Мугалимдердин эмгек акысы 30 пайызга көбөйөт

Мектеп

1-октябрдан баштап мектеп мугалимдеринин эмгек акысы отуз пайызга көбөйөт. Бул жөнүндө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү Ысык-Көлдө өтүп жаткан мугалимдердин август кеңешмесинде жарыя кылды.

Премьер-министр мугалимдердин кеңешмесинде билим берүүнүн стратегиялык мааниси, өкмөттүн саясаты, мугалимдин аброюн көтөрүү жөнүндө көпкө сүйлөдү. "Мектеп салбасаң, түрмө саласың" деп Бисмарктын сөзүн эске салды.

Бирок сөзүнүн акырында бардык мугалимдердин оюнда турган эң орчундуу маселеге токтолуп, өкмөт эмгек акыны 1-октябрдан баштап 30 пайызга көтөргөнү жатканын айта кетти.

Чынында мугалимдердин эмгек акысы акыркы жолу көбөйгөнүнө беш-алты жыл болду. Андан бери кымбаттаган жашоо деңгээлине мугалимдердин эмгек акысынын өлчөмү жооп бербей калды.

Мамлекет мугалимди коомдогу эң абройлуу кесиптин катары урматтап, камкордукка алуу керек деген менен чынында алардын түйшүгү түмөн, кечке мектепте жүрөт, бирок тапкан ташыганы жагынан тырмак боеп же чач жасагандарга караандабайт дагы.

Мугалимди колдоо үчүн мурда совет заманында мамлекет үй алууга жардамдашып, отун-суудан жеңилдик берип келген. Эгемендик доордо мугалимдерге баштагыдай жеңилдиктер жок, ал эми ипотека менен үй алганга чамасы жеткендер чанда.

Мугалимди социалдык жактан колдоо чаралары "Мугалимдин статусу жөнүндө" мыйзамда каралган, бул иштер жергиликтүү бийликке жүктөлгөн. Бирок жергиликтүү бийликтин көбү өздөрү республиканын дотациясында отурат.

Ошого карабай, өмүр бою ушул кесиптин ысык-суугуна чыдаган кесипкөй мугалимдер мектепти кармап турат. Алардын арасында бала окутууну акча үчүн эмес, өзүнүн жашоодогу миссиясы катары карагандар арбын.

Быйылкы жылы мектепке педагогикалык окуу жайын бүтүргөн бир жарым миңден ашык жаш мугалим бөлүндү. Алардын канчасы мектепке туруктуу байырлайт, айтыш кыйын.

Тектеш темалар