Генералдар тирешиби же саясий куугунтукпу?

Курсан Асанов Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

ИИМ министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 13-октябрга чейин үй камагына алынды. Шейшембиде ал Аскер прокуратурасына беш саат сурак берип чыккандан кийин райондук сот анын бөгөт чарасын карады.

Асанов ИИМ ичиндеги бийлик талаштын курмандыгы болуп жатабы же бул саясий куугунтукпу деген талкуулар күчөдү. Себеби "өрт өчүргүч" атыккан генерал кезинде КСДП активдүү мүчөсү эле жана ага Кой-Таштагы окуялардан кийин кысым күчөгөнү айтылып жатат.

Курсан Асановдун ордуна ИИМге орун басар болуп келген Памир Асановдун Матраимовдор менен кудалык байланышы мындай талкууларды ого бетер күчөттү.

"Милиция кызыкчылыгын саткан..."

Соттун чечими боюнча Курсан Асанов үйүнөн саат 22:00-6:00 аралыгында чыга албайт. Генерал өзүнө тагылган айыптар боюнча соттон кийин комментарий берүүдөн баш тартты.

"Ага коюлган айыптар негизсиз, тескерисинче, Кой-Таштагы окуяларда ал идеалдуу, эң туура жана мыйзам чегинде иш алып барган. Ашыкча киши курмандыгы жок маселени чечкени үчүн аны сыйлаш керек болчу. Тергөө кызыкчылыгы деп тилим азыр кыска, бирок министрдин өзүнүн Атамбаев кармалган убактагы аракеттери текшерилиши керек деп айта алам", -деди Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн автордук укугу Tabyldy Kadyrbekov
Image caption Курсан Асанов 13-августта кызматтан алынды

Курсан Асанов Атамбаевди кармап келгенден кийин бир апта өтпөй, 13-августта кызматтан алынды. Ага Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы "мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын саткан жана ишеничтен кеткени аныкталды" деп чыгарган чечими себеп болгон.

"Кой-Таштагы ок-куралдары кармабашы керек эле. Тескерисинче, бүт баарын колу менен кармап тергөө иштерине тоскоол болуп калды. Бир аскер каза тапты, дагы бирөө жаракат алып, мына Москвада жатат, канчалаган кишилер жарадар болушту. Ошолордун баарына далил базасы болушу керек эле да. Эми аны ким далилдейт. Чоң күнөө кетиргени ошол", -деди ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев Би-Би-Сиге.

Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренеси "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" айыбы менен иш козголуп, аны Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.

"Кадимки интрига"

Ал арада "Адилет" укуктук клиникасы Кой-Таштагы 7-8-августтагы окуяларда мыйзамдуулук канчалык сакталган ар өңүттөн талдоо салып, анын ичинде Курсан Асановдун ишине да өзүнчө токтолот.

Эгер ал күндөрдөгү күч түзүмдөрүнүн операциясы күбө катары Атамбаевди күчтөп алып келүү үчүн гана жүргүзүлсө, анда эмнеге Курсан Асанов иштен алынган, деп суроо коет "Адилет".

Сүрөттүн автордук укугу Сүрөттүн автордук укугуVYACHESLAV OSELEDKO/AFP/GET

" Курсан Асановго олуттуу айыптар коюп, чуу менен иштен алуу, андан кийин министрдин бул тууралуу унчукпай жатышы, ал арада коомдук сайттар аркылуу ар кандай маалымат таратылып түшүнүксүз болуп атат, бул кырдаалды ого бетер курчутуп жатат. Курсан Асанов министрдин көзүнчө коюлган максатка жеткен. Ал чыңалган абалды андан да курчутпай күбө катары Атамбаевди суракка келүүгө көндүргөн. Асанов тарабынан Кылмыш кодексинин эч бир нормалары бузулган эмес. Күбө адамдын буюм-тайымдарын ИИМ имаратынан алып келүү мыйзам бузуу эмес. Атамбаевди кармоонун алдында ага жеке тинтүү да болгон эмес. Муну ИИМ жетекчилигиндеги кадимки интрига деп эле бааласа болот", - делет ал макалада.

Юристтер 22-августта Курсан Асановдун адвокаты Икрамидин Айткуловдун дагы Бишкек ШИИБ тарабынан кармалышына токтолгон. Айткуловго каршы арыз 2018-жылы сентябрда берилсе да, бир жыл бою эч чара көрбөй эми камакка алып жатканы айтылат.

Алдамчылык беренеси боюнча айыпталган жактоочу өзү да учурда үй камагында.

Курсан Асанов ким?

ИИМ жакында эле жаңыдан дайындалган министрдин орун басары Памир Асановдун буга чейин талкууга түшкөн Райымбек Матраимов менен туугандык байланышы бар экенин расмий ырастап чыкты.

Министрлик бул туугандык байланыштан саясат издебөөгө чакырганы менен коомчулукта ал абдан көп талкууларды жаратты.

"Ички иштер министринин орун басарынын орду өз кишилерине керек болду болуш керек. Анан жөн жерден бирөөнү кызматтан алуу болбойт да, соттошуп, кайра утуп алган кызматкерлер болуп атпайбы. Курсан Асановдун кетиши бийлик жетекчилерине ыңгайлуудур. Анан Раимдин жакынын бул жерге койсо баары бир байланыштуу болот да", -деди Атамбаевге тийиштүү КСДП мүчөсү Рита Борбукеева.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Курсан Асанов 2010-жылдагы июнь окуяларынан соң жалпы коомчулукка кеңири таанылат

53 жаштагы Курсан Асанов 90-жылдардын башынан бери милициянын катарында кызмат кылат. Асанов 1992-жылы милициянын атайын багыттагы бөлүгүнө кызматка алынган. Ошол жылдардан бери ИИМдин түрдүү кызматтарында иштеди.

2010-жылы Ош шаардык милициясына жетекчиси болуп дайындалып, көп өтпөй Бишкекке которулуп келген. Ошто июнь окуясы тутанып кетип, Курсан Асановду кайрадан Ошко жөнөтүшкөн. Мурда бир чөлкөмдө гана белгилүү болуп жүргөн Курсан Асанов 2010-жылдагы июнь окуяларынан соң жалпы коомчулукка кеңири таанылды десе болот.

Ош окуяларынан кийин Асанов генералдык наам алып, көп өтпөй КСДП менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Бирок жарым жылдан киийн мандатынан өз эрки менен баш тартып, ИИМ министринин орун басары болуп баш-аягы сегиз жыл иштеп келди.

Тектеш темалар