Текебаевдин ишинде "тараза ташын" басты деген беш жагдай кайсылар?

Өмүрбек Текебаев
Image caption Өмүрбек Текебаев

Саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун иши кайрадан каралаары маалым болгондон кийин эки саясатчынын баш коргоо чарасы кандай болот, кайсы жаңы жагдайлар чыкты деген сыяктуу суроолор талкууланууда.

Аталган саясатчылардын ишин Жогорку Сот кайрадан кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жолдоду. Ошол замат эле эми бул айыпкерлердин баш коргоо чаралары кандай болот деген суроо да кошо чыкты. Өмүрбек Текебаевдин ишинде 3-4 адвокат иштеген эле.

"Жогорку Сот ишти кайра кароо үчүн шаардын Биринчи май райондук сотуна ишти жолдоду. Эми райондук сот ишти өндүрүшкө алган соң жаңы кодекске ылайык үч күн ичинде баштапкы угуунун датасын белгилейт. Эгерде Текебаев, Чотонов же жактоочулары биз баш коргоо чарасын кароо боюнча өтүнүч берсек, анда ал каралат. Мыйзам боюнча ушундай",-деди жактоочулардын бири Таалайкүл Токтакунова.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images/DAMIEN MEYER
Image caption Текебаевдин тарапташтары соңку ишти сот адилеттигинин алгачкы кадамы деп сыпаттаганы менен сот системасы терең кризисте экенин айткандар андан арбын.

Текебаев ушул убакта борбор калаадагы ооруканалардын биринде дарыланып жатат. Дүйшөн Чотонов болсо абакта.

Жогорку Сотто иш каралып жатканда эки саясатчынын ишин кайра кароого негиз катары жактоочулар жаңы ачылган жагдайларды келтирди.

Би-Би-Си адвокаттын айткандарына таянып, ишти кайра кароого негиз болду деген беш жагдайды кыскача тизмектеди:

1. Модин аттуу адам барып жолукканын айткан Ак үйдөгү иш бөлмөнүн Текебаевге эч кандай тиешеси жок. Жактоочулар муну жокко чыгаруу үчүн убагында иш башкармалыктан ырастама кат ала алышпаганын, ал кат эми гана колго тийгенин айтып жатышат.

2. Акчасын алдатып жибергенин айткан Маевский, Модин аттуу адамдар Текебаев жана Чотонов менен Бишкектен алыс эмес жердеги "Супара" этно-комплексинде да жолукканын айткан экен. Жактоочулар алардын кайда басып, кайда жүргөнүн аныктоочу программанын негизинде Текебаев да, Чотонов да ал күнү ал жерде болбогонун, ал эми доогер тарап өзү да шаар борборунда гана жүргөнүн тастыктаган далил алышканын айтууда.

3. Борбор калаадагы "Хаят" мейманканасына жаткан делген Маевскийдин аты-жөнү, паспорттогу негизги маалыматтары такыр башка адамдыкы болуп чыгып, буга чейин негизги факт деп саналган эски далил жокко чыгууда. Адвокаттын жүйөсүндө фамилиясы менен аты окшош, ал эми атасынын аты жана башка негизги маалыматтары такыр эле төп келбеген башка адам ошол мейманканада жатканына далил бар.

4. Д. Чотонов ал күнү Бишкекте эмес, тик учак менен Ошко учуп кеткени кынтыксыз ырасталды деген маалымат.

5. Бул ишке тиешеси жок башка эле адвокат кийлигишип, кийин анын кийлигишүүсү мыйзамсыз экени тастыкталып, лицензиясы эки жылга токтотулганы тууралуу кабарыбыз бар дегени.

Текебаев 2017-жылы чет өлкөдөн учуп келе жатып, аба майданынан кармалган. Ал ошол күндөн тарта өзүнө коюлган айыптарды кескин четке кагып келди. Бирок айрым саясатчылар, юристтер да Текебаев өзү түзгөн системанын кемчиликтеринин азабын тартты деп жүрүшөт.

Би-Би-Си июнь айында Өмүрбек Текебаевге ооруканада жолугуп, кенен маек курган эле. Толугу менен бул жерден көрүңүз:

Текебаев Би-Би-Сиге курган соңку эксклюзивдүү маегинде сот адилеттиги, адам укуктарынын абалы тууралуу да сөз кылган эле.

"Соттор адилетсиз экенин мурда эле билет элек. Тергөөчүлөр өз кызыкчылыгы үчүн адам укугун бузаарын да билет элек. Бирок, мен мынчалык деп ойлогон эмесмин. Мына, кара менен ак турат дейли. Баары акты ак, караны кара деп айтып, көрүп турат. Анын фотографиясы да турат. Сот ошону теңирден тескери чыгарып коюп жатпайбы. Мен мындай болот деп ойлогон да эмесмин. Эл аралык уюмдардан бери көз салып, карап турган резонанстуу иш ушундай болуп жаткан соң башка иштер эмне болот?",-деген Ө.Текебаев.

Текебаевдин акча алганын көрүп же колунан кармап албаса да кабары бар экенин айтып келе жаткан саясатчылар да бар. Эски партиялаштарынын бири катары белгилүү саясатчы телефон аркылуу эфирден сырткары деп айтып бергендери да убагында интернетке да тараган.

"Текебаев акчаны алган, бирок далилдөө кыйын" деген мазмундагы аудио коомдук сайттарга да чыккан эле.

Текебаевдин тарапташтары соңку ишти сот адилеттигинин алгачкы кадамы деп сыпаттаганы менен сот системасы терең кризисте экенин айткандар андан арбын.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар