тарабынан бактарды кыюуга болбойт деген акт түзүлгөн.

Курулуштагы чар-жайттык

Адистердин айтымында, мыйзамсыз курулуш иштери көңүл бура турган шаардагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири. Бул коррупциялык гана эмес, юридикалык дагы башаламандыкка айланды. Шаар боюнча көпчүлүк курулуш иштери чалды-куйду жүрүп жатат деген укук коргоочу Светлана Антропова, мунун негизги себептеринин бири шаарды деталдык пландаштыруу, жер тилкелерин туура бөлүштүрүү жөнгө салынбагандыгында деди.

"Учурда мэрияга, Мамлекетти курулуш агенттигине бир топ сунуштарды жолдодук. Бул органдар курулуш иштерин кварталдык пландоо ыкмасы менен жүргүзүшү керек. Жер кодексинде дагы ушундай деп жазылган. Бош жер болсо эле баса калып курулуш жүргүзгөн туура эмес. Маселен, кайсыл бир райондо советтер союзунан калган эски үйлөрдү сатып алып, ошолордун ордуна көп кабаттуу үйлөрдү сала беришсин. Учурда мэриядан жооп күтүп жатабыз. Мыйзамда дагы азыркыдай жай чарба эмес, курулуш иштери комплекс болуп, кварталдык ыкма менен салынышы керек деп жазылган".

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL

Инвентаризациялоо чечими

Токтоналиев көчөсүндө жаралган көйгөй, деги эле Бишкектеги мыйзамсыз курулуш иштери кечээ мэриянын координациялык кеңешинин жыйынында дагы көтөрүлдү. Анда Бишкекте курулушка берилген жер тилкелеринин мыйзамдуулугун текшерүү жана инвентаризациялоо чечими кабыл алынды.

"Учурда бош турган жерлер такталып жатат. Эртең ошол жерлерди дагы бирөө ээлеп алып, курулуш иштерин жүргүзбөсүн деген таризде документтерди даярдап, атайын бактар отургузулуп, балдар аянтчасы, скверлер салынып жатат",- деди Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption Мавлян Аскарбеков

Бишкекте жана шаардын чет жакасындагы жер тилкелеринин көбү өлкө жаңы эгемендик алган жылдары жана эки төңкөрүлүштөн кийин мыйзамсыз жол менен берилип кеткен. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалыматына ылайык, учурда Бишкекте мыйзамсыз курулган 40 объект аныкталып, 26 объектинин курулушуна тыюу салынды.

Тектеш темалар